Кыргызстандык пианисттин окуясы Казакстандын бийлигинин калпын ашкереледи

Kloop.kg басылмасынын негиздөөчүлөрүнүн  бири. 

Акыркы аптада Казакстанда түрдүү окуялар болду, бирок кыргызстандык пианист Викрам Рузахуновдун кармалышы орчундуу орунда турат. Анан калса, бир гана Кыргызстан үчүн эмес — бул окуя Казакстандын бийлигинин нааразылыктар учурундагы билдирүүлөрүнүн чын-төгүнүн түшүнүүдө чечүүчү мааниге ээ.

Бүткүл өлкөдөгү нааразылык акцияларын күч менен баскан соң, Казакстандын бийлиги өздөрүнүн айтымында «антитеррордук операциясын» баштады. Акырындап казак бийлиги нааразылыкка алып келген талап-тоноолорго чет элдик жарандар катышкан деген сөздү кыйыта баштады.

9-январдын таңында ур-токмоктон бети-башы шишип кеткен Кыргызстандын жараны тууралуу видео тарады — ал камерага бейтааныш адамдар учакка билет алып берип, 200 доллар беребиз деп нааразылык акцияга катышууга чакырганын айтып берген.

Мунун баары казак бийлиги өз элин гана эмес, бүткүл дүйнө коомчулугун ишендиргиси келген жөө жомоктун талаптарына төп келет. Биринчиден, жалпы өлкө аймагындагы тынчтык акциялары менен бийлик казакстандыктарды коркутуп, нааразылыкка чыккандарга көө жапкан негизги терминдер — «мародёрлор», «талоончулар» жана «террорчулар» бир үймөктө аралашып калды.

Экинчиден, кандайдыр бир «сырткы коркунуч» жаралганы тууралуу версия айтылып, ал өз кезегинде өлкөгө ЖККУ армиясын — негизги бөлүгү Орусиянын аскерлери — киргизүүгө шылтоо болду.

Бирок бул кутум план ишке ашпай калды: анткени кармалган кыргызстандык джаз-пианисти Викрам Рузахунов болуп чыкты.

Викрамга «тар чөйрөдө кеңири таанымал» деген сүрөттөмө төп келет. Анын атын ар бир кыргызстандык жатка билет деп айтуу кыйын: өлкөдө джазды кубалап уккандар ар качан чектелүү болуп келген.

Викрам Рузахунов. Хабар24 каналынан скриншот. 

Бирок музыка чөйрөсүндө — дегеле маданият ишмерлеринин арасында — Рузахуновдун бедел-баркы бийик. Ал таланттуу пианист, өзүнүн джаз жанрындагы трио командасы бар. Бишкекте өткөн эл аралык джаз фестивалынын уюштуруучуларынын бир дагы ушул жигит болгон.

Рузахунов коңшу өлкөдөгү талап-тоноого катышуу үчүн акча алып, жалданып барганын эч элестетүү мүмкүн эмес. Бул кептин өзү сандырак экенин мындан билиңиз, Кыргызстандын УКМКсы ишенбей койду — анткени кыргыз атайын кызматы дагы күнөөсүз периштедей деп айтууга болбойт.

Музыкантты кармаган күч түзүмдөрү анын ким экенинен таптакыр кабары болгон эмес окшойт. Абалына караганда Викрамды кыйнашкан. Балким ал жөн гана музыкант экенин түшүндүрүүгө аракет кылгандыр, бирок эч ким уккан эмес, ошол себептен дагы тааныбай калышкан.

Бирок митингге жалданып келгенин «мойнуна алган» видео жарыялангандан кийин аны аудитория тааныды, окуя желдей тарады — бери дегенде, орус тилдүү интернет чөйрөдө бул акылга сыйбас көрүнүштү жазбаган киши болгон жок.

Викрам жагдайдын курмандыгы болуп отурат, бирок мындан ары анын сөздөрү кармалган башка белгисиз жарандардын өмүрүн сактап калышы мүмкүн — анын ичинде биздин мекендештерди дагы.

Мен, Викрамдын окуясы биринчи кезекте Казакстандын бийлигине суроо узатууга себеп болот деп үмүттөнөм — бизге дагы эмне деп калп айттыңар?

Силер айткандай, чындап эле нааразылыкка чыккандар менен мародёрлордун байланышы болгонбу? Чындап эле, милиция кызматкерлеринин башын кесип кеткен учурлар катталдыбы? Өлкөгө орусиялык аскерлерди киргизүүгө чынында эле негиз бар беле?

Же болбосо, норвегиялык укук коргоочу Ивар Дале твиттерге жазгандай, казак күч органдары отчёт берип жаткан миңдеген кармалгандардын арасында дагы канча бейкүнөө музыкант бар?

Викрамдын кармалышы Казакстандын бийлигинин бул күндөрдөгү иш-аракетин адилет жана дыкат эл аралык иликтөөгө алуу керек экенин айгинелейт.

Рузахунов болсо, албетте, токтоосуз эркиндикке чыгышы керек.

UPD: Ушул текст жазылып бүткөндөн кийин, Викрам эркиндикке чыкты. Буга эл аралык деңгээлде болушунча коңгуроо каккан кыргыз коомчулугунун биримдиги дагы түрткү берди. Бул окуя биз бири-бирибизди коргоп калуу үчүн кандай кадамдарга барышыбыз керектигинин эң мыкты үлгүсү болду. Биз азаматпыз!