Акыркы суткада коронавирустан эки адам каза болду, 348 жаңы учур катталды

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 11-январга карата коронавирустан эки адам каза болду, жуктуруунун 348 жаңы учуру катталды. Акыркы суткада илдеттен 85 бейтап айыгып чыкты.

  • Бишкек шаарында — 244;
  • Чүй облусунда — 38;
  • Жалал-Абад облусунда — 22;
  • Ош облусунда — 16;
  • Талас облусунда – 7;
  • Баткен облусунда — 7;
  • Ош шаарында — 7;
  • Ысык-Көл облусунда — 5;
  • Нарын облусунда – 2.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 186 413кө жетти. Өлкө боюнча 180 432 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 821 адам көз жумду.

Учурда 475 бейтап ооруканада, ал эми 1 196 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.