Сокулук: Кыздарга шарты бар дааратканын ачылышына катышкан акимдин орун басары кызматтан алынды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 11-январда Сокулук районунун акиминин орун басары Самагана Мурcалиевди кызматтан алды. Ал эми аким Курбанбек Айтибаевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөт: Turmush

Анткен менен Жапаровдун бул чечими боюнча өкмөттүн басма сөз кызматы түшүндүрмө берген жок.

Ал эми Айтибаевдин айтымында, жетекчиликке акимдин орун басары Төмөнкү Чүй айылындагы мектепте girls friendly дааратканысынын ачылышына катышканы «жакпай калган».

Эмне болгон?

2021-жылдын декабрь айында Чүйдүн Төмөнкү Чүй айылында демөөрчүлөр тарабынан курулган girls friendly — кыздарга шарты бар — даараткананын ачылышы өткөн. Анда райондун акиминин орун басары Самаган Мурсалиев кызыл лента кескени коомдо кызуу талкуу жараткан.

Сөгүш алган райондун акими Курбанбек Айтибаев Turmush басылмасына маек куруп, орун басары Камышановка айылындагы мектепке демөөрчүлөрдүн чакыруусу менен компьютердик класстын ачылышына барганын айтып берди.

«Демөөрчүлөр компьютердик класстын ачылышынан кийин Төмөнкү Чүйдөгү даараткананы дагы көрүп кетишин суранышыптыр. Демөөрчүлөрдүн суранычын четке кага албай, тасмасын кесип койгон экен. Орун басар окуучулар үчүн жасалып жаткандай кийин мындай болуп кетерин билген эмес», — дейт ал.

Бирок бул жогору жактагы жетекчиликке жакпай калган. Акимдин айтымында, аларга «даараткананын деңгээлине түшүп кеттиңерби» деген сын айтылган. Ошентсе да аким Айтибаев айтылган сынды туура кабыл алганын кошумчалаган.

«Алар [жетекчилик] кандай чечим чыгарышса, ошого макулбуз» — дейт ал.

Аны менен катар, Айтибаев чуу жараткан даараткананын курулушу толугу менен демөөрчүлөр тарабынан каржыланганын, мамлекеттик бюджеттен акча бөлүнбөгөнүн белгилеген.

Эмне болгон даараткана

Төмөнкү Чүй айылына «Гуд Нейборс Интернешнл» Эл аралык уюму даараткана куруп берген. Бул бейөкмөт уюм дүйнөнүн 38 өлкөсүндө жашоонун сапатын жакшыртуу жана билимге жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча иш алып барат.

ЖМКда буга чейин курулуш иштерине кайрымдуулук фонддон 1 миллион 980 миң сом бөлгөнү айтылган. Фонд «Клоопко» долбоордун наркы тууралуу кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

Айылдык мектепте мындай ажаткана биринчи жолу курулуп жатат. Анда кыздарга ыңгайлуу бардык шарттар бар — ысык суу, каалгасы илине турган кабиналар орнотулган, ичи жылуу.

Сүрөт: Turmush

«Даараткананын курулушу толугу менен биздин көзөмөлүбүздө жүргүзүлдү. Анын өзгөчөлүгү толугу менен жылытылат, ысык суусу бар, балдар үчүн атайын жасалган. Ал ошондой эле кыздардын этек кир учурунда колдонуусуна, санитардык нормаларды сактоого жана инфекциялардан жана вирустардан коргонууга ыңгайлуу болуп жабдылган. Атайын жабык стенддер бар. Ажаткана мындай жайлардын курулуш стандарттарына ылайык курулган», — дейт Гуд Нейборс Эл аралык уюмунун кызматкери.

2020-жылы «Ийгиликке кадам» коомдук бирикмеси «Сорос» фонду менен биргеликте Кыргызстан боюнча эки миң мектептин ажатканаларын текшерген. Алардын айтымында, дааратканалардын 74%ында канализация, септик жок.

Иликтөө көрсөткөндөй, ажатканалардын 9% гана мектеп имаратынын ичинде, 90%дан ашыгы сыртта жайгашкан.

Кошумчалай кетсек, мектептердин 42%ында гана имараттын ичинде кол жуугучтар бар.

«1099 мектепте кол жууганга жер таптакыр жок», — деди долбоордун координатору Тынчтыкбек Жанадилов «Клоопко» берген маегинде.

Санитардык тазалыктын жоктугу балдардын ден соолугуна жана алардын мектепке баруусуна чоң таасирин тийгизет. Мындан тышкары, эшиктин же кулпунун жоктугу аларды куугунтукка алуу жана зордуктоо коркунучун жаратат.