Сутка ичинде коронавирус 607 адамдан аныкталды

Өткөн суткада COVID-19 жуктурган бир бейтап каза тапты. Пандемия башталгандан бери өлкөдө илдеттен жалпы 2 828 адам көз жумду.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, сутка ичинде коронавирус 607 адамдан аныкталды. Илдет жуктургандардын көбү борбор калаада жашагандар.

  • Бишкек — 404;
  • Чүй облусу — 97;
  • Ош облусу — 10;
  • Жалал-Абад облусу — 24;
  • Талас облусу — 20;
  • Баткен облусу — 20;
  • Ысык-Көл облусу — 13;
  • Ош шаары — 14;
  • Нарын облусу — 5.

Пандемия келгенден бери коронавирус жуктуруунун жалпы 188 813 учуру аныкталган.

Мындан тышкары, 15-январга карата маалымат боюнча, 746 бейтап ооруканада даарыланып жатат. Дагы 2 888 адам амбулатордук дарыланууда.

Сутка ичинде илдеттен айыгып 122 бейтап оорукандан чыкты. Пандемия башталгандан бери оорудан жалпы 180 862 адам айыкты.