Акыркы суткада коронавирустун 874 жаңы учуру катталды

Кыргызстанда 16-январга карата COVID-19 менен ооруп жаткан эки адам каза болду, жуктуруунун 874 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрилиги кабарлады.

Бишкек шаарында акыркы суткада 670 адам илдет жуктурса, Чүй облусунда вируска кабылгандардын саны — 69. Жалал-Абад облусунда 41, Ош шаарында 27 адам коронавируска кабылды. Ал эми Талас облусунда 22, Баткенде 21 адам дартка чалдыкты. Ош облусунда 12 адам болсо, Ысык-Көлдө 7, Нарында 5 адам коронавирус жуктурду.

Ошондой эле, 16-январга карата жалпы республика боюнча 108 адам оорудан айыгып чыкты.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 189 687 адамга жетти. Ал эми өлкө боюнча 180 970 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 830 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 836 бейтап, ал эми үй шартында 3 562 адам дарыланып жатат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.