«Манас» аэропорту: Казакстанга каттамдар жанданды

«Манас» аэропортунун басма сөз кызматы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы авиакаттамдар жанданганын кабарлады.

Маалыматта «Эйр Астана» авиакомпаниясы 2022-жылдын 12-январынан тартып Нур-Султан — Бишкек — Нур-Султан багыты боюнча, ал эми 14-январдан тартып Алматы — Бишкек — Алматы каттамын жандандырганы белгиленди.

Казакстандын "Эйр-Астана" авиакомпаниясынын учагы. Сүрөт: Кыргызстандын Транспорт министрлиги. 

Аны менен бирге Казакстанга кирүүнүн эрежелери өзгөртүлдү. 15-январдан тартып Казакстандын аймагына кирген бардык жүргүнчүлөрдө COVID-19га карата терс натыйжалуу ПЧР-тесттин акыркы 72 саатта алынган жыйынтыгы болушу керек.

Маалымкатты 5 жашка чейинки балдардан башка бардык жүргүнчүлөр көрсөтүүгө тийиш.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы аба байланышы 5-январда коңшу өлкөдөгү маасалык башаламандыктардан улам токтотулган. Анда Казактандын бийлиги Алматы аэропортун демонстранттар басып алганын кабарлаган.

«РИА Новости» маалымат агенттиги кувейттик Jazeera Airways лоукостери Алматы аэропортуна каттамдарды убактылуу токтотконун кабарлаган. Андан тышкары, белорустук «Белавия» дагы Алматыга каттамдарын токтоткон.

Нааразылыктардан улам Казактан чек арасын жаап, учактарды кабыл алган эмес.

Казакстандагы нааразылыктар 2-январда өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн шаарынан башталган. Ал жакта тургундар суюлтулган газ кымбаттаганына нааразы болуп, тынчтык акциясына чыгышкан.

Бир нече күндөн кийин митингге башка шаардын тургундары да чыгып, экономикалык талаптар саясий талапка айланган. Нааразылар учурдагы бийликтин отставкасын жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигин алууну талап кылышкан.

Натыйжада 5-январга караган түнү Казакстандын өкмөтү отставкага кеткен. Бирок нааразычылыктар токтобой, айрым шаарларда коопсуздук күчтөрү менен куралдуу кагылышуулар болгон.

Эң оор акыбал Алматыда болгон, кагылышуулар талап-тоноочулуук менен коштолгон.

11-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн бардык аймактарында абал туруктуу экенин жарыялаган.

Ал эми эки күн өткөндөн кийин Казакстандын жарандык авиация комитети 13-январдан тартып Алматы эл аралык аэропорту ишин жандантканын маалымдаган.