Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейинде COVID-19 пандемиясы менен күрөшкөн дарыгерлерге жана илдеттен көз жумган бейтаптарга арналган «Менин өмүрүм сизден көз каранды» аталышындагы сүрөт көргөзмө өтүп жатат.

Сүрөт: Тойчубек Артык уулу / «Клооп»
Сүрөт: Тойчубек Артык уулу / «Клооп»
Сүрөт: Тойчубек Артык уулу / «Клооп»
Сүрөт: Тойчубек Артык уулу / «Клооп»
Сүрөт: Тойчубек Артык уулу / «Клооп»

Көргөзмөдө пандемияда соолуган өмүрлөр, калктын ден соолугу үчүн жан аябай күрөшкөн медиктердин, ыктыярчылардын эмгеги чагылдырылган.

COVID-19га каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб уюштурган көргөзмөгө 50дөн ашык сүрөт коюлган.

Cүрөт көргөзмөсү өтүп жаткан жерге коронавирустан сактануунун эрежелери жазылган түшүндүрмө барактар дагы жайгаштырылган.