«Бир Дүйнө-Кыргызстан» укук коргоо кыймылы ИИМ тарабынан демилгеленген «Экстремистик ишмердикке каршылык көрсөтүү тууралуу» жаңы мыйзам долбоорундагы бир катар так эместиктерди оңдоо өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду.
Укук коргоочулар мыйзам долбоору кабыл алынгандан кийин аталган так эместиктер Кыргызстанда адам укуктарын бузуп, эки мааниде туюндурулуп, карама-каршылыктарды жаратат деп эсептешет. Борбордун пикиринде, туюнтмаларды тактап, ал тургай толугу менен өзгөртүү керек.
«Сова» маалыматтык-аналитикалык борбору «Бир Дүйнө Кыргызстандын» кайрылуусу боюнча сунушталып жаткан мыйзам долбоорун талдап, төмөнкөдөй так эместиктерди аныктады.
Экстремизмдин бүдөмүк түшүнүгү
Борбордогулар мыйзам долбоорунда «экстремизм» түшүнүгү идеология катары аныкталган деп эсептешет. Ал эми идеология түшүнүгү, аналитиктердин айтымында, баары үчүн милдеттүү жана мамлекеттин жарандын коомдук жана жеке турмушунун бардык аспектисине абсолюттук көзөмөлүнө алып келиши мүмкүн.
Аналитиктер экстремизм түшүнүгү тактоону талап кылат деп эсептешет.
«“Экстремиз идеологиясы” деген түшүнүк төмөнкөдөй болушу керек: “зордук-зомбулук жана башка конституцияга каршы келген аракеттер аркылуу зордук-зомбулука алып барган саясий, расалык, улуттук жана диний максаттарга жетүүгө багытталган идеология”», — деп санашат аналитиктер.
Аналитиктердин пикиринде, «экстремизмге багытталган кылмыштар» жана «экстремисттик максаттар» түшүнүгүндө «зомбулукка алып баруучу» сөз айкашы дагы камтылышы керек.
Конституцияга каршы аракеттер
Аналитиктерди мыйзам долбоорундагы «контитуцияга каршы келген аракеттер» деген дагы сөз айкашы ойго салган. Алар жаңы мыйзам долбоорунун демилгечилери муну менен тек кайсыл аракеттерди айткылары келгени түшүнүксүз деп эсептешет. Борбордогулар «аракеттер» сөзүнүнө «зомбулукка алып баруучу» деген сөз айкашын кошууну сунушташууда.
«“Идеология” жана “Конституцияга каршы келген аракеттер” түшүнүктөрү юридикалык жактан аныкталбагандыгы себебинен мыйзам долбоору сөз, пикир жана дин эркиндигин бузуунун куралы болуп калышы мүмкүн деп кооптонуп жатабыз», — дейт борбор.
Борбордун пикиринде, конституцияга каршы келген аракеттердин ар бири эле, тагыраагы, Конституцияга карама-каршы келген аракеттер, ал тургай саясий жана башка максаттары бар болсо деле экстремисттик болуп эсептеле бербейт.
ЖМКлардын иши жана тактыктын жоктугу
Борбор терминдерде тактык жоктугунан ЖМКлардын иши «жапа чегип» калат деп болжоодо.
«ЖМКнын ишинде экстремизмдин белгилеринин бар болушу алардын ишмердигин токтотууга негиз боло алат. “Экстремизм”, “Идеология”, “конституцияга каршы келген аракеттер” түшүнүктөрүнүн так аныктамасынын жоктугунун шартында сунушталып жаткан мыйзам долбоору кызмат адамдарын сындап жаткан ЖМКлардын ишмердигин токтотуу үчүн колдонулушу мүмкүн», — деп эсептешет аналитиктер.
Аналитиктер бир эле ЖМК кызматкеринин же уюмдун бир мүчөсүнүн экстремисттик аракет жасоосу бүтүндөй маалымат каражаттарын же уюмдарды жоюуга жетиштүү негиз болбошу керек деп эсептешет. Борбордун айтымында, бир эле эпизоддун негизинде жоюу пропорцианалдуу эмес чара болуп эсепелет.
Борбордогулар алгач ЖМКга/уюмга эскертүү берилгени туура болот деп эсептешет, себеби андан кийин уюм аны сот аркылуу даттанып, эгерде сот уюмдун аракеттерин мыйзамсыз деп тапса, анда ал 30 күндүн ичинде бардык кемчилигин жоюушу керек болот. Болбосо уюмдун ишмердиги токтотулат.
Экстремисттик материалдар же атрибуттар
Борбор экстремистик материалдарды же атрибуттарды жайылтуу кылмыш катары карала тургандай олуттуу коомдук коркунучту туудурбайт жана бул материалдар кокустан жайылып кетиши мүмкүн деп санашат.
Аналитиктер мыйзам долбоорунун туюндурмасын бир аз өзгөртүү керек, тагыраагы, экстремисттик материалдарды жана атрибуттарды жайылтуу жөнүндө сүйлөмдү «экстремизм идеологиясын жайылтуу максатында» сөздөрү менен улантуу кажет дешет.
«Ошентип бул жобо ушундай идеологияны жайылтуунун тек гана конкреттүү формаларына тыюу салат», — дейт борбор.
Мыйзам долбоору
29-декабрда ИИМ «Экстремистик ишмердикке каршылык көрсөтүү тууралуу» мыйзамын кайра жазып, коомдук талкууга чыгарган. Ал өкмөттүн сайтында 28-январга чейин илинүү болот.
Долбоордун маалымкат-негиздемесинде учурда саясий, экономикалык, криминалдык жана башка максаттар менен кызыкчылыктарды көздөп жаткан деструктивдик жана экстремисттик уюмдар бар, алар өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугуна, ал тургай конституциялык түзүлүштүн негизин бузууга чейин жеткен коркунучту туудуруп жатат деп айтылат.
Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, анда президент экстремизмге каршы күрөшүү боюнча аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүн жетектейт. Ошондой эле мамлекеттик программаларды бекитип, жарлыктарды жана буйруктарды чыгарат. Жөнөкөй сөз менен айтканда, баары анын жеке көзөмөлүндө болот.