Чүй облусунда ооругандар көбөйгөндүктөн массалык иш-чараларга тыюу салынды

Чүй облусунда эпидемиологиялык кырдаал начарлагандыгына байланыштуу кафе жана ресторандарда массалык иш-чараларды өткөрүүгө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Ысык-Ата шаардык оорулардын алдын алуу борборунун эпидемиологиялык бөлүмүнүн башчысы Акылбек Исаев билдирди.

Исаевдин айтымында, бул Казакстан менен Орусияда «омикрон» жаңы штаммын жуктургандар көбөйүп, ал чет өлкөлүк жарандар аркылуу өлкөгө кирип жаткандыктан зарыл чара. Исаев эпидемологиялдык кырдаалдын шартында Кыргызстандын чек арасынан унаа менен өткөн жарандарга карата жаңы алгоритм иштелип чыга электигин да айтты.

Исаев Чүй облусунда коронавирустун төртүнчү толкуну учурунда окуучулар жана мугалимдер көп ооруп жаткандыктан 16 мектеп карантинге жабылганын, дагы эки коллеж онлайн окуу форматына өткөнүн кошумчалады. Ошондой эле, окуучулардын сабакка катышуусуна күнүмдүк көз салуу күчөтүлгөн.

Исаев муниципалдык кызматкерлердин арасында дагы илдет жуктургандар көп экенин, ошондуктан Жайыл райондук мамлекеттик администрациясындагы кызматкерлердин 50%ы аралыктан иштөөгө өткөнүн кабарлады.

2020-жылы коронавирустун биринчи толкуну башталганда дагы массалык иш-чараларга тыюу салынган. 4-мартта республикалык штаб кыргызстандыктарга массалык иш-чараларды өткөрбөөнү жана эл көп чогулган жерлерден алыс болууга чакырган. Мекемелерге эрежени бузгандыгы үчүн айып пул салынганы менен массалык иш-чаралар баары бир деле өткөрүлүп турган. Аларга мамлекеттик кызматкерлер, саясатчылар жана чиновниктер да катышып өткөргөн учурлар болгон.

«Омикрон» жаңы штаммы

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2021-жылдын 28-ноябрында SARS-CoV-2нин жаңы вариантын жарыялап, ага «омикрон» деген ат койгон. Андан кийин эле дүйнө жүзү боюнча окумуштуулар жаңы штаммды изилдеп башташкан.

Белгилүү болгондой, буга чейинки штаммдардан айырмасы «омикрон» көп санда мутацияланат — 50дөн ашат.

Ошондой эле, бул штамм Түштүк Африкада пайда болгону белгилүү. Анда ТАРдын Жугуштуу оорулар улуттук институту жаңы штамм тез арада жайылып кеткенин кабарлаган.

Мындан тышкары, ТАР, Германия, Швеция, АКШдагы жана да Pfizer компаниясынын изилдөөлөрүндө жаңы штаммга карата эки жолку эмдөө жетишсиз экенин көрсөткөн.

Европанын көптөгөн мамлекеттери өлкөгө жаңы штаммдын келишинен кооптонуп чектөөлөрдү киргизип, ооруканалардын даярдыгын күчөткөн.

12-январда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын жаңы омикрон штаммы аныкталганын билдирген. Анын айтымында, омикронду жуктуруу Бишкек жана Чүй облусунда катталган.

«Биринчи учурлар аныкталды. Азырынча канча экени белгисиз. Бишкектин лабораторияларында анализдерди жүргүзөбүз. Саламаттык сактоо системасы даяр», — деп билдирген Бейшеналиев Sputnik.kg басылмасына.

Буга чейин министр «омикрон» штаммын жуктурган бейтаптардын 70-80 пайызын үй шартында дарыласа болот, себеби оору жеңил өтөт деп билдирген. Ал «омикрондун» жайылуу коркунучу жогору болгондуктан өлкөдө COVID-19 учурлары рекорд коюшу мүмкүн деп болжогон.

20-декабрда секвестр боюнча жыйында Бейшеналиев өлкө жаңы штаммга толук даяр экенин билдирген.

Коронавирустун «омикрон» деген жаңы штаммы (вариантынын) пайда болгону ноябрдын аягында Түштүк Африкада белгилүү болгон. Окумуштууларда жаңы штамм кайда жана кандайча пайда болгону тууралуу азырынча үч теория бар.

ДССУнун маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө карата «омикрон» дүйнөнүн 89 өлкөсүндө катталган.