Орусиянын «Важные Истории» басылмасы 14-январда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин үй-бүлөсүнүн кыймылсыз мүлктөрү жана киреше булагы тууралуу иликтөө жарыялады.

Иликтөөнүн урунттуу учурларына токтолобуз.

Касым-Жомарт Токаев. Сүрөт:Vlast.kz.

Батирлер жана чет өлкөдөгү бизнес

Иликтөөчү-журналисттер Токаевдин уулу Тимур Токаев Швейцарияда бир нече батирге ээлик кыларын аныкташты. Биринчисин 2006-жылы алган, батир Женеванын тынч райондорунун биринде, Жильбер-Тролье көчөсүндөгү үйдө жайгашкан. Scanner Project долбоору бул үйдөгү бир батирди миллион швейцария франкы турат деп баалаган (17-январга карата валюта курсу менен 92 миллион сомдон ашык).

Ошондой эле иликтөөдө президенттин уулу 2010-жылы терезесинен Женева көлү көрүнүп турган батир сатып алганы айтылат. Андан тышкары, Сен-Прекс шаарында таунхауска ээлик кылат — ал аны 2019-жылдан кийин атасы Касым-Жомарт Токаев Казакстандын президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалгандан кийин сатып алган.

2019-жылы Касым-Жомарт Токаев өзүнүн бир тууган карындашы Карлыга Избастинанын жолдошу Темиртай Исбастинди Болгарияга элчиси кылып дайындаган.

«Бул үй-бүлөнүн [Избастиндердин] бизнестери Болгария, ошондой эле Чехия жана Германияда менен байланышкан», — деп жазат «Важные Истории».

Темиртай Избастин. Cүрөт: gov.kz.

Алардын маалыматы боюнча, Избастиндин кызы, Токаевдин жээни — Дана Медеуова Болгарияда үч курулуш компаниясына ээлик кылат: SD Property Investments, Dami International и Dami Investment.

Журналисттер 2017-жылы ал өзүнүн жеке эсебинен SD Property Investments компаниясына дээрлик 700 миң евро (67,8 миллион сомдон ашык акча) которгонун жана компания болгария баш калаасы София шаарынын түндүк бөлүгүнөн жер тилкесин сатып алганын аныкташты. Алардын маалыматына караганда, жер тилкеси азырынча бош турат.

Чехияда Медеуова менен анын байкеси Бекет Избастиндин эки компаниясы болгон: Abi Construction Capital жана BG Invest Capital кыймылсыз мүлктөрдү ижарага берип келген жана учурда иштебей турат.

Ошондой эле, журналисттердин маалыматында, Казакстандын президентинин карындашы Карлыганын Германияда Dana Reiseservice аталышындагы туристтик агенттиги бар.

Иликтөөчүлөр АКШдан наркы 1млн доллардан ашкан, Каныш Избастиндин жубайы (Токаевдин жээни) — Ботагөз Карбузовага таандык батирди табышты. Алардын маалыматы боюнча, мындай ысымдагы адам Майамидеги Санни-Айлс-Бич жээгиндеги 136 чарчы метрлик батирге дагы ээлик кылат.

Орусиядагы мүлкү

«Важные Истории» басылмасы «Токаевдердин үй-бүлөсү Орусия менен тыгыз байланышта» деп белгилейт. Токаевдердин Орусияда «жүздөгөн миллион рубль турган кыймылсыз мүлк объектилери бар».

«Алексей Навальныйдын командасы орус бийлиги казак президентинин туугандарынын кыймылсыз мүлкү тууралуу маалыматтарды жашырып койгонун аныкташты. Орусиянын реестринен Токаевдердин батирлери тууралуу баардык маалыматтар жоголуп кеткен. Бирок алардын архивдик көчүрмөлөрдө Москванын Усачев көчөсүндөгү “Фьюжн парк” турак-жай комплексинде Тимур Токаевге таандык аянты 196,6 чарчы метрлик батир болгонун көрсөтүп турат. Бул жерде бир чарчы метрдин баасы миллион рублдан ашат, ал эми батирдин баасы 229,6 млн рубль деп баалоого болот», — деп жазат басылма.

Мындан тышкары, журналисттер Токаевдин мурдагы аялы Надежданын Москвадагы батири Кремлден эки километр аралыкта жайгашкан Последний переулок аталышындагы көчөдө жайгашканын аныкташты. Алар бул үйдө болгону жети батир бар экенин белги лешти. Надежда Токаеванын батири эки деңгээлдеги төрт бөлмөлүү апартамент — аянты 167,3 чарчы метр, болжолдуу баасы 84,6 млн рубль.

Мындан тышкары, Токаевдин мурдагы жубайы Ири Харитон көчөсүндөгү баасы 68,8 миллион рублду түзгөн үч бөлмөлүү (120 м²) батирде да катталганы белгилүү болгон. Бирок иликтөөчүлөр бул батир азыр кимге тиешелүү экенин аныктоо кыйын дешет, анткени Орусия реестринин маалыматы боюнча учурда батир жок болуп кеткен.

Журналисттер Надежда Токаеванын 2000-жылдан бери шаар четинде бери дегенде беш ири үйү болгонун аныкташты. 2000-2014-жылдар аралыгында элиталык айылдарда бир нече хансарайларга ээлик кылып, аларды ар башка жылдары саткан.

«Башка кыймылсыз мүлктөрдүн бар же жогун Росреестр жашырып жатат. Бирок, архивдик маалыматтарга караганда, Токаевдердин Истринск районундагы Алексеевка жана Пушкин районундагы Ашукина айылдарында бери дегенде 2000 чарчы метр жерди ээлеген дагы эки үйү болгон», — деп жазат «Важные Истории».

Мекениндеги кирешеси

Басылма Токаевдин бир нече туугандары Казакстандын мамлекеттик компанияларында негизги жетектөөчү кызматтарды аркалашарын билдирди.

Журналисттердин маалыматында, 2019-жылы Токаев президент болуп дайындалгандан бир нече ай өткөндөн кийин, анын жээни Бекет Избастин PSA жоопкерчилиги чектелген өнөктөштү компаниясын жетектей баштаган. «Важные Истории» дал ушул PSA аркылуу мамлекет — «Дунга» жана «Карачаганак» кениндеги Түндүк-Каспий долбоорунда чет элдик компаниялар иштеткен үч ири мунай-газ кениндеги өз үлүшүн алып турат.

Каныш Избастин. Сүрөт: «Байтерек» улуттук холдингинин сайты.

Токаевдин дагы бир жээни — Каныш Избастин 2015-жылдан 2021-жылга чейин лизинг аркылуу айыл-чарба техникасын алуу жана агро өнөр-жай комплексине насыя берүү менен алектенген «КазАгроФинанс» ишканасын жетектеген. Ал эми былтыр март айында ал «Байтерек» улуттук холдингинин башкармалыгынын төрагасынын орун басары болгон. «Байтерек» — казак өкмөтүнүн турак-жай, инфроструктура жана өнөр-жай ишканаларын куруу боюнча мамлекеттик программаларынын негизги оператору.

2022-жылы 14-январда мамлекеттик холдингден Избастан «коомдук иштерге өткөндүгүнө байланыштуу өз каалоосу менен кызматтан кеткенин» маалымдашты.

Иликтөөчү журналисттердин айтымында, «Токаевдин туугандарынын казак бизнестери жаратылыш байлыктарын казуу менен баланышкан».

«Важные Истории» Токаевдин уулу Тимур 2000-жылдардын башында «Салиш» мунай-газ компаниясына (2019-жылга чейин «Аби Петролиум Кэпитал» деп аталган ) ээлик кылганын жазган. Бул компания Атырау облусундагы Грядовое кенинде углеводород чийки заттарын чалгындоо жана өндүрүү менен алектенген. Анын кирешеси 2012-жылдагы 600 млн рублдан 2016-жылы 280,8 млн рублга чейин азайып кеткен. Компания 2020-жылы жоюлган.

Ошондой эле, Токаевдин уулу президенттин карындашы Карлыганын Kazakhstan Tungsten & Molybdenum Company аттуу компаниясы болгон. Ал өзүнүн туунду компаниялары аркылуу Караганда облусундагы эки кенден вольфрам казып алууга лицензия алган.

«Бирок казак ЖМКларындагы маалыматка караганда, кен казуу башталган эмес жана компания финансылык каатчылыкты башынан кечирип жатат. Карлыга Исбастина дагы техника жана жабдыктарды дүңүнөн саткан компанияга ээлик кылат, ал эми Тимур Токаевдин эч кандай шек жаратпаган бир нече курулуш жана инженердик-техникалык компаниялары болгон», — деп жазат басылма.

Токаевдин карьерасы жана январдагы нааразычылыктар

Нурсултан Назарбаев жана Касым-Жомарт Токаев. Сүрөт: Акорда

Касым-Жомарт Токаев тажрыйбалуу дипломат, ал карьерасын өткөн кылымдын 70-жылдардын соңунда баштаган. СССР тарагандан кийин Казакстандын ТИМин жетектеген, ал эми 1999-жылы өлкөнүн премьер-министри болгон. Кийин кайрадан министр, сенаттын төрагасы, бир нече жыл БУУнун Башкы катчысынын орун басары жана БУУнун Женевадагы кеңсесинин башкы директору болгон.

2019-жылы Токаев президент Нурсултан Назарбаевдин күтүүсүз отставкасынан соң мамлекет башчынын милдетин аткаруучу болгон. Кийин ал президенттик шайлоодо 70% добуш алып жеңишке жеткен.

Көпкө чейин саясат талдоочулар жана эксперттер Токаевди көз карандысыз саясий фигура катары санашкан эмес жана аны Назарбаев бийликке алып келип койгон фигура катары кабыл алышкан. Казакстандын биринчи президенти өзү президенттик тактыдан кетип жатып, Казакстандын Коопсуздук кеңешине башчы болгон жана бул кызматты өмүр боюу аркаламак. Мындан тышкары, 2010-жылдан бери ал Елбасы титулуна ээ — Журт атасы.

Бирок январдагы нааразычылык акцияларынан кийин өлкөдөгү кырдаал өзгөрдү. Айрым саясат талдоочулар январь окуясы Токаев менен Назарбаевдин тарапташтарынын ортосундагы Казакстандагы бийлик үчүн күрөш деп айтышты. Алардын пикиринде,январдагы саясий кризистен президент Токаев гана утушка ээ болду. Ал «өлкөдөгү кош бийликтин таянычтарын сындырды».

Токаев Назарбаевдин орлуна Коопсуздук кеңештин башчылыгынан келип, назарбаевчил кадрларды тазалай баштады. Эл башынын эң ишенимдүү адамы Карим Масимов УКМКнын төрагалыгынан алынды — ал азыр мамлекеттик чыккынчылыкка жана бийликти басып алууга шектелүүдө. Назарбаевдин иниси Самат Абиш дагы УКМКдагы кызматынан кол жууду.