21-январда Бишкек шаардык сотунда Айзада Канатбекованы уурдоо ишине байланыштуу тараптардын аппелациялык арызын кароо аяктады.
Шаардык соттун коллегиясы биринчи инстанциянын чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Муну менен Бишкектин Биринчи май райондук сотунун «Алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу менен адам уурдоо» беренеси боюнча адам уурдоого катышкан беш жаранды күнөөлүү деп таап, 6,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыркан чечими күчүндө калды.
Бул иш боюнча беш киши соттолду: Кубаныч Токон уулу, Замирбек Раманкулов, Ажикабыл Рысбай уулу, Орозбек Нурумбетов жана Сыймык Молдосариев.
Эмне үчүн апелляциялык арыз берилген?
Аппеляциялык арызды жабыркаган тарап да, айыпталуучу тарап да берген. Айыпталуучулардын арасынан Нурумбетов күнөөсүн толук моймуна алды, Молдосариев жарым-жартылай мойнуна аларын айтты, калгандары күнөөнү мойнуна алышкан жок.
Тараптардын 21-январдагы жарыш сөзүндө айыпталуучу Рысбай уулу менен Токон уулунун жактоочулары кардарларына актоо өкүмүн чыгарууну өтүнүштү. Калгандарынын адвокаттары коргоп жаткан адамдарына пробациялык көзөмөл суранышты.
Отурумда айыпталуучулар кыз уурдоону пландашпаганын, «бары кокустан болуп кеткенин» айтып, киши колдуу болгон кыздын апасы Назгүл Шакеновадан кечирим сурашты.
Ал эми жабырлануучу тарап катары чыгып аткан Шакенова (Айзаданын энеси) өкүмдүн моралдык жана материалдык зыян төлөп берүү бөлүгүн өзгөртүүнү суранды. Биринчи инстанциянын чечимине ылайык, айыпталуучулардын бешөө тең болгону 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилген болчу.
Бирок жабырлануучу тарап буга макул болбой соттон (Молдосариевден башка) төрт айыпталуучунун ар биринен 100 миң сомдон өндүрүп берүүнү суранган. Мындан тышкары, жабырлануучу тарап Сыймык Молдосариев менен тынчтык келишимине жеткенин билдирип, адвокаттын ага пробациялык көзөмөл дайындоо өтүнүчүн колдоду.
Чечимди дааттанабыз
Жабырлануучу тараптын адвокаты Нурбек Токтакунов, «Клоопко» курган маегинде Бишкек шаардык сотунун чечими боюнча Жогорку сотко даттанышарын айтты.
«Соттордун [моралдык зыянды] бардык соттолуучулардан бирдей өндүрүп берип жаткан учурдагы практикасы абсурд. Кылмышкерлер канчалык көп болсо, компенсация ошончолук аз болгон кырдаал жаралып калат. [Мисалы], аялды бир киши зордуктаса, анда андан 100 миң [сом] моралдык кенемте. Эгер топтошуп алып 10 киши зордуктаса, анда компенсацияны он эсе аз төлөшөт», — деди ал.
Анын айтымында, колдонуудагы Жазык кодекси ар бир айыпталуучудан 100 миң сомдон өндүрүүгө жол берет.
Шаардык соттун чечимине айыпталуучулар дагы макул эмес. Замирбек Раманкуловдун тууганын айтымында, алар да өкүмдү даттанышат.
Бул иш боюнча буга чейинки отурумдар кандай өткөнүн бул жерден окуй аласыз.
Айзада Канатбекованын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү
Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы саат 5те уурдалган. Кылмышты көчөдө илинген камералар тартып калган — машинанын номери жана канча киши уурдаганы белгилүү болгон. Арадан эки күн өткөн соң, Бишкектин чет жакасындагы талаадан чабан машинаны байкап калып, ал жерден кыздын, ал эми жанында аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү табылган.
Милиция Теңизбаев кызды муунтуп, андан соң өз жанын кыйганын билдирген. Кийинчерээк Теңизбаев Айзаданы өлтүрөөр алдында зордуктаганы белгилүү болгон.
Кыздын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү коомдо резонанс жараткан. Кыздын сөөгү табылган күндүн эртеси укук коргоо органдарынын аракетсиздигине нааразы болгон жүздөгөн жарандар Ош жана Бишкек шаарларында митингге чыккан. Чогулгандар Бишкек ШИИБдин башчысы Бакыт Матмусаев менен Ички иштер министри Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылышкан.
Милициянын жооптуу кызмат адамдары маалымат жыйын өткөрүп, кызды узак убакыт издегени үчүн актанууга аракет кылышкан.
Эки күндөн кийин милиция киши колдуу болгон кызды уурдоого катышууга айыпталгандарды кармаган.
Уурдоо ишинен тышкары кызды өлтүрүү жана Биринчи май РИИБнин кызматкерлеринин шалаакылыгы боюнча кылмыш иштери козголгон.Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча кылмыш иши аны уурдап, кийин өз өмүрүн кыйган Замирбек Теңизбаевдин өлүмүнөн улам токтотулган.
Айзаданын өлүмүнө байланыштуу, милиция кызматкерлеринин шалаакы мамилеси боюнча дагы бир кылмыш ишин УКМК тергеп жатат. Бул тергөө жүрүп жатканына 9 айдан ашты, кайсы этапта экени дагы деле белгисиз. Жабырлануучу тарап тергөө атайын создуктурулуп, сотко чейин жеткирилбей жатканын билдирүүдө. Бирок УКМК тергөө уланып жатканын айтууда, ал эми Башкы прокуратура иш көзөмөлдөө органдарынын «өзгөчө көзөмөлүндө турганын» маалымдаган.