Кыргызстанда 21-январга карата COVID-19 менен ооруп жаткан бир адам каза болуп, жуктуруунун 788 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрилиги кабарлады.
Аймактар боюнча:
- Бишкек шаарында — 523 (он медик);
- Чүй облусунда — 137 (15 медик);
- Баткен облусунда — 30 (төрт медик);
- Жалал-Абад облусунда — 28 (үч медик);
- Ош облусунда — 17;
- Ысык-Көл облусунда — 17 (бир медик);
- Талас облусунда — 17 (эки медик);
- Ош шаарында — 12 (эки медик);
- Нарын облусунда — 7.
Ошондой эле, 21-январга карата жалпы республика боюнча 284 адам оорудан айыгып чыкты.
Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 193 816га жетти. Ал эми өлкө боюнча 181 976 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 843 киши көз жумду.
Учурда ооруканаларда 1 075 бейтап дарыланып жатат — алардын 58и өтө оор абалда. Ал эми үй шартында 6 429 адам дарыланып жатат.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.