Оштогу №4 Киров мектебиндеги сабак. Сүрөт: Айбике Адилет кызы/Kloop

«Мугалимдер катуу чарчайт. Буга чейин “Сапат” лицейинде билим бергем. Ал жакта бир класста 15тен окуучу бар эле. Ошондо деле окуучуларга жетишпей калчубуз. Бул жакта бир класста 40-50дөн бала бар. Окуучуларга теманы түшүндүрө алганыбыз менен кайра аны сураганга жетишпей калабыз», — дейт Сүйүмкан Мамаева.

Ал Ош шаарындагы мамлекеттик мектептердин биринде кыргыз тилинен сабак берет. Мамаева иштеген мектепте балдардын саны үч эсе көп. Бир партада үчтөн бала отурганда билим алуу да, билим берүү да оңойго турбайт.

Кыргызстанда ушундай ашыкча жүктөм менен окуткан мектептер жүздөп саналат — жыл сайын окуучулардын саны көбөйүп жатканы менен мектептердеги орундар дээрлик өзгөрбөй жатат. Бийлик жаңы мектептерди куруп жатат, бирок азырынча алардын саны өтө эле аз болгондуктан маселе чечүү мүмкүн эмес. Мындан сырткары өлкөдө авариялык абалда деп табылган мектептер бар — бул да кырдаалды оорлоштурат.

Көйгөйдүн масштабын көрсөтүп берүү үчүн «Клооптун» жана «Азаттыктын» журналисттери билим берүү министрлигинин Кыргызстандагы мектептер тууралуу берген маалыматын анализдеп чыгышты. Анда мектептер канча баланы батыра алышы жана чындыгында канча окуучу билим алып жатканы изилденди.

Көрсө өлкөнүн бардык региондорунда мектептер ашыкча жүктөм менен окутуп жатыптыр. Ал эми Бишкек менен Ошто мектептер эки эсе толуп калганы аныкталды. Кыргызстанда 1,2 млн окуучу бар болсо, мектептерде жалпы 850 миң балага орун бар болуп чыкты.

Мектептердин курулушуна караганда калктын саны тез өсүп жатат

Журналисттер Кыргызстандагы мектептер ашыкча 360 миң баланы батырып окутуп жатышканын аныкташты. Орто эсеп менен мектептерде балдардын саны 1,5 эсеге көп болуп чыкты. Аталган маселени чечүү үчүн 1000 орунга ылайыкташкан 360 мектеп куруш керек болот.

Биринчиден, бийликтин кыска убакыт аралыгында мынча мектепти курууга мүмкүнчүлүгү жок.

Экинчиден, мүмкүнчүлүк табылса да, мектептер баары бир жетишпейт — калктын саны дайыма өсүп турат. БУУнун маалыматы боюнча Кыргызстанда 2025-жылы калктын саны дээрлик 6%га көбөйөт — бул максималдык көрсөткүч.

2011-жылдан 2020-жылга чейин мектеп окуучуларынын саны 34%га көбөйгөн. Балдардын санынын өсүшүн азайта турган эч кандай себеп жок.

Оштогу Нариманов мектебинин жанына кошумча жаңы корпус курулган. Бирок муну менен маселе чечилген эмес. Сүрөт: Айбике Адилет кызы/Kloop

Эң көп жүктөм Бишкек менен Ош шаарларынын мектептеринин имараттарына туура келет. Анткени ал жакта жергиликтүү тургундардын балдарынан сырткары, ички мигранттардын балдары да билим алышат. Ошол эле учурда аймактардагы мектептердин үчтөн бир бөлүгүндө балдардын саны аз. Айрыкча, бул көрүнүш Баткен, Ош жана Жалал-Абад облусундагы мектептерде байкалат.

«Класста 50 бала. Албетте алаксыган жана ойноп отурган балдар көп болот да. Мугалим 45 мүнөттө теманы түшүндүрүп бере албайт. Биздин мектеп 1000 балага ылайыкташса, анда учурда үч эсе көп окуучу билим алат», — деп түшүндүрдү эки баланын энеси Асель.

Анын балдары Бишкектеги №24 мектеп-гимназияда билим алат. Бир партада үчтөн окуучу отурганга аргасыз болгондуктан пандемия талап кылган социалдык аралыкты сактоо мүмкүн эмес.

«Чакан эле класттарда көп бала билим алат. Бири ооруп калса, жанында отурганы да жуктуруп алышы мүмкүн. Себеби булар бири-бирине жабышып отурушат», — деп кооптонот ал.

Билим берүү тармагында иш алып барган «Булан Институту» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Чолпон Орозобекованын пикиринде, Бишкектеги мектептердин маселесин чечүү үчүн жаңы конуштарда мектептерди куруу керек. Анткени ал жакта негизинен ички мигранттар отурукташкан.

«Жаңы конуштарда мектеп курулбай калганынын себеби: Биринчиден, жаңы конушту түптөгөндө эле мектепке, ооруканага жер тилкесин калтырыш керек болчу. Көп жаңы конуштарда жер тилке калтырылбай бүт сатылып кеткен. Себеби жаңы конуштар негизинен басып алуу жолу менен түптөлгөн. Экинчиден, каражат тартыш», — дейт Орозобекова.

Ош шаары, Нариманов мектебиндеги сабак. Сүрөт: Айбике Адилет кызы/Kloop

Ал эми Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Бектурсун Көкөнов калаадагы мектептердин 80%ы совет маалында курулгандыктан алардын сыйымдуулугу аз экенин эске салды. Көкөнов да ашыкча жүктөм маселесин чечиш үчүн жаңы имараттарды куруу керектигин айтат.

«Мурда калктын саны аз болгондуктан, чоң үйлөр жок болгондуктан көйгөй болгон эмес. Жыл сайын 3000-3500 окуучу кошулуп жатса, быйыл 5000 окуучу кошулду. Калктын саны өскөнү менен мектептердин саны өспөй жатат», — деп түшүндүрдү ал.

Бул абалдан чыгуу үчүн мектеп жетекчилиги парта менен отургучтардын санын көбөйтүүгө аргасыз. Мындан тышкары окуучуларды үч нөөмөт менен окутушат.

Мурда Кыргызстанда атайын стандарт бар болчу. Ага ылайык бир класста 30 окуучудан ашыкча бала билим албашы керек эле. Бирок 2018-жылы аталган норма күчүн жоготуп, учурда бир класста канча бала окушу керектиги боюнча эч кандай стандарт жок.

Сүрөт: Айбике Адилет кызы/Kloop

Эмнеге көйгөй чечилбей келет?

Назарбаев Университетинин профессору Дүйшөн Шаматовдун айтымында, Кыргызстандын билим берүү министрлигиндеги кадрлардын бат-баттан алмашуусу көп жылдык, туруктуу стратегия курууга тоскоолдук кылып жатат. Мындан улам көптөгөн маселелер, анын ичинде мектептердеги ашыкча жүктөм дагы чечилбей келет.

«Жаңы министр келгенде ал стратегияны жаңыдан түзүшкө аракет кылат. Мурдагыларды унутуп коёт же болбосо өзүнүн атын кошуп чыгара коёт. Жакшы идеялар уланбай калып жатат. Кээде жеке пикир-келишпестиктен да. Башка мамлекеттерде көп жылдык стратегия коюшуп, аны аткарууга баары аракет кылышат. Кийинки команда келсе алар улантышат», — деп түшүндүрдү Шаматов.

Мисалы, учурдагы министр Болот Купешов үстүбүздөгү жылдын май айында гана кызматка дайындалган. Ага чейинки министр Алмаз Бейшеналиев аталган кызматта бир жыл гана иштеп кетти. Эгемендүүлүк жылдарында, 30 жыл ичинде, акыркы министрди эске албаганда 16 министр алмашты.

Учурда Кыргызстанда 186 мектеп курулуп жатат. Алардын ар бири ар башка курулуш деңгээлинде турат: биринин дубалы тургузулса, экинчисинин фундаменти гана бар. Алардын курулушу качан аякташын эч ким билбейт. Көбүнчө курулуш иштери бир нече айга чейин токтоп калат. Бул учурда курулуштар шамалдан, жамгырдан жана кардан жабыркашат.

Оштогу №4 Киров мектебиндеги сабак. Сүрөт: Айбике Адилет кызы/Kloop

Аткаминерлердин айтымында, жыл сайын өлкө казынасынан мектептердин курулушуна 800 млн сом бөлүнөт. Бирок башталган курулуштарды бүтүрүү үчүн 14 млрд сом керектелет.

«Бүгүнкү күндө куруучулар курулуш материалдарынын кымбаттап кетишинен запкы жеп атат. Министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасы менен мамлекеттик комиссия иштеп атат. Материалдар канча пайызга өстү, айлык акы канча пайызга өскөнүн эсептеп жатышат», — деп түшүндүрдү Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору Талант Эшбаев.

2018-жылы бийлик коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражаттар үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачкан. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков акчалар мектептердин курулушуна жумшаларын билдирген.

Бийлик өкүлдөрү Бишкек, Ош жана Чүй облусунда 15 мектеп курууну чечишкен — бул үчүн 800 млн сом бөлүнөрү айтылган. 2020-жылы үч мектептин курулушу аяктаган. Бирок учурда аталган эсептин тагдыры тууралуу расмий маалымат эч жерде жок.

2022-жылдын башында президент Садыр Жапаров республикалык бюджеттин эсебинен Бишкекте 15 мектеп курууну тапшырды. Андан сырткары, Бүткүл дүйнөлүк банк ERIK долбоорунун алкагында 14 мектептин курулушун каржылай турганы белгилүү болду. Ошондой эле ушул долбоордун ичинде авариялык абалдагы 16 мектеп оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Буга карабастан балдардын билим алышына жакшы шарт түзүү үчүн өлкө дагы 100дөгөн жаңы орто билим берүү мекемелерине муктаж.

Кантип эсептөө жүргүздүк?

Биз өлкөдөгү мектептердин долбоордук сыйымдуулугу менен иш жүзүндө окуп жаткан балдардын саны тууралуу маалыматты чогулттук. Алардын ортосундагы айырмачылыкты эсептеп, аны пайызга котордук. Жалпысынан 2155 мектепти анализдедик. Кыргызстандын аймактары боюнча маалыматтар 2019-жылга таандык, ал эми Бишкек менен Ош шаарларындагы маалыматтар 2021-жылга караштуу. Айрым мектептер тууралуу маалыматтар толук болбогондуктан алар биздин эсептөөлөрүбүзгө кирбей калды.

Авторлору: Элвира Султанмурат кызы, Айбике Адилет кызы

Дата-редактору: Андрей Дорожный

Редакторлор: Айдай Иргебаева, Анна Капушенко, Дмитрий Мотинов

Бул материал Дүйнөлүк Банк жана IDEM менен биргеликте USAID уюмунун колдоосу менен ишке ашырылган. Түзгөндөр: «Кыргызстандагы Интерньюс» «Медиа-К» долбоорунун дата-журналистика программасынын стипендиаттары.

Программанын ментору — Андрей Дорожный.

Материалдагы ой-пикир жана тыянактар сөзсүз эле «Интерньюстун» жана анын өнөктөштөрүнүн көз карашын чагылдырбайт.