Коллаж: Джеймс О’Брайен

Январдагы нааразылыктар учурунда үн катпаган Казакстандын экс-президенти өзүнө гана баш ийген фонддор аркылуу банктарга, отелдерге жана укмуштуудай жеке учакка ээлик кылат.

OCCRP, «Клооп» жана «Vласть» (Казахстан) басылмасынын иликтөөсү

Иликтөөнүн урунттуу учурлары:

  • Казакстандын ЖМКлары Назарбаевдин көп сандаган кайрымдуулук фонддорунун жакшы иштерин сыймыктануу менен чагылдырат.
  • Бирок фонддор дагы бир функция аткарат: миллиарддаган долларлык активдерди башкарат.
  • Бул элиталуу отелдер, банктар, фабрикалар, кампалар жана жалпы баасы сегиз миллиард доллардан кем эмес башка активдер.
  • Формалдуу бул байлык Назарбаевге таандык эмес, бирок ал, фонддордун негиздөөчүсү катары көзөмөлдөөнү өз мойнуна алган.
  • Юристтер фонддордун ишмердигине байланыштуу акыркы чечимди Назарбаев өзү кабыл аларын айтышат — анын ичинде активдерди өткөрүп берүү же сатуу да бар.

Фонддор жыл сайын тапшырылуучу отчётторду бербейт, ал эми айрым активдер чет өлкөлөрдө күмөндүү коммерциялык түзүмдөрдүн артында жашырылган. Ал каражаттар кайда жашырылган, саясий жана социалдык толкундоолор болуп кетсе эмне болору бүдөмүк.


Баасы 100 миллион доллардан ашкан жеке учак. Банктар жана телеканалдар. Накталай миллиарддаган долларлар. Казакстандагы эң эле укмуш делген отелдер, көптөгөн соода борборлору жана гольф талаасы. Анчейин көзгө урунбаган объектилердин арасында: кампалар, макарон фабрикасы. Кайсы бир убакта бул тизмеде жер аянттарын жакшыртуу боюнча дагы компания бар болчу.

Бул ишканалардын ортосунда жана жалпы баасы кеминде сегиз миллиард доллар турган активдердин ортосунда анык байланыш жок. Бирок баарынын артында Казакстандын канча жылдан бери тактыдан козголбогон лидери Нурсултан Назарбаев турат.Ал бул активдерин өзгөчөлөнгөн ыкма менен көзөмөлдөйт: Назарбаев президент болуп турганда негиздеген төрт жеке кайрымдуулук фонду аркылуу. Фонддун жарыялаган максаты — казак элине жардам берүү. Чындыгында, казак тилин жайылтуу менен алектенип балдарга белек таркаткан уюмдар жашыруун түрдө ондогон компанияларда үлүшкө ээ болгон.

Активдердин бир бөлүгү Эл башынын башкаруу убагында түзүлгөн кландык капитализмге байлыгы менен бөлүшүүгө милдеттүү болгон олигархтардан назарбаевчил фонддордун (айрымдарына дагы деле биргеликте ээлик кылышат) көзөмөлүнө өткөн. Айрым, акыры фонддор тарабынан сатып алынган жеке компаниялар Казакстандын өкмөтүнөн каржыланып турган. Учурда көптөгөн эл аралык конгломераттарга караганда Назарбаевдин фонддору көзөмөлдөгөн ишканалары көп.

Казакстандын Биринчи президенти жана Эл башчысы Нурсултан Назарбаев. Сүрөт: Elbasy.kz

Фонддор — бул коммерциялык эмес уюмдар болгондуктан ири активдери формалдуу түрдө Назарбаевге таандык эмес. Бирок OCCRP’нин журналисттери байланышкан укук жаатындагы эксперттер казак мыйзамдары боюнча активдердин тагдыры боюнча акыркы чечимди жеке фонддордун негиздөөчүсү кабыл аларын айтышууда. Көп жагдайлар, анын ичинде активдер канча сумманы чапчый турганы белгисиз бойдон калууда — башка катардагы компаниялардан айырмаланып назарбаевчыл фонддор жыл сайын отчёт жарыялабайт.

Узак айларга созулган иликтөөнүн жүрүшүндө журналисттер ар башка өлкөлөрдөгү корпоративдик документтерди изилдеп чыгып, Назарбаевдин эбегейсиз байлыгынын салыштырмалуу толук картинасын түзүштү. Бул маалыматтардын бир бөлүгү ачык булактарда жарыяланган болчу, бирок мурда экс-президенттин сырдуу активдери тууралуу батынып эч ким жазчу эмес, анткени Эл башыны сындоо опурталдуу болчу.

Казакстанда көзкарандысыз ЖМКлар абдан аз. Медиаиндустриянын көбүнчөсүн өкмөт же өкмөткө караштуу чөйрөлөр көзөмөлдөйт, ал эми оппозициячыл басылмаларды бийлик жаап коёт же ишине тоскоолдук кылат.

Казакстандын Жазык кодексинин 373-беренесинде «Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти — Эл башыны эл алдында мазактоо жана ар-насымы менен кадыр баркына доо кетирүү» (Эл башы — бул наам Назарбаев үчүн атайын ойлоп табылган) үчүн үч жылга эркинен ажыратуу каралган. Бул берене экс-президентке карата айтылган ар бир сынды кылмышка айлантат. Алсак, өткөн жайда Маалыматты жана коомчулукту өнүктүрүү министрлиги эки басылманы Назарбаевдин элеси түшүрүлгөн муралдын бузулушу тууралуу макаласы үчүн сотко беребиз деп коркуткан.

Дал ушул мыйзамдын айынан жергиликтүү журналисттер куугунтукка кабылуудан же сот жообуна тартылуудан коркуп Биринчи Президент тууралуу сейрек жазышат.

Бул иликтөөнүн маалыматтары 90-жылдардын башында СССРдин курамынан чыккандан кийин өлкөдө өкүм сүрүп калган коррупция менен теңсиздик кандай кесепеттерге алып келерин көрсөтөт. Назарбаев башкарган узак жылдары жаратылыш ресурстарын сатуу көпчүлүк казакстандыктардын турмуш-шартына анчейин деле таасир эткен жок. Бирок ошол эле учурда президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнөн жана аларга санаалаш чиновниктерден турган миллиардерлердин чакан чөйрөсү пайда болгон.

Дагы окуңуз: Секретные маневры с офшорами обогатили неофициальную жену лидера Казахстана Нурсултана Назарбаева. Она получила 30 миллионов долларов без видимых оснований.

Ал тургай 2019-жылы Назарбаев президенттик кызматын тапшырып, Коопсуздук кеңештин төрагасы кызматын ээлеп, тактыным мураскери Касым-Жомарт Токаевге калтырып кеткенде дагы жагдай өзгөргөн эмес.

Бул январдын биринчи күндөрүндө Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына каршы башталган митинг эмне себептен тез эле өлкө боюнча массалык нааразылыкка өөрчүп кеткенин да түшүндүрүп турат — адамдар саясий өзгөрүүнү талап кылышкан, алардын дооматы конкреттүү адамга багытталган болчу. Нааразы топ «Чал, кет!» деп ураан чакырган — ал эми соцтармактарда жерде жаткан Назарбаевдин айкелинин сүрөтү желдей тараган.

Twitter’дин колдонуучулары 2022-жылдын биринчи күндөрү Казакстандагы нааразылыктар учурунда Назарбаевдин айкели жерде кулап жаткан сүрөттү активдүү бөлүшүшкөн. Сүрөт: Twitter

Массалык нааразылыктар көшөгө артында бийлик үчүн күрөш менен коштолгону анык: 5-январда президент Токаев Нурсултан Назарбаевди Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кетирип, кызматка өзү отурарын жарыялаган.

Назарбаев башаламандык учурунда элге көрүнгөн эмес — саясий таасиринен кол жууп калганы толук мүмкүн. Мындан улам миллиарддары эмне болот деген суроо туулат.

Назарбаевдин басма сөз катчысы комментарий берүү өтүнүчүбүздү жоопсуз калтырды. Үч фонд дагы журналисттердин суранычын кулак сыртынан кетиришти, ал эми төртүнчүсүнөн активдер экс-башкаруучуга киреше алып келбесин, себеби уюмдун ишмердиги Биринчи Президенттин ысымы берилген билим берүү мекемелерин каржылоого гана багыттылган деп айтышты.

Мурда Казакстандын баш калаасы Астана деп аталчу, бирок 2019-жылы шаарга Назарбаевдин ысымы берилген — Нур-Султан. Сүрөт: Elbasy.kz

Назарбаевдин 30 жылдык башкаруусу

Казак дыйкандарынын уулу Нурсултан Назарбаев саясаттагы жолун жыйырма жаштан өтүп калганда Советтер Союзунун Коммунисттик партиясына кирүү менен баштаган. Эмгек жолу ортолоп калганда чоң ийгиликтерге жеткен: Казак ССРнин Министрлер кеңешинин төрагасы жана Казакстан компартиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы болгон. 1990-жылы өлкөдө президенттик кызмат негизделгенде аны Назарбаев аркалай баштаган. Кийинки жылы өлкө эгемендик алып, Назарбаев жалгыз талапкер болгон президенттик шайлоо өткөн — кийинки ондогон жылдары өлкөнү өзү башкарган.

Ал Казакстанды башкарган жылдары Конституцияга бир нече жолу түзөтүү киргизилип, Назарбаевдин президенттик ыйгарымдары кеңейтилип, өзүнө, бир гана өзүнө чеги жок кайра-кайра шайланууга мүмкүнчүлүк алган. Анын «Нур Отан» партиясы тил алчаак казак парламентинде үстөмдүк кылчу. Назарбаевдин режими саясий оппоненттерди куугунтуктап, сөз эркиндигин басып, ошол эле кезде менчиктештирүү толкунунан кийин экс-президенттин жакын чөйрөсүндөгү бизнесмендерге эбегейсиз байлыкка жана таасирге ээ болууга жол берген.

Назарбаев кылмыш жоопкерчилигинен коргогон иммунитетке дагы ээ, кол тийбестик ал негиздеген уюмдарда да тиешелүү. 2010-жылы буга кошумча, Назарбаев жаңы наам алган — «Эл башы»

«Казакстан Республикасынын Тунгуч Президенти — Эл башы кол тийбестикке ээ. Ал ыйгарым укуктарын аткарып турган кездеги иш-аракеттери үчүн жоопко тартылбайт… мөөнөтү аяктагандан кийин — Тунгуч Президенттин статусун ишке ашырууга байланышка аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартылбайт… Аны кармоого, камакка алууга жана камакта кармоого, тинтүүгө, суракка алууга же жеке текшерүүгө болбойт.

Кол тийбестик Тунгуч Президенттин жана аны менен бирге жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык болгон бардык мүлккө, ошондой эле алар пайдаланган турак-жай жана кызматтык жайларга, кызматтык транспортко, байланыш каражаттарына, кат-кабарларга жана документтерге карата колдонулат.

Кол тийбестик Казакстан Республикасынын Тунгуч Президенти — Эл башыга таандык Фонддун мүлктөрүнө, ошондой эле ал түзгөн юридикалык жактарга карата да колдонулат».

Болжолу ушул убакыт аралыгында ал фонддорду ача баштаган, кийин алар миллиарддаган долларлык активдерди алган.

Алардын бири, «Казакстан Республикасынын Тунгуч Президентинин — Эл башынын * Фонду», мындан бир нече жыл мурда катталган. Башында бул коомдук уюм болгон, бирок 2011-жылы «жеке менчикке» өткөн, андан бери негиздөөчү Назарбаев болуп келет. (2021-жылы фонд жабылган.)

Экс-президент «Назарбаев Фонду» жана «Нурсултан Назарбаев Фондун» жеке менчик фонддор катары 2009 жана 2010-жылдары негиздеген. Дагы эки фонд — «Демеу Фонду» («колдоо» деп которулат) жана «Эл башынын Фонду» — 2013 жана 2021-жылдары түптөлгөн.

Фонддордун аталышы менен ишмердиги окшош болгондуктан аларды айырмалоо кыйын. Айрым уюмдардын сайттары таптакыр эле жок, ал эми сайттары барлары чаташтырат: мисалы, «Тунгуч Президенттин Фонду» колдонуучуларды негизделген күнү туура эмес болгон, чындыгында биринчи фондго таандык «Нурсултан Назарбаевдин Фондунун» барагына автоматтык түрдө багыттап жатты.

Кыязы, «Демеу» жана «Елбасы» фонддору ачык иш алып барбайт. Бирок калган уюмдар Казакстандын лоялдуу ЖМКлары кубаттап чагылдырган билим берүү, социалдык жана патриоттук долбоорлорун жигердүү сүрмөлөп турушат.

Жаңы Жылга карата «Нурсултан Назарбаевдин Фонду» 228 майып баланын «кыялын аткарды»: аларга куурчак үйү, окуу үчүн планшеттер, спорттук кийим-кечек жана башка белектер берилген. Булагы: bilimdinews.kz

*Эл башы «Журт атасы» деп дагы айтылат.

2011-жылы кезектеги жаңы мыйзам «Назарбаев Фондун» эки ири билим берүү мекемесин — бир нече орто мектеп жана флагмандык изилдөөчү университетти каржылоого милдеттендирген.

Бирок бул чечимидин башка да максаты болгон.

Билим берүү фондубу же бизнес-империябы?

«Назарбаев Университети» Казакстандын билим берүү системасын модернизация кылуу максатында 2010-жылы негизделген. Ал Нур-Султандын чет жакасында чоң студенттик шаарчанын ортосунда жайгашкан.

«Бул окуу жайды түзүү — мен жеке өзүм көзөлдөй турган маанилүү улуттук долбоор, — деген Назарбаев 2010-жылы университеттин ачылышынан көп өтпөй. — Ал калаанын, бүткүл мамлекетибиздин жана коомубуздун өнүгүшүнө системдүү таасир этет деп ишенем».

Назарбаев Университети. Сүрөт: Beshbarmak/CC BY-SA 4.0

Өлкөдө «Назарбаев Интеллектуалдык мектептери»и(НИМ) аталышындагы орто мектептер тармагы да ачылган.

Бул билим берүү жайларынын баары мамлекет тарабынан өтө жакшы каржыланат — 2010-жылдан тартып 2021-жылга чейин аларга беш миллиард долларга жакын каражат бөлүнгөн. Өлкөнүн билим берүү бюджети үчүн бул өтө эле тең келбеген сумма, анан калса бул окуу жайларында казакстандык студенттер менен окуучулардын аз гана бөлүгү билим алат.

Көбүнесе университеттер демөөрчүлөрдөн акча алып, аларды инвестиция кылып, түшкөн кирешени муктаждыктарына жумшоо үчүн билим берүү фонддорун түзүшөт. Окуу жайларын каржылоо үчүн түзүлгөн бул сыяктуу фонддордон айырмаланып «Назарбаев Фонду» окуу жайларга таандык эмес. Бул Нурсултан Назарбаев өзү негиздеп жана көзөмөлдөгөн жеке менчик уюм. Ошол эле кезде мектептер тармагы менен университеттин жеке өздөрүнө тиешелүү корпоративдик «өнүктүрүү фонддору» бар, аларды бул окуу жайлар өздөрү башкарат.

«Назарбаев Фондунун» сайты жок, ал отчёт бербейт жана башка демөөрчүлөрдөн же Назарбаевдин өзүнөн канча акча алганын маалымдабайт.

Журналисттер фонддун башкармалыгынын төрагасы Аслан Саринжипов менен байланышканда расмий документти карматты, анда уюм 2019-жылга карата демөөрчүлөрдөн миллиард доллар алып, инвестициялардын 200 миллон доллар пайда тапканын көрүүгө болот.

Журналисттер фонддун ачык-айкын каржылаган бир гана учурун тапты: Тоо кен өндүрүүчү эл аралык Eurasian Natural Resources Corporation (ENRC) уюмунун финансылык отчетуна ылайык 2011-жылы фондго 98 миллион доллар которгон. Эл аралык компаниянын үлүшүнүн көп бөлүгүн Назарбаевдин учурунду байыган олигархтар көзөмөлдөшөт.

Саринжипов жазган катта фонд ачылгандан бери он жыл аралыгында фонд изилдөө тармагына, лабораториялык жабдууларга, окуучуларга жардам катары жана башка билим берүүгө байланышкан максаттарга 46,5 миллион доллар бөлгөнүн көрсөткөн. (Бул ушул эле аралыкта мамлекет университетке жана НИМге берген сумманын болжолдуу бир пайызы.)

«Назарбаев Фонду» 2009-жылы пайда болгон, бирок Назарбаев президенттик кызматтан кеткен 2019-жылга чейин эч кандай көрүнүктүү инвестиция кылган эмес.

Ал арада НИМ менен университетке таандык эки фонд Pioneer Capital Invest деген инвестициялык холдинг түзүп, ал аркылуу 30 миллион долларга Казакстандын «ЭкспоКредит» банкын сатып алган.

Андан соң «Назарбаев Фонду» Pioneer Capital’дын 75 пайыз үлүшүнө ээ болгон. Баштапкы негиздөөчүлөрдө компаниянын болгону төрттөн бири гана калган (фонд үлүшүн кайсыл шарттар менен алганы — белгисиз).

Кийин үлүштөр кайра өзгөргөн: 2021-жылдын июлунда «Назарбаев Фондунда» компаниядагы жалпы үлүштүн 62 пайызы калган.

Мындай колдоого ээ болгондон кийин Pioneer Capital ар кайсы өндүрүшкө инвестиция сала баштаган, анын ичинде казакстандык ири кредит берүүчү — «Цеснабанкты» сатып алган. Бул банк мурда Президенттин администрациясын жетектеген Адилбек Жаксыбековдун үй-бүлөсүнүкү болчу. Банктагы башкаруу начарлап кеткендиктен өкмөт аны аны куткарууга мажбур болгон.

Андан кийин Pioneer Capital дагы бир нече банкты, уюлдук операторлорду, онлайн-соода үчүн платформаны, кампаларды, соода борборлорун, ал тургай макарон факбрикасын дагы сатып алган.

Инфографика: Джеймс О’Брайен / OCCRP

Бүгүнкү күндө Pioneer Capital’дын активдери 7,8 миллиард долларга бааланат. Алардын ичинде АКШнын казыналык векселдери, Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик облигациялары жана накталай 3,4 миллиард доллары бар. 2020-жылы фонддун кирешеси 500 миллион доллардан ашкан.

Журналисттердин суроосуна Саринжипов «Назарбаев Фонду» «классикалык эндаумент-фондунун үлгүсү …эл аралык мыкты (Гарвард, Стэнфорд жана Дьюкс университеттеринин билим берүү фонддордун) үлгүлөрдүн негизинде түптөлгөнүн» жазган. Ал Назарбаев бул активдерге «ээлик кылбасын» жана «уюмдун эсептеринен эч бир жагдайда акча чыгарып ала албасын» белгиледи.

Фонд журналисттерге уставын көрсөттү, анда чындап эле жалгыз максаты билим берүү миссиясына демөөрчүлүк кылуу экени айтылган. Бирок документте башкы жетектөөчү органдын, Жогорку камкордук кеңешинин биринчи төрагасы Нурсултан Назарбаев экени дагы көрсөтүлгөн — фондду, анын ичинде уставдын өзүнүн мазмунун дагы Назарбаев көзөмөлдөйт.

Эгер Назарбаев фонддун көзөмөлүнөн активдерди чыгарып кетүүнү кааласа ага эмне жолтоо болот деген суроого Саринжипов жооп берген жок. Буга чейин эле чыгарып кеткен деп айтууга негиз жок, бирок фондгокараштуу түзүмдөрдүн кечээ жакындагы аракеттери суроо жаратат.

2020-жылы Назарбаевдин түзүмдөрүндө Улуу Британияда каттоодон өткөн Jusan Technologies деген жаңы холдинг пайда болгон. Pioneer Capital ага банктарын, кампаларын, соода борборлорун жана башка калган активдерин өткөрүп берген.

Кийинки жылы табышмактуу QAZ42 Investment компаниясы Jusan Technologies’тин жана анын миллиарддык активдеринин 3 пайызын алган, мындан улам «Назарбаев Фондунун» үлүшү азайган. Баасы 200 миллион далларды түзгөн үлүшү үчүн QAZ42 Investment болгону 20 млиллион доллар төлөп берген.

Бул компаниянын жана өтө эле пайдалуу келишимдин артында ким турарын аныктоо мүмкүн эмес, себеп дегенде компания кайсыл юрисдикцияда катталганы дагы белгисиз. Журналисттер бул компания тууралуу Улуу Британиянын корпоративдик документтери аркылуу гана билип отурат.

«Назарбаев Фонду» Люксембургда күмөндүү корпоративдик түзүмдөрдү да колдонот, ал казакстындык ири мобилдик оператордун 24 пайыз акциясын жашыруун сатып алууга да жол ачкан.

KCell’дин сыры

2021-жылдын сентябрында уюлдук байланыштын ири провайдери «Казахтелеком» «ачык тоорукта инвесторлордун кең чөйрөсүнө» акциялардын 24 пайызын сунуштаганын жарыялаган.

Ошол эле күнү Bloomberg «казак лидерине [Назарбаевге] байланыштуу» банк компаниянын тогуз пайыз акциясын сатып алганын билдирген. Бул банк «Назарбаев Фондуна» таандык. Белгилүү болгондой, фонд калган акцияларды дагы сатып алган, бирок бул үчүн анчейин айкын эмес түзүмдү — Люксембургдун Pioneer Technologies фирмасын колдонгон.

Ал дагы бир табышмактуу люксембургдук ишканага таандык — Pioneer Horizon East. Бул «атайын чектелген өнөктөштүк» — мындай фирмалар өнөктөштөрүн (ээлерин) ачыкташпайт. Бирок журналисттер анын Назарбаев менен байланышын аныкташкан: Британиянын Jusan Technologies компаниясынын корпоративдик документтеринде ал ишканага 64 миллион доллар инвестиялап, жоопкерчилиги чектелген өнөктөшү болуп калганы айтылат.

Айрым маалыматтарга ылайык, кайсы бир учурда KCell постсоветтик мейкиндикте эң кымбат уюлдук оператору болгон, бирок фонд сатып алганга чейинки бир нече айдын ичинде акцияларынын баасы эки эсе арзандап кеткен. KCell’дин миноретардык акционерлеринин өкүлдөрү Казакстандын финансылык жөндөөчүсүн бул рынокту манипуляциялоо эмеспи аныктап берүүнү суранышкан.

Отелдер, телеканалдар жана жер аянттарын жакшыртуу

Назарбаевдин калган үч фонду Эл башы президенттик кызматтан кеткенден кийин жигердүү түрдө инвестиция менен иштөөгө өткөн.

2020-жылдын августунда Business Insider порталы «учуучу пентхаус» деп атаган учак Индианаполистен учуп кеткен. Цюрих жана Мальтада конуп, андан чыгып кайра Нур-Султандагы өз базасына конгон.

Баасы 100 миллион доллардан ашык турган Airbus ACJ320neo учагын сатып алуу ыктымалдыгы — Назарбаевдин жеке жашоосу анын Казакстандын мамлекетке эмгек сиңирген ишмер катары абалына байланыштуу болуп жатканынын көрүнүктүү мисалы.

«Нурсултан Назарбаевдин Фонду» жаңы учакты Швейцариянын авиакомпаниясынан сатып алып, Казакстанга импорт кылып алып келген. Бул фактынын өзү тууралуу учак импорттук көзөмөлдөн бошотулганы айтылган документ журналисттердин колуна тийип калгандыктан эле белгилүү болгон.

Учурда ал Berkut Air флотунда — Президенттин иш башкармалыгына баш ийген мамлекеттик авиакомпанияда. Учак фондго расмий таандыкпы-жокпу белгисиз, бирок аны Назарбаев колдонуп жүргөнүнүн айныгыс далилдери бар.

Учактын жүргөн турган жери көптөгөн атайын трекерлерде көрүнбөйт, бирок журналисттер баары бир деле анын Open Sky Network’тогу учуулары тууралуу маалымат табышкан. Open Sky Network — аба каттамы тууралуу маалыматтарды чогулткан коммерциялык эмес уюм.

2021-жылдын 30-июнунда учак Казакстандан Москвага учуп келгени белгилүү. Ошол эле күнү Кремль Назарбаевдин Орусиянын президенти Владимир Путин менен «жумушчу жолугушуусу» болгонун маалымдаган. (Назарбаев Путинге меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, мындайча тамашалаган: «Мен эркин адаммын — үч жылдан бери президент эмесмин!»)

Учак Казакстан боюнча дагы бир катар рейске чыккан — журналисттер каттамдын экөө Назарбаевдин туристтик хабга жана археологиялык объектке барган күндөрү менен дал келерин аныкташкан.

Назарбаевдин башка фонддорунун сатып алуулары дагы булардан кем калбайт. Учактын таржымалындай эле, кайсы каражатка алынганы белгисиз. Бирок Назарбаевдин фонддору бир нече компания сатып алган. Ал компаниялар сатылардын алдында казак өкмөтүнөн каржылык колдоо алган — мындайча айтканда, мамлекеттик каражаттар жеке колго өтүп кеткен.

Кызыктуу активдердин арасында The St. Regis Astana дагы бар — бул 2017-жылдын сентябрында Нур-Султандын борборунда ачылган отель. Ал Marriott International тобунун курамына кирет. Жарнамалык материалдарда аны «калаанын байманалуу борборунда жайгашкан» деп макташат.

2017-жылдын сентябрында отелдин ачылышынан кийин Назарбаев үчүн экскурсия уюштурулган: Сүрөт: Президенттин администрациясы

The St. Regis Казакстандын Turion Investment Group компаниясына таандык — 189 миллион доллар турган мейманкананын курулушуна Казакстандын өнүктүрүү банкынан 85 миллион доллар насыя алган. Аталган мамлекеттик банк экономиканын чийки зат эмес секторлорун өнүктүрүү үчүн негизделген жана башкаруучу элитанын көрсөтмөсү менен бир далай кредиттерди берген. Бул маселени президент Токаев да моюнга алган. 2022-жылдын 11-январында Токаев финансы мекемеси «финансылык-өнөр жай жана курулуш топторуна ээлик кылган белгилүү адамдар чөйрөсүнүн жеке банкына айланып калды» деп билдирген.

Turion Investment Group’тун акционерлеринин арасында Назарбаевдин күйөө баласы жана Казакстандын эң бай бизнесмендеринин бири Тимур Кулибаев бар. Отель ачылганына бир жыл боло электе Кулибаевдин үлүшү (кайсы бөлүгүнө ээлик кылганы белгисиз) Назарбаевдин «Демеу» фондуна өткөрүлгөн. Белгисиз себептерден улам 2021-жылдын декабрында үлүштөр кайра Кулибаевдин жана анын аялы Динаранын — Назарбаевдин кызынын көзөмөлүнө кайтарылган.

Экс-президенттин башка фондуна таандык түркиялык беш жылдыздуу отель мурдагыдан да көп тикелей мамлекеттик колдоого ээ болгон.

2000-жылдардын башында Назарбаевдин Казакстан Республикасынын Президентинин иш башкармалыгы Түркиядагы Жер ортолук деңиздин жээгинде отель куруу боюнча эки жеке компаниянын долбооруна кошулган. Айрым маалыматтар боюнча, ал жерде экс-президент эс алып кетип жүрөт.

2004-жылы Анталья курорттук шаарынан алыс эмес жерде ачылган Rixos Beldibi түрк өкмөтү Кахакстанга туристтик өнүгүү үчүн бөлүп берген участокто курулган.

Rixos Beldibi отели. Сүрөт: Карим Жамаль (CC BY 3.0)

Келишимге катышкан жеке компаниялардын бири «казак үчилтигине*» — баягы эле Назарбаевдин университеттик фондуна демөөрчү болгон олигархтарга (алар чуулгандуу Trump SoHo долбоорунун дагы инвесторлор болгону айтылган) таандык. 2010-жыл — бул боюнча маалыматтар бар биринчи жыл — акциялардын калган 55 пайызы Казакстандын өкмөтүнө таандык болгон.

Бирок 2013-жылы анын болгону 30 пайыз акциясы калган — көзөмөл пакети (69 пайызы) «Тунгуч Президенттин Фондуна» өткөрүлгөн. Кайра уюмдаштыруудан кийин акциялар «Нурсултан Назарбаевдин Фондунун» көзөмөлүнө өткөн.

Экс-президенттин фондунун башка ири акцияларынын арасында дагы бир отель, гольф-клуб, балет театры жана бир нече ЖМК бар. Алардын бири «Караван» онлайн басылмасы, фонддордун кайрымдуулук иштерин күжүрмөн чагылдырат.

Инфографика: Джеймс О’Брайен / OCCRP

Журналисттер Назарбаевдин эки фондуна таандык жер аянттарын жакшыртуучу компаниясы 2012-2018-жылдары 6,5 миллион долларлык тендерди утканын дагы аныкташты. Ал кезде Назарбаев президент болуп турган.

Пенсионердин кайтып келиши

Назарбаев Казакстанда чет элдик кийгилигишүүгө чейин жеткен массалык нааразылыктар менен башаламандыктар башталганда көрүнбөй отурууну чечкен өңдүү.

Ал арада президент Токаев бийликти бекемдөө менен убара.

Көптөгөн камоолордун шартында Токаев Назарбаевдин башкаруу ыкмаларын сынга алган — мындан бир нече ай мурда ушундай болот деп элестетүү мүмкүн эмес эле. Ал казак экономикасын басып алган олигархтардын тобун сынга алуу менен өлкөдөгү олуттуу делген теңсиздик маселесин козгогон.

Бирок назарбаевчил фонддордун көзөмөлүндөгү миллиарддаган долларлык активдер эмне болот деген суроо ачык бойдон калууда.18-январда Назарбаев элге кайрылып, казак элитасындагы тирешүүлөр тууралуу версияларды төгүнгө чыгарды. Ал Токаевди жана пландалган реформаларды колдоп, өзүн ардактуу эс алуудагы «пенсионермин» деп атады.

Өзүнүн кайрымдуулук ишмердиги тууралуу эч нерсе айткан жок.