Юристтер Салык кодекси боюнча суроолорго жооп берген Телеграм-бот иштеп чыгышты

Юристтердин тобу Телеграмда Салык-бот иштеп чыгышты, анда жарандар жаңы Салык кодекси боюнча жаралган суроолорго жооп ала алышат.

Бот жарандарга күчүнө кирген салык системасын түшүнүүгө жардам берет. Аталган демилгени юристтер Султан Калыбаев менен Жазгүлүм Ысабекова өз ынтызарлыгы менен көтөрүп чыгышкан.

Телеграмдагы автоматтык жооп берүүчү атайын программадан жалпы салык жана атайын режимдер, киреше жана мүлк салыгы тууралуу маалымат алса болот. Ошондой эле дагы башка көптөгөн суроолорго жооп табууга болот.

20-январда кыргызстандык салык төлөөчүлөрдүн 28-январга чейин (бул датаны кошкондо) салык режимин тандоого убактысы бар экени белгилүү болду.

Режимди тандоо үчүн жарандар катталган жери боюнча жергиликтүү салык органына арыз менен кайрылуусу керек.

Мамлекеттик Салык Кызматы ыктыярдуу патент менен иштеген кызматкерлерге арыз жазуунун кажети жоктугун маалымдады.

Дагы окуңуз: Салык кызматына кимдер барып салык режимин тандоосу керек — тизме. Ыктыярдуу патент менен иштеген кызмматкерлерге бул шарт эмес.

Жарандарды тейлөө үчүн ведомство күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтөт. Бишкектеги Салык органдарынын «Бирдиктүү терезелери» жана Ишкерлерди тейлөө борборлору иш күндөрү саат 23:00гө чейин, ал эми дем алыш күндөрү 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт.

Бирок 20-январда Салык кызматына барган «Клооптун» окурмандары салык органдарында керектүү режимди тандоо үчүн арыздардын даяр формалары жок экенин айтышты.

Мындан тышкары, алардын айтымында, ыктыярдуу патент боюнча кызматтардын тизмеси жок. Анткени жаңы кодекс боюнча, алардын тизмеси өзгөргөн. Салык кызматы жарандар 24-январдан тарта арыз менен кайрылса болот деп түшүндүрдү. Башкача айтканда жарандарга бул маселени чечип алуу үчүн 8 эмес, 4 гана күн бериген.

Мындан улам, жарандар салык режими тууралуу көптөгөн суроолорду бере баштаган. Ал эми «Клооптун» редакциясы ал эмне болгон режим экенин, аны кантип тандоо кректиги тууралуу кеңири жазган.

Салык кодекси

18-январда президент Садыр Жапаров Жаңы салык кодексине кол койгон.

Салык кодексинин жаңы долбоору айрым депутат жана юристтер тарабынан бир нече жолу сынга алынган. Алар документ «өтө чийки» экенин айтып, бир катар дал келбестиктер жана кемчиликтер бар экенин белгилешкен.

Депутат Дастан Бекешов жаңы Салык кодексине ылайык, Салык кызматы «укук коргоо органына айланарын», январда «кыргызстандыктар сюрприздерге даяр болушу керек» деп билдирген.

«Жаңы салык кодекси күчүнө кирип жатат, анын жардамы менен Салык кызматы укук коргоо органына айланат. Эми ыкчам-издөө ишмердигин жүргүзө алат. Мындан тышкары, Салык кызматы салыкка 100 миң сомдон ашык карызы бар жарандарды же чет өлкөлүктөрдү чек арадан чыгуусуна чектөө коюну талап кыла алат», — деп билдирген эл өкүлү.