Энергетика министрлиги Чүй жана Жалал-Абадга электр жарыгы берилгенин билдирди

Маалымат жаңыртылып турат

Кыргызстандын айрым аймактарында 25-январда саат 12:00 чамасында электр энергиясы өчтү. «Клооптун» журналисттери Бишкек жана Ош шаарында, ошондой эле бир нече облустун тургундары менен байланышып көрүштү. Алар жарык капысынан өчүп калганын тастыкташты. Электр жарыгынан сырткары айрым уюлдук операторлордун мобилдик интернети да үзгүлтүккө учураганы кабарланды.

• Бишкектин айрым бөлүктөрүнө электр энергиясы бериле баштады. «Таш-Рабат» соода борборунун районунда свет күйдү. «Клооптун» окурмандары 5-кичи райондо да электр жарыгы күйгөнүн билдиришти.

• Энергетиктер кыргызстандыктарды электр жабдууларын электр энергиясы берилгенде күйүп кетпеши үчүн токтон сууруп тууруну суранышууда. Алар тиричилик техникаларын электр энергиясы толугу менен бир калып калыпка түшкөндө гана туташтыруу керектигин белгилешет.

• «Электр станциялар» ААКнын баса сөз катчысы Тагжана Айдаралиева «24.kg» басылмасына Бишкек ЖЭБде авария болбогонун билдирди.

Анын айтымында Бишкек ЖЭБде электр энергиясын системалуу өчүрүүдөн улам коргонуу ишке кирген, бирок ЖЭБ жана ГЭСте эч кандай авария болгон эмес.

Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова дагы Бишкек ЖЭБде жана өлкөнүн ГЭСтеринде үзгүлтүк болгону тууралуу маалыматтарды дагы четке какты.

Зоотбекова электр энергия Борбор Азия боюнча өчкөнүн билдирип, Кыргызстан энергошакекчеден чыгып жатканын да айткан. Зоотбекова ызы-чууга алдырбай турууну, жарык 30 мүнөттө берилип каларын дагы кошумчалаган.

Саат 13:43тө министрликтен Чүй менен Жалал-Абад облустарына электр энергиясы берилгенин билдиришти. Жарык этап менен кошулуп атканы кошумчаланды.

АКИpress басылмасы жарык жок болгондуктан Бишкектин көчөлөрүндө жол чырак иштебей жатканын билдирди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан журналисттерге унаалардын кыймылын инспекторлор жөнгө салаарын айтышты. Бул үчүн ички түзүмдүн бардык кызматкерлери тартылганын белгилешти.

Ошондой эле бир катар Казакстандын ЖМКлары Алматы шаарында жана өлкөнүн түштүгүндө электр жарыгы өчкөнүн билдиришти. Өзбекстандын Ташкент шаарында да электр энергиясы жок болуп жатканы айтылууда.

Ал арада Өзбекстандын энергетика министрлигинин басма сөз кызматы өлкөнүн энергосистемасында саат 11:00 чамасында ири авария катталганын кабарлады. Адистер жарыкты калыбына келтирүү иш алып барып жатышат.