БШК Масалиевге бир мандаттуу округдан парламентке кайра шайланып келүүгө уруксат берген жок

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Исхак Масалиевди Биринчи май бир мандатту шайлоо округу боюнча кайра өтө турчу шайлоого талапкер кылып каттоодон баш тартты. Бул тууралуу Масалиев Kaktus.media’нын журналисттине кабарлады.

«Алар мени каттоодон баш тартканы жөнүндө катты жөнөтүштү. Болбосо мыйзам буга тыюу салбайт», — деди ал баш тартуу үчүн БШКны сотко бербесин кошумчалап.

Масалиев — учурда Жогорку Кеңештин депутаты, ал «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын тизмесинен шайланып келген. Ал эми бул жолкусунда Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округдун талапкери катары келүүнү көздөгөн.

Ал 24.kg басылмасынын журналистине шайлоодо дагы бир жолу жеңсе фракциядан чыгууну пландаганын айтып берген. Анын айтымында, бул учурда ордун «Бүтүн Кыргызстандын» тизмесиндеги кезектеги талапкер ээлеп калмак. Ал эми кокус утулуп калса партиялык тизменин депутаты бойдон кала бермек. БШКдан маалымат агенттигине мындай кылууга боло турганын ырасташкан.

Масалиев бул кадамы менен парламенттеги оппозициялык депутаттардын санын көбөйтүү аракетин көргөнүн түшүндүргөн.

Боршайком 27-январда саат 18:00дө Биринчи май жана Свердлов райондору боюнча бир мандаттуу шайлоо округдардын талапкерлеринин арыздарын кабыл алууну токтотот. Талапкерлер 7-февралга чейин каттоодон өтүшү керек, ал эми кайра шайлоо 27-февралда өтөт.

Жогорку Кеңешке шайлоо 2021-жылы 28-ноябрында өткөн. Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу округдарында шайлоочулар баарына каршы добуш беришкен, ошондуктан БШК бул райондордо кайра шайлоо белгилөөгө мажбур болгон.