ӨКМ: Жарандык коргонуу кызматтары өзгөчө кырдаал режимине өткөрүлдү

Баткен жана Лейлек райондорунун чек арага жакын айылдарында калкты коопсуз аймактарга эвакуациялоо башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагынын Орто-Боз, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө, Ак-Татыр айылдары, Ак-Сай айыл аймагынын Таш-Тумшук, Самаркандек айылдарынын тургундары Баткен шаарына жана Рават айылы тарапка эвакуациялып жатат.

Андан тышкары, маалыматта Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Максат, Кулунду, Сада айылдарында жергиликтүүлөрдү менчик унаалар менен көчүрүлө баштаганы айтылган.

Аны менен бирге, өлкө башчысынын Баткендеги өкүлчүлүгү облус борборуна эвакуацияланган жарандар тамак-аш менен камсыздалганын кошумчалады.

Ал эми, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн айылдарынан эвакуацияланып келген 60 үй-бүлө Баткен шаарынын №3 А.Имаров орто мектебине жайгаштырылды.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен облустун жарандык коргонуу кызматтары өзгөчө кырдаал режимине өткөрүлгөнүн маалымдады.

Министрликтен Баткен шаарынын Ленин атындагы, Ж.Бөкөнбаев атындагы жана №3 мектептеринин имараттары 300 жаранды кабыл алууга даяр экенин билдирди.

ӨКМдин Баткен облусунун аймагында жайгашкан бөлүмдөрү «СБОР» сигналы боюнча көтөрүлүп, калкка түшүндүрүү жана эвакуациялоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

«Ак-Сай айылынын тургундарын эвакуациялоого 2 КамАЗ, 1 спринтер, 12 куткаруучу, Баткен районунун автотранспорт кызматынан дагы Ак-Сай айылынын элин эвакуациялоо үчүн 5 спринтер, Достук айылына 4 спринтер», — деп маалымдашты министрликтен.

Чек арада эмне болуп жатат?

Кыргызстандын Чек ара кызматынан чек арадагы ок атышуу кандай башталганын түшүндүрүп беришти. Болжолдуу саат 17:50дө Төрт-Көчө аймагына тажик жарандары таш жүктөлгөн оор жүк ташуучу унаалары менен келген.

Тажикстандыктар таштарды түшүрүп, натыйжада Баткен — Исфана автожолун тосуп алышкан. Аларды тажик чек арачылары коштоп келген. Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийин автожол кыймыл үчүн ачылган.

Ок атуу кайда башталган?

Эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин жаңжал чечилгенине карабай, тажик тарап чек аранын башка тарабында миномёт жана гранатомёт менен кыргыз чек арасы тарапка ок ата баштаган. Андан соң тажик аскерлери Төрт-Көчө аймагында кыргыз чек арачыларына ок чыгарган.

Тажикстандын аскерлеринин аракетине жеринде Согди облусунун губернатору баш-көз болуп турган. Бул күн мурун атайылап даярдалган чагымчылдык экенин тастыктайт.

Бул мыйзам бузуубу?

Чек ара аскерлеринин штаттык топтомуна кирбеген миномёт колдонулуп жатканы Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлери өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн каражаттарын колдонуп жатканын көрсөтүп турат.

Бул эки өлкөнүн ортосундагы эл аралык жана эки тараптуу келишимдерди одоно бузуу болуп саналат.

Тажик тарап электр мамыларын жана чек ара заставаларын мээлеп миномёттон ак атып жатат. Кыргыз тараптын ок атууну токтотуу тууралуу талабын жоопсуз калтырышууда.

Саат 20:49га карата Чек ара кызматынын №2001 аскер бөлүгүнөн берген маалыматка караганда, Көк-Таш айылындагы чек ара заставасында ок атуу болуп жатат. Төрт-Көчө жана Үч-дөбө тилкелеринде Тажикстандын чек арачылары тарабынан миномёт жана гранатомёт колдонуп жатат.