«1,2 млн сом зыян». Сары-Челек коругунун кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругунун кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгонун билдирди.

Сары-Челек мамлекеттик биосфералык коругу. Сүрөт: Today

Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, Аксы райондук прокуратурасы текшерүү учурунда мамлекеттик коруктун жооптуу кишилери оргтехникаларды, жылкыларды, ошондой эле бал сатуудан түшкөн кирешени өздөрүнө ыйгарып алышканын аныктаган. Натыйжада 1,2 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Прокуратура «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.