Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электрдин тарифи 1 кВт/с үчүн 50 тыйынга төмөндөдү

2022-жылдын 1-январынан тарта «үй-бүлөгө көмөк» пособиесин алган аз камсыз үй-бүлөлөргө электр энергиясынын тарифи 1 кВт/с үчүн 50 тыйынга төмөндөтүлдү. Тариф айына 700 кВт/саат лимити ашпаган учурда гана иштейт.

Бул тууралуу 29-январда минкабдын басма сөз кызматы билдирди. Ведомстводон бул чечим даректүү социалдык колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынганын кошумчалашты.

Президент Садыр Жапаров аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн тарифтерди төмөндөтүү буйругуна өткөн жылдын декабрында кол койгон. Анын айтымында, 2022-жылдан тартып 110 518 үй-бүлө электр энергиясы үчүн акыны төмөндөтүлгөн тарифтер менен төлөйт.

Буга чейин бийлик энергетикалык кризистин шартында тарифтерди жогорулатуу маселесин көтөргөн. Өлкө бийлиги өнөр жай жана коммерциялык объекттер үчүн тарифтерди жогорулаткан — тариф 2021-жылдын 15-октябрынан тарта иштей баштаган.

Бирок кийинки жылытуу мезгилинен тартып тарифтер катардагы керектөөчүлөр үчүн да 10%га көбөйөт.

Минкаб 2021-жылдын 30-сентябрында 2021-2025-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясы үчүн орто мөөнөттүү тарифтик саясаты бекитилгенин кабарлаган. Ага ылайык, калк үчүн электр энергиясына болгон тарифтер көтөрүлбөйт жана айына 700 кВт/сааттан ашпаган учурда 1 кВт/саат үчүн 0,77 тыйын бойдон калат. 700 кВт/сааттан ашса — 2,16 сом болот.