Пекинде өтүүчү кышкы Олимпиадага бара турган команданын расмий формасы көрсөтүлдү

Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитети Пекинде өтүүчү кышкы Олимпиада оюндарына бара турган команданын расмий формаларын көрсөттү. Ведомство кабарлагандай, форма 29-январда келген.

«Күн мурун тааныштырылган комплект машыгуулар үчүн деп саналат. Аны Кытайлык Tectop компаниясы акысыз берди», — деп билдиришти комитеттен.

Ал эми бул формалардын сүрөтү соцтүйүндөрдө тарап, колдонуучулар аны башка өлкөлөрдүн формалары менен салыштырышууда.

Кышкы Олимпиадада Кыргызстандын намысын бир эле спортсмен коргойт — лыжачы Максим Гордеев. Аны менен кошо машыктыруучусу Игорь Борисов, ошондой эле бир катар чиновниктер барат: улуттук олимпиадалык комитеттин кызматкери Чолпон Жумагазиева, УОКтун президенти Садыр Мамытов жана башкы катчы Кылычбек Сарбагишев. Олимпиадага президент Садыр Жапаров дагы барат.

Комитет тренер жана катышуучунун өтүнүчү менен 2021-жылдын 30-декабрында эле формаларга буйрутма берилип, парад жана мелдештер үчүн 12 экипировка сатып алынганын кошумчалады. 17-январда профессионалдык лыжалар сатып алынган.

Комитет улуттук жана олимпиадалык символикалары түшүрүлгөн калпак, эн белги жана желектерге да буйрутма кылган.

Кышкы Олимпиада 4-20-февраль аралыгында өтөт. Лыжа спортунун чебери Максим Гордеев мелдешке 16-февралда катышат.