Коллаж: Джеймс О’Брайен

Кыргызстандагы алдыңкы эркин журналисттердин бири жемкорлукту ашкерелеген иликтөөлөрү үчүн милиция ага баңгизат салып койгонун айтып жатат. Бирок бул көпчүлүккө көрүнбөгөн көмүскө иштердин бир гана өңүтү. Өлкөдөгү журналисттик иликтөө менен алектенген башкы медиа каражаттарынын бири секс-шантажга, жалган жалаага жана аңдууга туш болгону аныкталды.

OCCRP, Kloop.kg жана «Азаттыктын» иликтөөсү

Журналист Актилек Капаров кофе алайын деп имараттан чыгары менен көчөдөгү адаттан тыш кымгуут кыймыл көзүнө урунган.

«Беткапчан, кадимки кийимчен кишилер жана эки милиционер жүргөн эле. Беш мүнөт өтпөй беткап кийген жана атайын формачан беш-алты киши “Спринтерден” чыкты», — деди Капаров ак фургонду көрсөтүп.

«Дагы бирөө ити менен чыкты. Алардын баары бул жакты көздөй басышты», — деп эстеп отурду журналист.

Ошентип, ишембинин кечинде Бишкектеги баңгизатка каршы милициянын чуулгандуу рейди башталган. Алардын 22-январдагы бутасы – бийликтин жогорку сересиндеги жемкорлукту ашкерелеген иликтөөлөрү менен таанымал Temirov LIVE долбоорунун кеңсеси эле. Эки күн мурда эле бул маалымат каражатынын журналисттери жаңы иликтөөсүн жарыялаган болчу.

Окуя болгон жерге шашып жеткен журналисттердин, адвокаттардын жана тарапташтардын жолун жашыл беткап кийген адам тороп турат. Булак: Дмитрий Мотинов / Kloop.kg

Кеңсеге кирип келген милиционерлер журналисттерди жерге жатууга буйруган. Эки офицер көмкөрөсүнөн жаткан башкы редактор Болот Темировду үстүнөн басып турушту. Андан соң алар Темировду өйдө тургузуп, чөнтөктөрүндө эмне болсо алып чыгууну талап кылышат. Журналист чөнтөктөрүндөгү майда-чүйдө нерселердин арасынан кичинекей целлофан баштыкка салынган зат чыкканын көргөндө өзү таң калат. Офицерлер баштыкчада марихуана (нашаа) бар деген жүйөө менен медиа каражатынын компьютерлерин жана журналисттин өзүн кармап кетишет.

Темиров милиция алып кетип бара жатканда: «Чөнтөгүмө салып коюшту», — деп айтууга үлгүргөн. Анын кесиптештери да баштыкчаны атайын салып коюшканынан күмөн санашпайт. Темировдун канынын анализинен да баңгизат аныкталган эмес.

OCCRP, Kloop жана «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун иликтөөсү бул рейд жөн жерден чыкпаганын көрсөттү. Бул Темировго жана анын командасына каршы бир нече айлык аңдуунун жана басым көрсөтүүнүн кульминациясы эле.

Темировдун айтымында, күз айларында эле иш кеңсесинин сыртында шектүү автоунаалар пайда болгон. Декабрь айында ал ижарага алып жашап жаткан батирде жашыруун камера жана микрофон табылган.

Дагы бир эң жагымсыз жагдай: Атайын кызмат Темировдун кызматкерлеринин бирин тузакка түшүрүү үчүн атайын бир схеманы уюштурган өңдүү.

Темировдун командасында иштеген кыз спорт залда бир жигит менен таанышып калат. Бара-бара алардын ортосунда жакын мамиле пайда болгон. Көп өтпөй ал жигит кызды дем алышта көл жээгинде эс алып келүүгө чакырган.

Биздин иликтөөнүн жүрүшүндө укук коргоо органдарындагы бир кызматкер ал жигитти Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкери деп тааныды.

Кыз менен жигит романтикалуу мамиледе болгон учурда, анын ноутбугун бузуп кирип, экөөнүн сексуалдык катнашын жашыруун видеого тартып алышкан. Ошол кезде өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырган бир нече киши кыздан Темировдун иликтөөлөрү тууралуу маалымат берүүнү талап кылып, эгер баш тартса, анын купуя жашоосун жарыялайбыз жана ата-энесинин кадыр-баркын түшүрөбүз деп коркуткан.

Temirov LIVE рейдден эки күн мурда жарыялаган иликтөөсүндө УКМКнын таасирдүү жетекчиси Камчыбек Ташиевдин үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттик мунай компаниясы аралашкан коррупциялык келишимдерден пайда көрдү деп билдирген.

Реакция көп күттүргөн жок. Бул иш Темировдун кармалышы менен эле аяктаган жок. Кийинки аптада Фейсбуктагы анонимдүү баракчаларда Темировду «наркоман жана чыккынчы» деп мүнөздөгөн бир нече видео жарыяланды. Видеодо Темировду чет өлкөлүктөрдүн кызыкчылыгын көздөгөн «агент» катары көрсөтүү үчүн милиция тартып алган компьютерлерден алынгандай көрүнгөн донорлордун баяндамалары, келишимдери жана башка документтер колдонулду.

Ошондой эле, буга чейин атайын кызматтын кызматкерлери коркуткандай, Темировдун командасындагы жаш кыздын интимдик видеосу да интернетке жарыяланды. Бул видео «медиа уюм каражат табыш үчүн кызды чет өлкөлүк демөөрчүлөр менен жыныстык катнашка барууга мажбурлаган» деген чындыкка коошпогон айыптоо менен коштолду.

Болот Темиров / Фейсбук

«Бул алар биздин иликтөөлөрдөн коркот дегенди билдирет», — дейт Болот Темиров бийликтин ыкмалары тууралуу. «Мурда алар жооп беришчү эмес, актанууга аракет кылышчу. Бирок биз иликтөөлөрүбүздү канчалык олуттуу чыгарган сайын алар үчүн актануу мурдагыдан кыйын боло баштады».

«Эми минтип алар тоскоолдук жараткандардан арылууну чечишти», — деди Темиров.

Болот Темиров Кыргызстандагы алдыңкы эркин журналисттердин бири болгондуктан, бийликтин аны жана анын уюмун жок кылууну көздөгөндөй аракеттерин өлкөдөгү басма сөз эркиндигине чоң сокку деп мүнөздөөгө болот.

Адам укуктарын коргоо уюмдары президент Садыр Жапаров 2020-жылдын октябрь айында бийликке келгенден кийин өлкөдө сөз эркиндигине байланыштуу абал начарлап баратканына тынчсызданышууда. (УКМКнын башчысы Ташиев президентти «жакын досум» деп сыпаттап, «экөөбүздү Алла таалам гана ажыратышы мүмкүн» деп айтканы бар).

«Соңку окуялар бийликтегилер арасындагы жазасыз калуу көндүмүн жана өзүм билемдикти көргөзүп турат», — дейт саясий эксперт Азим Азимов. «[Алар] эркин журналисттердин, өзгөчө иликтөөчү журналисттердин ишин чектөөгө аракет кылуу менен өлкөбүздөгү сөз эркиндигине шек келтиришти».

Темиров өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде бошотулду. Бирок ага каршы баңгизатка байланыштуу айыптар кала берет. УКМК жана Ички иштер министрлиги комментарий берүү тууралуу өтүнүчүбүзгө жооп берген жок. Бирок өткөн аптада УКМК билдирүү таратып, иликтөөчү журналисттин кеңсесиндеги тинтүүүгө жана интернетке тараган видеого аралашканын төгүндөдү.


2020-жылы митингчилер өлкөнүн саясатындагы адатка айланган сценарий менен Ак үйгө чабуул коюп, бийликти кулатышкан. Кыргызстанда ушундай жол менен ага чейин эки президент кызматтан кеткен.

2020-жылдын октябрындагы элдик толкундоолордон кийин абакта жаткан Садыр Жапаров бийликке келди. Ал өзүнүн саясий өнөктөшү Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кылып дайындады.

Жалал-Абад облусунан чыккан Ташиев алгач 2005-жылы парламентке депутат болуп шайланган. Андан кийин кыска убакыт өзгөчө кырдаалдар министри болуп иштеген.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийликтен кетиши менен аяктаган 2010-жылдагы революция жана өлкөнүн түштүгүндө тутанган улут аралык араздашуудан кийин Ташиев Кыргызстандагы улутчул саясатчы катары таанылган. Ошол жылы кайрадан парламентке шайланган. 2011-жылы президенттик шайлоого катышып, марага үчүнчү болуп келген.

Бирок кийинки жылы Кыргызстандын саясий келечегине жол сала турган окуялар болуп кетти. 2012-жылдын 3-октябрында Кумтөр алтын кенин улутташтырууга чакырган нааразылык акциясында Ташиев башка митингчилер менен бирге Ак үйдүн тосмосунан ашып өтүүгө аракет кылган. Ташиев, ошол учурдагы депутаттар Садыр Жапаров жана Талант Мамытов кармалып, бийликти күч менен басып алууга аракет кылды деген айып менен кесилген. Алар тогуз айдай абакта отургандан кийин соттун чечими менен бошотулган.

Соттолгонуна байланыштуу үч саясатчы депутаттык мандаттан ажыратылган. Кийинчерээк Ташиевдин соттолгону жокко чыгарылганы менен Борбордук шайлоо комиссиясы аны 2015-жылдагы парламенттик шайлоого катыштырган эмес.

2013-жылы Жапаров дагы бир нааразылык акциясында «губернаторду барымтага алууга аракет кылган» деген айып коюлгандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2017-жылы Кыргызстанга кайтып келгенде камакка алынган.

2020-жылдагы октябрь окуялары маалында митингчилер Жапаровду абактан бошотуп алышкан. Ал президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеп, кийинчерээк мамлекеттик башчы кызматка шайланган. Жапаров саясий өнөктөшүн четте калтырбай, Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кылып дайындайт.

«Бандиттик ыкмалар»

Темиров басым менен зомбулукка мурда да кабылган.

Болот Темиров сабалгандан кийин. Сүрөт: Factcheck.kg

2019-жылдын соңунда ал жетектеп турган Factcheck.kg басылмасы кыргыз бажысындагы мурдагы таасирдүү жетекчинин байлыгын ашкерелеген иликтөөсүн жарыялаган. Ал кезде Темировго кийинки иликтөөлөрдү токтотуу үчүн акча сунуштагандар болгон. Журналист онлайн троллдордун каралоосуна кабылган жана анын веб-сайты (DDOS) хакердик чабуулга туш болгон.

2020-жылдын январь айында үч жаш жигит көчөдөн ага капыстан кол салган. Темиров аларды мурдагы бажычы жөнөтүшү мүмкүн деп шектенет.

Мындай үрөй учурган окуядан кийин Темиров өз ишин улантышы керек экенин түшүнгөн.

«Бул ишенич мага кол салышкан учурда келди», — дейт ал. «Ошол окуя дал ушул жолду тандашыма жана иликтөөлөрдү жасайм деп өзүмө өзүм сөз беришиме түрткү берген бурулуш болду».

Бул окуяны улай ал Temirov LIVE долбоорун түптөп, ошол жылдын жайында алгачкы иликтөөлөрүн жарыялаган. Иликтөөлөр Орусиядагы оппозициячыл лидер Алексей Навальныйды тааныткан дыкат түшүндүрүлгөн онлайн видеолордун форматында даярдалган.

«Менимче, видео көп нерсенин ордун басты. Эл видео көргөндөй макалаларды окушпайт», — деп айткан Темиров. Булак: Temirov LIVE/YouTube

Каарманыбыз курч темалардан качкан жок. 2021-жылдын жазында Темиров ички иштер министрин колдогон митингдин көп «катышуучулары» министрликтин кызматкерлери экенин далилдеген иликтөөсүн жарыялаган. Аны улай Темировдун социалдык тармактардагы баракчаларын бузуп кирүү аракети болгон.

Темировдун айтымында, былтыр октябрь айынан тарта кеңсесинин сыртында шектүү автоунаалар пайда болгон. Бирок коркунучтуу жагдай дагы алдыда эле.

Декабрь айында Темиров чет өлкөдө жүргөн кезде анын кайниси ижарага алынган батирдеги шкафтын алдынан белгисиз жабдыктарды: санарип видеокамераны, Wi-Fi роутерин, колго жасалган заряд берүүчү аппаратты, микрофонду жана бир нече зымды таап алган.

Бул зымдардын жардамы менен кичинекей тешиктен конок бөлмөсүн видеого тартып турган камераны таап чыккан.

Темировдун батиринен табылган жабдык.  Булак: Temirov/OCCRP

Журналисттер бул жабдыктардагы файлдар менен таанышып чыгышкан. Ал материалдар жашыруун жаздырып алуу аракети бир нече апта бою уланып келгенин көргөзгөн. Бирок система аралыктан башка серверге туташтырылган экен. Андыктан жабдыктар файлдарды белгисиз дарекке жөнөтүп турууга ыңгайлашкан.

Чынында эле Темиров өз батиринде жаздырылганын айткан бир катар аудиолор кийинчерээк интернетке жарыяланган ага каршы видеолордо колдонулган.

Видео драмалуу музыка менен коштолуп, белгисиз адамдын өзгөртүлгөн каардуу үнү Темировду Кыргызстанга таасир көргөзүүнү көздөгөн Батыштагы жана Орусиядагы агенттерден «акча алат» деп айыптады. Ал видеодо Темиров OCCRP уюмунун кызматкери менен камера сатып алууну талкуулаган жана жубайы менен урушуп жаткан учурда жаздырылган аудио колдонулган.

Пропагандалык видеодо Temirov LIVE долбоорунун кызматкерлери, анын ичинде Темировдун аялы кеңсенин сыртында чылым чегип турганын көрсөткөн, жашыруун тартылган сүрөт колдонулган. Булагы белгисиз.

Темировдун айтымында, бул видеодо андан тышкары анын кеңсесинде жашыруун жаздырылып алынган үндөр да пайдаланылган.

«Бийликтегилер бандиттик ыкмаларды колдонуп, ойго келбеген бардык моралдык жана мамлекеттик мыйзамдарды бузуп жатышат», — дейт Темиров. «Бул адамдар мыйзамдуулук, керек болсо адамгерчилик түшүнүгү менен таптакыр тааныш эмес».

Чынында Темировдун командасында иштеген кыз туш болгон жагдай журналисттин бийликтеги душмандары кандай кадамдарга чейин бара аларын көрсөттү.

«Апаң менен атаң эмне болот?»

Айгүл Temirov LIVE тобунда журналист эмес, долбоорлордун жетекчиси болуп иштеп келген. Ал негизинен эл аралык гранттар менен алектенип, донорлор менен байланышып турчу.

Бирок быйыл кыш айларындагы жолугушуу анын жашоосун коркунучтуу түшкө айландырды.

OCCRP, Kloop жана «Эркин Европа / Азаттык» радиосу купуялуугун коргоо максатында Айгүл деп атып өзгөртүп койгон кызматкер өзү туш болгон окуяны төкпөй-чачпай журналисттерге айтып берди. Анын сөздөрү кат алышуулар, сүрөттөр жана компьютерден алынган лог-файлдар менен ырасталды

Окуя декабрь айында Айгүл спортзалда бир жигит менен таанышканда башталган. Ал жигит Айгүлгө машыгуучу жабдыкты колдонууну көргөзүп, андан кийин аны бир жолугушууга жеткирип койгон. Алар бири-бири менен кат алыша баштаган. Көп өтпөй ал жигит Айгүлдү Ысык-Көлгө эс алууга чакырган.

«Бир батирди ижарага алып, баарын өзү уюштурду», — деди ал.

Айгүл экөө батирде өткөргөн түндү бир нече камера менен видеого тартып алышарын үч уктаса түшкө кирмек эмес.

Бирок көп өтпөй шектенүү пайда болгон. Эртеси күнү ал жигит таңкы тамакты даярдап жатып, кайсы бир видеону коюу үчүн Айгүлдун ноутбугунун сыр сөзүн сураган. Айгүл сыр сөздү өзү киргизип берген. Кийинчерээк жигит сыр сөздү кайра сураган.

«Мен сыр сөздү терип жатканда ал телефонун жакындатып алып келди», — деди Айгүл. «Мени тартып жаткандай көрүндү. Анан мен андан обочороок жылдым».

Күндүз экөө ысык сууга барышкан. Алар батирде жок кезде кимдир-бирөө батирге келип, анын компьютерин бузуп кирген. Мындай тыянакты Temirov LIVE долбоорунун коопсуздук боюнча кеңешчисинин экспертизасы бышыктап турат. Аны менен OCCRP да таанышып чыкты.

«Алар сыр сөздү 30 жолу киргизип көрүшкөн. Акыры таап алышкан» , — деп айтып берди Айгүл.

Кийинчерээк Айгүл браузерде ачылган баракчалардын тизмесин карап отуруп, ноутбукту бузуп киргендер операциондук системага орнотулган Windows Defender антивирус программасын өчүрүүнүн жолдорун издешкенин жана тыңчылык программа орнотушканын түшүнгөн. Бирок мындай окуя болгонун коопсуздук боюнча кеңешчи телефон чалгандан кийин гана билген.

Жигит Айгүлдүн ал адис менен сүйлөшүп калганын угуп калып, тынчсыздана түшкөн. Ал Айгүлдүн кимге иштерин сурай баштаган. Аздан соң күрмөсүнүн чөнтөгүнөн 10 миң сом ($118) жоголгонун айтып, Бишкекке шашылыш камына баштайт.

«Мындан кийин мен андан шектене баштадым» , — деди Айгүл. «Себеби эртең менен ал [телефонун] жакындатып алып келгени кызыктай көрүнгөн».

Айгүл ал жигит атайын кызматтын кызматкери болушу мүмкүн деп ойлогон. Бирок анык-бышыгын так билген эмес.

«Мен аны менен сүйлөшө бердим. Себеби ал кишинин алар менен чогуу экенин же андай эмес экенин аныкташым керек болчу», — деди Айгүл.

Бир нече аптадан кийин жаш жигит Айгүлдү шаардын четиндеги ижарага алынган үйгө чакырган. Бирок бир нече саат өтпөй ал кеч коркунучтуу түшкө айланган. Кечки тамактан кийин кыз душка кирип чыкса, береги жигитти өздөрүн УКМКнын кызматкерлерибиз деп тааныштырган беткапчан үч киши суракка алып жаткан экен.

Бирок көп өтпөй алар кыздын артынан келгени анык болот.

Алар Айгүлдүн ата-энесинин сүрөттөрүн алып чыга башташкан.

«Ал жакшы, сыйга татыган киши, өкмөттө иштейт», — деп Айгүл УКМКнын кызматкерлеринин биринин сөзүн эстеп айтып берди. «Сен ушундай үлгүлүү ата-эненин кызысың. Сен [айлыгың үчүн алган] акча кайдан келерин билесиңби?»

Алар Темировдун сүрөтүн да көрсөтүшүп, аны «өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн чет өлкөлүк коопсуздук кызматтарына жардам берүүгө» аракет кылып жаткан агент деп мүнөздөшкөн.

«Алар донорлорго жашырынып иштешет. Бул донорлорду чет өлкөлүк атайын кызматтар каржылашат. Аларга биздин өлкөдө революциялар болуп турганы пайдалуу», — деген атайын кызматтын өкүлдөрүнүн сөзүн Айгүл эстеп айтып берди.

Ал кишилер улам-улам алар менен кызматташуу тууралуу келишимге кол коюуну жана Темиров тууралуу маалымат берип турууну талап кылышкан. Айгүл андай сунуштан баш тартканда, басым көрсөтүүнүн жаңы жолуна өтүшүп, ага жигити менен чогуу өткөргөн түнкү жашыруун тартылган видеолорду көрсөтүшкөн жана аларды жарыялайбыз деп коркутушкан.

«Макул, сен жашсың, курчсуң, чыдап коёесуң. Бирок апаң менен атаң эмне болот? Алардын жүрөгү буга чыдабайт. Алар ушунча жыл иштеп, кадыр-баркка жетишсе, сен бир заматта аны жок кыласың», — деп Айгүл атайын кызматтын кызматкеринин биринин сөздөрүн эстеп айтып берди.

Кыз үн катпай койгондо кызматкерлердин бири басымды күчөткөн. «Менин балдарым ата-энеңдин үйүнүн жанында турат», — деп эстеди Айгүл анын сөзүн. «Алар ата-энеңе барып, сүрөттөрдү көрсөтүшөт. Аларга жаңы жылдык жакшы белек болот».

Бир нече саатка созулган басымдан кийин Айгүл акыры көнүүгө аргасыз болгон. «Кол коюуга туура келди. Эгер кол койбосом, алар кетпей турганын түшүнүп турдум», — деди Айгүл. Андан соң жаш жигит аны үйүнө жеткирип койгон.

Айгүлдүн УКМКнын кызматкерлери менен кездешүүсү видеого тартылган. Кийинчерээк Фейсбуктагы жашыруун баракча ал видеону жарыялаган. Булагы белгисиз

Журналисттер жигит Айгүл менен таанышканда айткан ысымы боюнча эч кандай маалымат таба алышкан жок. Андай адам салык төлөөчүлөрдүн жана шайлоочулардын маалымат базасында жок. Бирок Кыргызстандагы укук коргоо органдарында иштеген бир анонимдүү кызматкерге ал кишинин сүрөтүн көрсөткөндө, аны башка ат менен жүргөн УКМКнын кызматкери деп тааныды.

Айгүлгө өздөрүн УКМКнын кызматкерибиз деп тааныштырган адамдар басым көрсөткөнүн бышыктоочу башка фактылар да бар. Бир нече күндөн кийин Айгүл аккаунтунун аталышы анын ата-энеси жашаган көчөнүн аталышына окшогон адамдан бир нече кыска билдирүүлөрдү алган. Ага ушунтип жазышкан:

Билдирүү 1: Текст: Саламатсызбы

Жөнөтүүчү: «Б» Дата: 1.18.2022 17:53

Билдирүү 2: Текст: Кайсы журналисттик иликтөөлөр эфирге чыгуу стадиясында? Кайсы иликтөөлөр тактоо, даярдык стадиясында (ким тууралуу жана кайсы фактылар боюнча)?

Жөнөтүүчү: «Б» Дата: 1.18.2022 17:54

Билдирүү 3: Текст: Бул «Б» көчөсүндөгү сенин коңшуларың

Жөнөтүүчү: «Б» Дата: 1.18.2022 22:33

Билдирүү 4: Текст: Саламатсызбы

Жөнөтүүчү: Айгүл Дата: 1.19.2022 17:12

Билдирүү 5: Текст: ?

Жөнөтүүчү: Айгүл Дата: 1.19.2022 20:51

Билдирүү 6: Текст: Саламатсызбы, бул сиздин досторуңуз, биз сиз менен жума күнү жолукканбыз, кандайсыз? Өзүңүздү кандай сезип жатасыз?

Жөнөтүүчү: «Б» Дата: 1.19.2022 22:29

Билдирүү 7: Текст: УКМКдагы досторбу?

Жөнөтүүчү: Айгүл Дата: 1.19.2022 23:32

Билдирүү 7: Текст: Ооба, туура айттыңыз, бул сиздин досторуңуз, биз сиздин жоопторду күтүп жатабыз.

Жөнөтүүчү: «Б» Дата: 1.19.2022 23:35

Алар көбүрөөк маалымат талап кылууну улантышкан:

Билдирүү 1: Текст: Болот Темиров Фейсбуктагы баракчасына жакында эки бомба иликтөө болот деп жазды. Ал эмне болгон иликтөөлөр?

Жөнөтүүчү: «Б» Дата: 1.19.2022 23:43

Айгүл так билбей турганын айтканда анын маектештери ачуулана түшкөн.

Билдирүү 1: Текст: [Айгүл] келиңиз, мышык-чычкан ойнобойлу, студия менен кеңсе бир жерде жана биз сураган нерсени билүү сизге кыйынчылык туудурбайт. Өтүнүчтү аткарса болот.

Жөнөтүүчү: «Б» Дата: 1.20.2022 00:06

Билдирүү 2: Текст: Сизге чоң рахмат

Жөнөтүүчү: «Б» Дата: 1.20.2022 00:06 

Билдирүү 3: Текст: Баса [Айгүл] кеңсени сүрөттөп бересизби, өтүнүч, ким кайда отурат, кимдин кандай милдеттери бар

Жөнөтүүчү: «Б» Дата: 1.20.2022 00:06

Айгүл жооп берген эмес. Ошол күнү кечинде Temirov LIVE УКМКнын башчысы Ташиевдин үй-бүлөсүнө байланыштуу иликтөөсүн YouTube каналына жарыялаган. Айгүлдүн айтымында, ошол бойдон кызматкерлер ага байланышка чыккан эмес. «Алар мага кызыкпай калышты, себеби мен аларды эскерткен жокмун», — деди ал.

Кантсе да бир нече күндөн кийин анын интимдик видеосун көрсөткөн ыплас видео интернетке жарыяланды. Андан кийин Айгүл ал жаш жигитти экинчи кездештирген жок.

«Силер салып койдуңар!»

Темиров жана анын командасы өз иликтөөсүн жарыялаган соң эки күн өткөндөн кийин алардын кеңсесине баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы келген.

Рейддин расмий себеби катары Айпери Адыл кызы аттуу аялдын арызы көрсөтүлгөн. Ал аял «Болот» деген бир киши аны баңгизат колдонууга мажбурлаганын саналуу саат мурда укук коргоо органдарына айтып берген. Ал эки даректи, анын ичинде Temirov LIVE кеңсесинин дарегин атаган.

(Журналисттер анын социалдык тармактардагы бир нече баракчасына бул окуядагы ролу тууралуу суроолорду жөнөттү. Иликтөө жарыяланып жаткан учурда андан эч кандай жооп келген жок).

Адатта, юристтердин айтымында, ар бир рейд үчүн соттун санкциясы керек. Бирок айрым учурларда эгер далилдер жоголуп кетет же аларга зыян келет деген тынчсыздануу болсо тергөөчү да уруксат бере алат.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын улук тергөөчүсү мындай жылчыкты колдонгондой көрүнөт. Ал «материалдык далилдер […] жоголуп, ага зыян келип, же кылмыштуу максатта колдонулушу мүмкүн деген реалдуу коркунучтарды» жүйө келтирген.

Бул ордердин негизинде Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын атайын даярдыктагы күчтөрү Temirov LIVE долбоорунун башкы кеңсесине жөнөтүлгөн.

OCCRP, Kloop жана «Эркин Европа / Азаттык» радиосу рейд маалында эмнелер болгонун так түшүнүү үчүн Темировду жана окуяга күбө болгон башка адамдарды кепке тартты.

Милиция кызматкери Temirov LIVE долбоорунун кеңсесиндеги компьютерлерди конфискациялап жаткан учур. Булак: Дмитрий Мотинов / Kloop.kg

Офицерлер бардык адамдарды жерге жаткырып, колдорун байлагандан кийин аларды бир-бирден тургузуп, чөнтөктөрүн бошотууну талап кылган. Темиров акыркысы болчу. Жубайы Махабаттын айтымында, Темиров чакан целлофан баштыкты чөнтөгүнөн алып чыкканда нес боло түшкөн.

«Анын көзүнөн жаш чыгып кетти. Себеби жок жерден адамга жалган жалаа жаап жатышты. Болот туталанып, паника боло баштады. Баарыбыз дендароо болуп калдык», — деди Махабат. «Анан мен “кабатырланба, биз баарыбыз сага салып коюшканын көрүп турабыз, туталанба” дедим».

«Силер салып койдуңар, мен көрдүм», — деп кыйкырганын Махабат эстеп айтып берди. «Мен кыйкыра баштадым, Болот кыйкыра баштады, баарыбыз кыйкыра баштадык».

Temirov LIVE басылмасынын кызматкерлери жана адвокаттарынын айтымында, күч органынын кызматкерлери рейд учурунда бир нече процедуралык каталарды кетиришкен жана керек болсо операция маалында мыйзамды да бузушкан.

Тинтүү маалында орган кызматкерлери бир нече ноутбукту, компьютерлерди, флеш-карталарды, мобилдик телефонду жана кеңседеги видео көзөмөл системасына туташып турган видео жаздыруучу жабдыкты алып кетишкен.

Бирок медиа каражатынын адвокаттарынын жүйөөсүнө ылайык, жабдыктарды тартып алуу тинтүү процедураларын бузууга жатат, себеби анын Темировго коюлуп жаткан айыптарга эч кандай байланышы жок.

«Тинтүү жана алып коюу аракеттерин жүргүзүү учурунда тергөөчү ишке байланышы бар предметтерди алуу менен гана чектелиши керек болчу», — деди адвокат Бекболот Касаболотов.

Камчыбек Ташиев. Алымбек Кеңешов / Kloop.kg

Эртеси күнү УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев сыртынан баңгизатка байланыштуу катардагы камакка алуу деп мүнөздөлгөн бул окуя боюнча комментарий берип, «сөз эркиндиги деп айрым кылмыштарды жаап-жашырууга моралдык укугубуз жок» деп айтты.

«Эгер кылмыш болсо бардык техникалары алынышы керек. Балким ал компьютерде маңзат тууралуу маалыматтар, баасы, кимдерден алып жатканы жана башка маалыматтар жазылгандыр. Алардын компьютеринде криминалдуу, мамлекетке зыян келтире турган эч нерсе жок деп ишенем», — деди Ташиев.

Temirov LIVE медиа уюмунун кызматкерлери милиция иликтөөлөр тууралуу маалымат алуу үчүн жабдыктарды конфискациялаган деп эсептешет. Ошондой эле алар милиция рейд учурундагы иш-аракетин жаап-жашыруу үчүн видео жаздыруучу аппаратты да кошо алып кеткен деп шектенишет.


Адвокаттардын айтымында, Temirov LIVE кеңсесиндеги рейд бир катар башка процедуралык мыйзам бузуулар менен коштолгон.

Операция маалында тергөөчүлөр тинтүү жүрүп жаткан бөлмөгө адвокаттарды киргизишкен эмес.

Адвокаттар билдиргендей, Темиров кармалганда кайсы берене боюнча иликтөө жүрүп жатканын тактабай, укуктары тууралуу ага маалымат беришкен эмес. Бул кыргыз мыйзамдарынын талабын бузат.

Ошондой эле Temirov LIVE долбоорунун журналисттери жана адвокаттары оперативдүү кызматкерлер документтерин көргөзбөгөнүн айтышууда. Ошондой эле милициянын өкүлдөрү беткап (балаклава) кийип жүрүшкөн. Мыйзамга ылайык, ушул өңдүү учурларда андайга тыюу салынат.

Болот Темировду тергөө аяктагыча деп бошотушту. Эгер ал баңгизатты сактоо айыбы боюнча күнөөлүү деп табылса, беш жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн. Анын командасындагы бир нече кызматкер да суракка чакырылды.

Бирок көптөгөн кыргыз жарандары журналистке жасалган мамилени сындап жатышат. Жергиликтүү эксперттер журналист туш болгон жагдайды болуп көрбөгөн окуя деп мүнөздөшүүдө.

«Журналисттерге жана маалымат каражаттарына дээрлик бардык режимдердин тушунда басым көрсөтүлгөн», — дейт саясий эксперт Азимов. «Бирок алар бул процессти юридикалык жактан легитимдүү кылууга аракеттенишкен. Формалдуу түрдө шылтоо табышып, сотко кайрылышкан».

«Бирок бул ирет кесипкөйлүк репутациясы жогору журналистке тартынбастан, күбөлөрдүн көзүнчө эле баңгизат салып коюп жатышат. Анан алар жабдыктарды гана эмес, кылмыштын изи сакталбай калсын деп көзөмөл камеранын видеолорун да алып кетишти. Албетте, мындай жагдай кыжырдануудан жана ачуулануудан башка эч нерсе жаратпайт», — деди Азимов.

Темиров кеңсесиндеги рейдден кийин кармалган учур.  Дмитрий Мотинов / Kloop.kg

Темиров өзү айтканынан кайтпай турат.

«Демек, биз күчтөнүппүз», — деди ал. «Кыргызстанда иликтөө журналистикасы өнүгүп жатат. Мындай нерселер бийликтегилердин үрөйүн учурат жана аларды коркутат. Баарынан мурда мунун баары бийликтин өзүндө принциптин жоктугунан болуп жатат. Экинчи себеби, иликтөө журналистикасы абдан күчтүү болуп баратат».