Онкологиялык ооруга чалдыккандар Маммология борборун кайтарып берүүнү талап кылды

Бишкекте 1-февралда Өкмөт үйүнүн алдына эмчек рагынан жабыркаган аялдар митингге чыгышты. Алар Улуттук онкология жана гематология борборуна караштуу Маммология борборунун жабылышына каршылыгын билдиришти.

Мамалогиялык борбор Улуттук анкологиялык борбор кылып өзгөртүлө турганы 2021-жылдын аягында белгилүү болгон, ал эми январда борбор жоюлган.

Митингге чыккан аялдар борборду кайра түзүү тууралуу буйрукту жокко чыгарууну талап кылышты.

Митингге чыккандар алардын диагнозу менен дарылануу үчүн көп чыгымга дуушар болуп, ал тургай мүлктөрүн сатууга да аргасыз болорун айтып беришти.

«Мамалогия борборунда аз камсыз болгон аялдар дарыланат, алардын арасында жол киреге да акчасы жок келиндер бар. Алар ал түгүл процедурага да келе алышпайт. Бул борборду жапканга болбойт», — деп билдирди митингчилердин бири.

Митингге чыккан аялдар мамалогиялык борбору кайра түзүмдөшкөндөн кийин Онкологиялык борбордо кезек күткөндөр көбөйгөнүн, ал эми алардын жагдайында «ар бир мүнөт эсепте» экенин айтышты.

«УЗИден өтүш үчүн барып, 17-февралга кезекке жазылып келдим. […] Биз үчүн эң маанилүүсү убакыт, убакыт баарын чечет. Эгерде борбор болгондо мен 17синде эмес, борбордун өзүндө эле УЗИден өтмөкмүн да, акысыз элечи. Эми 17-февралда ал жака акча төлөшүм керек билбейм», — деп келтирет «Азаттык» митингдин катышуучуларынын биринин сөзүн.

2021-жылдын 12-декабрында дагы эмчек рагынан жабыркаган аялдар Улуттук онкология борборундагы мамология борборун сактап калууну суранып президентке кайрылышкан. Анда алар Мамология борборун кайра түзбөй эле жаап салууну көздөп жатышат деп айтышкан.

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда эмчек рагына чалдыккан үч миңден ашык аял каттоодо турат, жылына 400гө жакын жаңы учур аныкталат. Улуттук онкология борборунун маалыматында, 2020-жылы 626 аялга «эмчек рагы» диагнозу коюлган.

Материал жарык көрөр алдында «Клооп» Саламаттык сактоо министрлигинен комментарий ала алган жок.

Маммология борборун кайра түзүү

26-январда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Маммология борборун жоюу тууралуу буйрукка кол койгон. Документте мындай чечим Саламаттык сактоо министрлигине караштуу илимий мекемелерди оптимизациялоо үчүн кабыл алынганы айтылган. Мындан тышкары, Бейшеналиев «бир борбордо эки борбор болбошу керек» деп айткан.

Ошол эле учурда Улуттук онкология жана гематология борборунун башчысы Бактыгүл Султангазиева маммология борборун кайра түзүү бейтаптар менен врачтарга таасир этпей турганын белгилеген болчу.

«Врачтын баары иштеп жатат, бардык штат жана персонал калды, баары мурдагыдай эле иштеп жатат. Биз аталышын гана өзгөртүп жатабыз [...] Бардык диагностикалык кызмат көрсөтүүлөр — УЗИ, маммография жана башка процедуралар, мурдагыдай каржылоо дагы кала берет», — деген ал.

Бирок 2021-жылдын декабрынын ортосунда маммологиялык борбордун директору жана маммолог врач Дамир Абдылдаев кызматынан бошотулган болчу. Султангазиева анда директордун үстүнөн даттануулар болгонун, врач милдетин аткарбай жатканын түшүндүргөн. Ал эми Абдылдаев өзү сот аркылуу кызматына кайтып келерин айткан.