Акыркы суткада коронавирустан беш адам каза болду

2-февралга карата Кыргызстанда COVID-19 менен ооруп жаткан беш адам каза болду, жуктуруунун 201 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Бишкек шаарында акыркы суткада 104 адам илдет жуктурса, Чүй облусунда вируска кабылгандардын саны — 36. Ысык-Көл облусунда 22, Баткен облусунда 12 адам коронавирус жуктурду. Ал эми, Жалал-Абад облусу жана Ош шаарында 10 адам илдет жуктурду. Ошондой эле, Талас облусунда 3 адам, Ош облусунда жана Нарын облусунда экиден адам илдетке чалдыкты.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 198 719 адамга жетти. Ал эми өлкө боюнча 188 775 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 889 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 996 бейтап, ал эми үй шартында 4 530 адам дарыланып жатат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.