Ош мэриясы «Актан» бала бакчасында бузуулар аныкталганын билдирди

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Ош шаарына караштуу Жапалак айылында жайгашкан «Актан» бала бакчасында санитардык эрежелерди жана административдик нормаларды бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы 1-февралда билдирди.

Маалыматка ылайык, «Актан» бала бакчасын 1-февралда Оштун вице-мэри Венера Рыскулова санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн адистери менен биргеликте текшерген. Анда адистер ашкана кызматкерлери тамак-аштын сапаты жана санитардык-гигиеналык эрежелер боюнча бир катар бузууларга жол бергенин аныктаган.

Басма сөз кызматтан кошумчалашкандай, мындай текшерүүлөр жыл сайын бекитилген графиктин негизинде жүргүзүлүп келет.

«Буга тамак-аштын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына нааразы болгон ата-энелердин көптөгөн кайрылуулары себеп. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү чечимдер кабыл алынат», — деп билдиришти Ош мэриясынан.

Оштогу бала бакча көйгөйү

Ошто жалпысынан 45 мамлекеттик бала бакча бар. Буга чейин «Клооптун» жана «Азаттыктын» журналисттери калаадагы бакчалар тууралуу материал жасашкан.

Анда бакчалардын жарымынан көбү толуп калганы аныкталган — мындан улам балдар бир керебетте экиден жатууга аргасыз болгон учурлар бар.

Бакчалардын аздыгы, балдардын көптүгүнөн бакчалар санитардык нормалардан бир нече эсеге толуп калган шартта иштеп келишет.

Кененирээк окуңуз:

Бир тайпада 93 бала. Ошто бала бакчалар толуп калганы менен маселе чечилбей келет