«Талашка өкмөттөр аралык комиссия гана чекит коёт». Алимбаев Согди облусунун башчысына жооп берди

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоонун шартында Кыргызстандын Баткен облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы кайым айтышты — алар Төрт-Көчө тилкеси кайсы өлкөгө таандык экенин талашып жатат.

30-январда президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев «Sputnik» басылмасына курган маегинде Төрт-Көчө аймагы укуктук негизде аныктала элек талаштуу тилке экенин билдирген.

«Жолду тосуп алуу мыйзамсыз. Себеби Төрт-Көчө тилкеси азырынча эч кимге таандык эмес. Азыркы учурда [жолду] Тажикстандын жарандары да, Кыргызстандын жарандары да колдонот. [...] Учурда өкмөттөр аралык комиссия иштеп жатат. Маселе чечилет деп үмүт кылам», — деп билдирген Алибаев.

Согди облусунун башчысынын билдирүүсү

Бирок 1-февралда Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода тажик ЖМКларына маек куруп, Төрт-Көчө талаштуу аймак эмес, ал Тажикстанга карайт деп билдирген.

Ахмадзоданын пикиринде, «Төрт-Көчө (Тажикстанда аны Заравшон махаллясы деп аташат) тилкеси 1924-1929-жылдардагы документтерге жана паритеттик комиссиянын 1989-жылдагы материалына ылайык, Тажикстандын талашсыз аймагы болуп эсептелет».

«Автоунаа жолунун бул бөлүгү жана көпүрө мурда Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн ортосунда кол коюлган келишимдин негизинде кыргыз тараптын суранычы менен символикалык суммадагы акчага 49 жылга ижарага берилген», — деген Ахмадзода.

Согди облусунун башчысы «Кыргызстандын Ош-Исфана авто жолу өткөн Исфара дарыясынын нугу, анын 275 метр узундуктагы эки жээги байыртан тажик жери» деп кошумчалаган. Ал «Кыргызстандун бул аймакты талаштуу деп эсептөөгө эч кандай укуктук негизи жок» деп эсептейт.

Тажик аткаминеринин айтымында, бул аймактын статусу делимитация жана демаркация боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын сүйлөшүүлөрүнүн предмети боло албайт.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жообу

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Раджаббой Ахмадзодага Фейсбук барагында жооп кайтарды.

Алимбаев «Мамлекеттик чек ара сызыгын аныктоо маселеси — кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын милдети, комиссия гана Кыргызстан менен Тажикстандын узакка созулган аймактык талашына чекит коё алат» деп белгиледи.

«Эки өлкөнүн Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери катары биздин милдетке чек арада жаңжалдын чыгышына, анын курчуп кетишине жол бербөө, анын ичинде чек арага жакын аймактардын экономикасын өнүктүрүү кирет», — деп жазган Алимбаев.

Анын айтымында, «чек ара сызыгын аныктоо боюнча маселени согуш ыкмасы менен чечүүгө мүмкүн эместигине Кыргызтандын да, Тажикстандын да көзү жетти». Алимбаев конструктивдүү жана тынчтык менен сүйлөшүү керектигин, «анткени чек арага жакын жашаган адамдардын өмүрү, алардын жана балдарынын келечеги башкы орунда турарын» баса белгиледи.

«Мен тажик тарапты кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы укуктук негизде аныкталганча чек арага жакын аймактардагы кырдаалды курчуткан билдирүүлөрдөн карманып турууга чакырам», — деп жазды президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Чек арадагы жаңжал

27-январь кечке жуук кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен районунун Төрт-Көчө тилкесинде чыр чыккан.

Кыргызстан тажикстандыктар кыргыз жарандары өткөн жолду тосуп алган деп билдирген. Ал эми Тажикстандын чек ара аскерлери жаңжалды кыргыз тарап козуткан деп ишендирген.

Саат 19:30да эки тараптын сүйлөшүүсүнөн кийин жаңжал чечилгенине карабай, ок атуу башталган. Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик аскерлери ок ата баштаган деп ишендирген. Ал эми Тажикстандын чек арачылары кыргыз аскерлери биринчи ок чыгарган деп билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап чек аранын башка тарабында миномёт жана гранатомёт менен кыргыз чек арасы тарапка ок ата баштаганын билдирген. Чек арачылар аталган окуя чагымчылдык мүнөзгө ээ экенин, анын жоопкерчилиги толугу менен Тажикстандын УКМКсынын жетекчилигине жүктөлөрүн билдиришкен. Кыргызстандын Чек ара кызматы «эки тараптын жарандары жабыркаган кагылышуунун тажик тарап атайылап уюштурду» деп белгилеген.

Абал курчуп кеткендигине байланыштуу чек арага жакын айылдарында калкты коопсуз аймактарга эвакуациялоо башталган.

Ошол түнү эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атууну токтотуу макулдашылган.

28-январга карата абал «туруктуу» экени айтылып, чек арада түн тынч өткөн. Кыргызстан тарабынан 11 киши жарадар болуп, ооруканага жеткирилгени кабарланган. Тажик тарап эки жаран көз жумуп, 10 киши жаракат алганын кабарлаган.