Коронавирустан төрт бейтап каза болуп, 243 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 3-февралга карата COVID-19 жуктурган төрт адам каза болду, жуктуруунун 243 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдады.

  • Бишкек шаарында — 124;
  • Чүй облусунда — 56;
  • Ысык-Көл облусу — 27;
  • Баткен облусунда — 13;
  • Жалал-Абад облусунда — 10;
  • Нарын облусунда — 8;
  • Ош облусу — 5;
  • Ош шаары — 5;
  • Талас облусунда — 4.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкө боюнча илдетке чалдыккандардын жалпы саны 198 962 жетти.

Акыркы суткада 617 адам коронавирустан айыгып чыкты. Ал эми пандемия башталгандан бери вирустан айыккандардын жалпы саны 189 392ге жетти.

Коронавирустан жалпы 2 893 адам көз жумду. Учурда 961 бейтап ооруканада, ал эми 4 181 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.