Мас абалда унаа башкаруу үчүн айдоочулук күбөлүктөн жарым жылга ажыратуу сунушталды

Ички иштер министрлиги бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизинүү сунуштады. Анда мас абалда унаа башкаруу үчүн жаза күчөтүлүп, айрым эреже бузуулар үчүн айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу каралган. Бул тууралуу ИИМдин «Жол коопсуздугу жөнүндөгү» мыйзамды өзгөртүү долбоорунда айтылат.

Маалымкат-негиздемеде ИИМ 2017-2021-жылдар аралыгында Кыргызстанда 32 369 жол кырсыгы катталганы тууралуу маалымат келтирилген. Бул кырсыктардан төрт миңден ашык адам каза таап, дагы 49,6 миңи жабыркаган.

«Айдоочунун күнөөсү боюнча жол-унаа кырсыктарынын 28 142 учуру орун алган, бул жол-унаа кырсыктарынын жалпы санынын 86,9%ын түзөт. Унаа жолдорундагы авариялардан каза болгондордун дээрлик 70%ы кыйла активдүү эмгекке жарамдуу курактагы 25 – 40 жаштагы адамдар түзөт», — деп айтылат документте.

ИИМ жол кырсыктарынын негизги үч себебин атады:

  • ылдамдыкты ашыруу (жогорулатуу);
  • алдында бараткан унааны ашып өтүү жана каршы тилкеге чыгуу;
  • унааны мас абалда башкаруу.

Мындан улам ИИМ аталган үч эрежени бузгандарга карата жазаны күчөтүп, айдоочулук күбөлүктөн жарым жылдан кем эмес мөөнөткө ажыратуу сунушталып жатат.

Мисалы, унааны мас абалда башкаруу үчүн айдоочулук күбөлүктөн 3 жылга, ал эми унаа бейбаштыгы үчүн жарым жылга ажыратуу сунушталууда. Эгер айдоочу алкоголдук ичимдикти ичкен же ичпегенин текшерүүдөн баш тартса, анда жаза мөөнөтү 5 жылга чейин узартылат.

ИИМ сунуштап жаткан өзгөртүүлөрдө айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу «унаа башкаруу укугун колдонуу тартиби одоно жана дайыма бузулганда» болот деп айтылат. Мында айдоочу күбөлүктөн кеминде жарым жылга ажырайт.

ИИМ жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча кодекске айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүүчү беренени дагы кошууну сунуштап жатат. Айдоочунун билими эгер ал жыл ичинде эки жолудан ашык жол кыймылынын эрежелерин бузса текшерилмекчи.