2021-жылдын 5-майдан тарта күчүнө кирген жаңы Конституцияга ылайык, Жогорку соттун Конституциялык палатасы жоюлган. Анын ордуна Конституциялык сот ишке кирген.

Бирок анын мүчөлөрүнүн курамы мурдагы Конституциялык палатадагыдай эле.

Бул сотто төраганы жана анын орун басарларын кошкондо болгону 9 судья бар. Алар кимдер жана алар тууралуу эмнелер белгилүү экенин айтып беребиз.

Эмил Өскөнбаев. Сүрөт: Конституциялык сот

Эмил Өскөнбаев

Өскөнбаев Конституциялык соттун төрагалыгына 2-декабрда келген. Өскөнбаев буга чейин Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген. 2016-жылы ал ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин, анын администрациясы жана алтынчы чакырылыштын көпчүлүк депутаттары Конституцияны өзгөртүүнү сунуштаганда ага активдүү каршы чыккан.

Өскөнбаев 2020-жылы Конституциялык палатанын судьяларынын курамында болгон. Палата Клара Сооронкулованын парламенттик шайлоону жана Конституцияны реформалоону жылдыруунун мыйзамдуулугу боюнча арызын караган.

Жыйынтыгында Конституциялык палата шайлоону жылдыруу жана өлкөнүн Баш мыйзамын өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоору Конституцияга каршы келбейт деп чечкен.

Кийин юристтер Конституциялык палатанын судьяларына, анын ичинде Өскөнбаевге башында Садыр Жапаров турган учурдагы бийлик тарабынан кысым көрсөтүлгөнүн айтып чыгышкан. Конституциялык палатанын чечимин Өскөнбаев жазды деген версия дагы пайда болгон.

Анда Өскөнбаев басым тууралуу мындай деп айткан: «Кандай айтсам… Басым болгон күнү да бул тууралуу ачык айтпайсың да, көрбөйсүң деле да. Кысым болду деп айтууга эч кандай негиз жок. Мен сиздерге ушундай жооп бермекмин».

Мээргүл Бобукеева. Сүрөт: Конституциялык сот

Мээргүл Бобукеева

Бобукеева Конституциялык палатага 2012-жылы судья болуп келген, ал эми 2016-жылы палатанын сот-катчылыгына дайындалган. 2019-жылы Бобукееванын ыйгарым укуктарын аткаруу мөөнөтү аяктап, бирок кийинки жылы кайрадан Конституциялык палатанын судьялар курамына кайтып келген.

Koom.kg Коомдук анализ институтунун маалыматына ылайык, 2020-жылы Конституциялык палатага судьяларды тандоодо Бобукеевага Алмазбек Атамбаевдин *экс-президенттик макамы барбы же жокпу деген суроо берилген.

Бобукеева Атамбаевдин экс-президент деген макамы жок деп «ойлой турганын», анткени Конституциялык палата болгону макамынан ажыратууга мүмкүнчүлүк бере турган корутунду чыгарып берген деп жооп берген.

*Атамбаевди бул макамынан 2019-жылдын июнь айында алтынчы чакырылыштын депутаттары ажыраткан. Бул Атамбаев жана андан президенттикти өткөрүп алган Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуудан кийин болгон.

Латип Жумабаев. Сүрөт: Конституциялык сот

Латип Жумабаев

Жумабаев Конституциялык соттун судьялыгына 2020-жылдын февралында дайындалган. Судьялык кызматка чейин Жумабаев Конституциялык палатада бир жыл президенттин дайымкы өкүлү болуп иштеген. 2010-жылы Ош шаарынын прокуратурасын башкарып, ал эми 2013-жылы Баткен облусунун прокурорлук кызматын аркалаган.

Конституциялык палатага келгенге чейин эмгек жолунун көбүн ар башка облустардын жана райондордун прокуратураларында иштеп баштаган.

Мукамбет Касымалиев. Сүрөт: Конституциялык сот

Мукамбет Касымалиев

Касымалиев буга чейин бир нече ирет Конституциялык палатанын судьяларынын курамында болгон. Алгач ирет 2012-жылы судьялыкка шайланган. Бир жылдан кийин палатанын төрагалыгына дайындалган, бул кызматта 2016-жылга чейин иштеген.

2019-жылы ыйгарым укуктары аяктап, бирок 2020-жылы кайрадан палатанын судьяларынын курамына шайланган.

Касымалиевдин өмүр баянына карасак, 1987-жылы университетте окутуучулук кызматтан кийин УКМКнын тергөөчүсү болгон. Андан соң өкмөттүн жана президенттин аппараттарында иштеген.

2004-2005-жылдары Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп эмгектенген. Ал эми 2007-жылы Улуттук коопсуздук кызматы башкармалыгынын (учурдагы УКМК) жетекчиси болгон.

Кырккелди Кадырбаев. Сүрөт: Конституциялык сот

Кырккелди Кадырбаев

Судья Кадырбаев Конституциялык палатага келгенге чейин бүткүл карьерасын Кыргызстандын укук коргоо органдарында түптөгөн. Бул жылдар аралыгында жогорку кызматтарды аркалаган, мисалы, 2004-2009-жылдары ИИМдин Башкы штабынын, Тергөө башкармалыгынын жана ИИМдин Ички коопсуздук кызматынын башчысы болгон.

Кадырбаев 2011-2019-жылдары Ырайым кылуу боюнча комиссиянын жоопту катчысы болгон. Андан кийин Кадырбаев Конституциялык палатанын судьясы болуп дайындалган.

Жамил Шаршеналиев. Сүрөт: Конституциялык сот

Жамил Шаршеналиев

Шаршеналиев 2010-жылы Кыргыз-Орус славян университетин бүтүргөн, ал эми 2004-2009-жылдары Жогорку соттун аппаратында мыйзамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы жана соттук коллегия бөлүмүнү башчысы болуп иштеген.

2010-жылдан кийин беш жыл Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы болгон. 2020-жылдын майында Конституциялык палатанын судьясы болуп келген.

Жедигер Саалаев. Сүрөт: Конституциялык сот

Жедигер Саалаев

Саалаевдин өмүр баянында университеттин журналистика жана юридикалык факультеттерин аяктаганы айтылат. 2004-2011-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинде мугалим болуп иштеген. Андан соң премьер-министрдин аппаратында байланыш бөлүмүн жетектеген.

Саалаев «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редакторлугун дагы аркалаган, ал эми 2015-жылдын май айында Конституциялык палатанын судьялыгына келген. 2020-жылдын июнь айында палатанын сот-катчысы болуп дайындалган.