Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдиргендей, Темировка айылынын 61 жаштагы тургунунун сөөгүн туугандары «коронавирустан каза болду» деп жерге беришкенин кабарлады. Бирок прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин эркек киши зомбулуктан каза тапканы аныкталган.
ОИИБдин маалыматында, социалдык тармакта Ысык-Көл милициясы бул кылмыштын бетин ачуу боюнча эч кандай чара көрүлбөгөнү тууралуу маалымат тараган. Укук коргоо органы бул маалымат «чындыкка дал келбейт» деп билдирип келишкен.
Ысык-Көл райондук прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, 61 жаштагы киши 30 жаштагы тууганы менен мушташтан каза болгонун аныктаган.
Суракка алынган Темировка айылынын 51 жаштагы тургуну 2021-жылдын 20-январдан 21-январга караган түнү Д.М аттуу баласы менен Ж.А аттуу байкесинин ортосунда мушташ чыкканын билдирген.
Ал эртең менен үйүнөн байкесинин жансыз денесин тапкан. Укук коргоо органдарына жана башка маморгандарга билдирбестен маркумдун жаназасын өткөрүшкөн. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында ал COVID-19дан каза болду деп айтышкан.
Аталган факт боюнча, 1-февралда прокуратура «Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү менен адам үлүмүнө алып келүү» берененин негизинде кылмыш ишин козгоду.
Эртеси эле күнү эксгумация жасалып, комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ошол эле маалда ыкчам иликтөө кызматкерлери 30 жаштагы Д.М аттуу жаранды Бишкектен кармашкан.
Учурда Ысык-Көл райондук прокуратурасы иликтөө ишин улантууда.