Акыркы суткада коронавирустан үч адам каза болду, жаңы 110 учур катталды

Кыргызстанда 6-февралга карата COVID-19 менен ооруп жаткан үч адам каза болуп, жуктуруунун 110 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Аймактар боюнча:

  • Бишкек шаарында — 56;
  • Чүй облусунда — 18;
  • Ысык-Көл облусунда — 12;
  • Ош шаары —10;
  • Баткен облусунда — 6;
  • Жалал-Абад облусу — 5;
  • Ош облусу — 3.

Ошондой эле республика боюнча 341 адам оорудан айыгып чыкты.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын саны 199 436 жетти. Ал эми өлкө боюнча 190 709 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2902 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 855 бейтап, үй шартында 3429 адам дарыланып жатат.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.