Экономика министрлиги: Баткен облусунун 62 айылында өзгөчө салык режими иштейт

Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорундагы 62 айылдын ишкерлери үчүн өзгөчө салык режими иштейт. Бул тууралуу 7-февралда Экономика жана коммериция министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бул айылдар аймактагы чек арага жакын преференциалдык калктуу пункттардын тизмесине кирген. Бул айылдарда:

  • салык төлөөчүлөр жалдап иштеткен кызматкерлер үчүн жеке киреше салыгы 5%га чейин азайтылат (буга чейин 10% эле)
  • киреше салыгынан бошотулат (пайыздык чек 0% деп белгиленди)
  • сатуудан алынуучу салыктан бошотулат.

Экономика министрлиги жергиликтүү кеңештин чечими менен аталган 62 айылдын ишкерлери жер салыгынан жана экинчи жана үчүнчү топтогу мүлк салыгынан бошотулушу мүмкүн экенин белгиледи.

«Учурда министрлер кабинети өзгөчө жеңилдетилген салык режими бар преференциалдык чек ара конуштарын кеңейтүү маселесинин үстүнөн иштеп жатат», — деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Экономика министрлигинен «Баткен облусунун макамы жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, региондун аймагында мамлекеттик кепилдиктер каралган өзгөчө инвестициялык режим жана товарлардын мамлекеттик сатып алуусун жүзөгө ашыруунун өзгөчө режими иштеп жатат. Ошондой эле Баткенде жергиликтүү калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жеңилдиктер каралган.

Буга чейин Министрлер кабинетинен 62 айылдын туруктуу жашоочулары үчүн пенсиялар 2000 сомго жогорулай турганын айтышкан. Ошондой эле бийлик бул айылдарда жашаган калкка жөлөкпулдарды, электр энергиясына жеңилдетүүлөрдү, социалдык жана укук коргоо кызматкерлеринин айлык маянасы эки эсеге жогорулайт деп айткан.

«Баткен облусунун макамы жөнүндөгү» мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары 2021-жылдын 22-июлунда кабыл алышкан. Мыйзам долбоору коомдук талкуу үчүн өкмөттүн сайтына 2021-жылдын 2-апрелинде жайгаштырылган, бирок апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккандан кийин Баткен облусуна өзгөчө макам берүү процесси тездеген. Андагы чек ара жаңжалында эки тараптан тең бери эле дегенде 55 адам каза таап, эки жүздөн ашык адам жарадар болгон.

Демилгечилер, өзгөчө макам берүү облусту социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүп, жергиликтүү калктын жашоо сапатын жакшыртууну шарттайт деп белгилешкен. Бул бизнести өнүктүрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана аймактын, ошондой эле өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан факторлордун алдын алууга жол ачат.