Кыргызстанда 14-февралга карата COVID-19 менен ооруп жаткан үч адам каза болду, жуктуруунун 46 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Аймактар боюнча:
- Бишкек шаарында — 31;
- Ысык-Көл облусунда — 7;
- Чүй облусунда — 4;
- Жалал-Абад жана Баткен облустарында экиден киши илдетти жуктуруп алды.
Ошондой эле республика боюнча 236 адам оорудан айыгып чыкты.
Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын саны 200 миң 66га жетти. Ал эми оорудан 192 миң 971 киши айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 930 киши көз жумду.
Учурда ооруканаларда 485 бейтап, үй шартында 2 119 адам дарыланып жатат.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.