Бишкекте баткендик күрүч өстүрүүчүлөрдүн эмгеги тууралуу сүрөт көргөзмө ачылды

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде 15-февралда кыргызстандык документалист Данил Усмановдун «Күрүч даны» аталышындагы сүрөт көргөзмөсү ачылды. 

2021-жылы күзүндө тартылган 80 сүрөт Кыргызстандын түштүгүндө куйкалаган күндүн астында иштеген баткендик фермерлердин эмгегин жана жашоосун чагылдырып турат.

«Документалдык сүрөт —көзү көргөн адамдардын баарына түшүнүктүү болгон визуалдык сторителлингдин эң күчтүү түрлөрүнүн бири. Биз баткендик фермерлердин эгинди жыйноодон тарта, аны сатууга чейинки жашоосундагы кубанычтуу учурларды чагылдыра алдык», — дейт көргөзмөнүн жетекчиси Акжибек Бейшебаева.

Көргөзмө 3-мартка чейин болот.

«Клооп» Данил Усмановдун сүрөт көргөзмөсүнөн бир канча сүрөттү жарыялайт.

Ак-Турпак айыл аймагына караштуу Миң-Чынар айылындагы күрүч талаасы. Жергиликтүү тургундар бул жерди Баатыр деп аташат. Сүрөт: Данил Усманов / GIZ
Күрүч жыйнаган адам күрүч оргон орокту чыныга кайрап жатат. Сүрөт: Данил Усманов / GIZ
Күрүч айдаган Тургунбек Султан уулу коңшуларына орулуп капка салынган күрүчтөрдү трактордун чиркегичине жүктөөгө жардам берип жатат. Сүрөт: Данил Усманов / GIZ
Миң-Чынар айылындагы күрүч эгилген талаага эчкилер жүрөт. Күрүч айдагандар түшүмдү чогулткандан кийин, талаага ача туяктуу малды коё беришет. Сүрөт: Данил Усманов / GIZ
Жалданган жумушчулар түшүмдү кол менен жыйнап жатышат. Ал үчүн дыйкандар район жашоочуларын ишке тартышкан. Сүрөт: Данил Усманов / GIZ
Миң-Чынар айылынын тургуну жол жээгиндеги күрүчтү жайып жатат. Күрүч жакшы кургап, сакталышы үчүн күрүчтү саат сайын сапырып турушат. Сүрөт: Данил Усманов / GIZ
Миң-Чынар айылындагы кургатылган күрүчтү тазалоочу цехтин жанында Кадамжай шаарынын тандыр жасаган тургуну унаанын кузовундагы күрүчтүн кабыгын килем менен жаап жатат. Ал саманды тандыр жасоо үчүн колдонот. Ар бир айылдын өзүнүн цехи бар. Бул цехтер «Ак-Жуваз» деп аталат. Ошентин күрүчтүн калдыктары толук керектелет. Сүрөт: Данил Усманов / GIZ
Ак-Турпак айыл аймагында «Соода борбор» деп аталган күрүч базарына келгендер фонариктин жарыгы менен сатыкка коюлган күрүчтү карап жатышат. Күрүч өндүрүүчүлөр жакшы орун табуу үчүн, ал эми сатып алуучулар ыңгайлуу баада күрүч сатып алыш үчүн таң заардан эле келе башташат. Сүрөт: Данил Усманов / GIZ
Чоң-Кара айылында сүннөт тойго (баланы сүннөткө отургузуу) карата эркектер бука соёр алдында бата кылып жатышат. Сүрөт: Данил Усманов / GIZ
Чоң-Кара айылына сүннөт тойго келген конокторго ашпозчу палоо (аш) даярдап жатат. Сүрөт: Данил Усманов / GIZ
Ак-Турпак айыл аймагынын Жаңы-Жер айылынын күрүч эгүүчүлөрү «Соода борбор» чайханасында пало жеп жатышат. Баткенде палоону кол менен алып жеген адатка айланган. Сүрөт: Данил Усманов / GIZ

Сүрөт көргөзмөнү «Жеке секторду туруктуу өнүктүрүү жана жашыл экономика» программасы колдоого алган. Ал Германиянын Эл аралык Кызматташтык Коому (GIZ) жана Германия менен Швейцариянын өкмөттөрү тарабынан каржыланат.

Программа кыргызстандык күрүч өндүрүүчүлөрдү колдойт — мисалы 2021-жылы атмосферага метандын бөлүнүп чыгуусун азайтуу үчүн тең салмактуу жер семирткичтерге өтүүгө жардам беришкен. Бул программанын алкагында күрүч өстүрүүдө сууну аз өлчөмдө колдонуу да үйрөтүлөт.