Милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого алынган Улан Назаралиевге мамлекет компенсация катары 50 миң сом төлөп берди. Бул тууралуу Фейсбукта Кыйноолорго каршы коалициясы билдирди.
Соттун бардык инстанциялары Назаралиев тарткан бардык моралдык жана физикалык зыянды ушул суммага баалашкан. Акчаны ага укук коргоочулар тапшырышты.
Назаралиев 2012-жылы бейбаштык жана талоончулукка айыпталып Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу изоляторуна түшкөн. Ал жерде милиционерлер уруп-сабап, муунтуп, лезвия беришкен, аны менен Назаралиев билегин тилип салган.
Эки күндөн кийин Назаралиевди жана аны менен камерада бирге отургандарды тинтип, кемсинтип жана ур-токмокко алышкан. Назаралиевди болсо батареяга да кадап, байлап коюшкан. Ал аёосуз мамилеге каршылык көрсөтүп, билегин тиккен жиптерди суруп салган — жарааты канаганына карабай кишенди чечпей коюшкан.
Андан кийин Назаралиевди Сузак РИИБнин убактылуу кармоочу изоляторуна которушкан. Укук бузуулар ал жерден да уланган: которуу процедурасы учурунда млиционерлер Назаралиевдин ич кийимин чечип, жыныс мүчөсүн сүрөткө тартышкан.
Назаралиев милиционерлердин үстүнөн арыз жазууга аргасыз болгон, бирок далилдер жоктугунан кылмыш иши козголгон эмес. Ошондуктан Назаралиев Жалал-Абаддагы «Справедливость» укук коргоо уюмундагы адвокаты Сардорбек Абдухалилов менен БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине арызданган.
Чечим чыгаруу үчүн комитетке бир нече жыл талап кылынган — чечим 2019-жылы гана чыккан. Ага ылайык, Назаралиев кабылган кыйноолорду иликтөө натыйжалуу болгон эмес.
Андан соң Назаралиев адвокаты менен бирге мамлекетке доо арыз жазууну кайра башташкан — алар жабырлануучуга 3 млн сом кенемте төлөп берүүнү талап кылышкан. Жыйынтыгында Биринчи май райондук соту Назаралиевди жабырлануучу деп таап, ага 50 миң сом компенсация төлөп берүүнү токтом кылган.
Мындай чечим эки тарапты тең канааттандырган эмес, ошондуктан алар апеллациялык арыз беришкен. Сотто Каржы министрлиги (мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон) бир сом да төлөп бергиси келген эмес. Назаралиев жана анын жактоочусу кенемтенин өлчөмү Улан дуушар болгон кыйноого жана адамдын кадыр-баркын басмырлоого төп келбейт деп эсептешкен.
Бирок Бишкек шаардык соту эки аппеляцияны тең четке кагып, Биринчи май райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Кыргызстандагы кыйноолор
Прокуратуранын маалыматына ылайык, 2019-жылдан 2021-жылдын сентябрынча чейин кыйноо фактысы боюнча 63 арыз катталган. Алардын 12си кылмыштын курамы жок болгондуктан токтотулган.
Арыз жазгандардын арасында беш аял жана эки жашы жете элек бала болгон. Кыйноолор тууралуу билдирүүдө көпчүлүгү ИИМдин кызматкерлери тарабынан болгонун айтышкан (62 учур). Ошондой эле, 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 20 кызматкер дисциплинардык жазага тартылган.
2021-жылдын биринчи жарымында 18 кызмат адамы кыйноого күнөөлүү деп табылган. Ал эми 2012-жылдан 2021-жылга чейин 79 адамга карата 26 кылмыш иши каралган. Алардын ичинен 57си акталса, 18 киши соттолгон, дагы төрт кылмыш иши кыскарган. Ошондой эле 12 киши 7-12 жылга чейин эркинен ажыратылган. Соттолгондордон 14 киши ИИМдин кызматкерлери, төртөө — ЖАКнын кызматкерлери.