Ош: «Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү Мирлан Ураимовдун айылдаштары митингге чыгышты

Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Арык айылында 15-февралда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовдун айылдаштары митингге чыгышты. Алар Ураимовдун кармалышын «саясий куугунтук» деп сыпаттап, аны бошотууну талап кылышты.

Митингчилер «Мыйзам баарына бирдей», «Ак ийилет, бирок сынбайт!», «Чындык эл тарапта», «Сөз эркиндигин талап кылабыз!», «Мирлан Ураимов кыргыз эли сени менен!», «Мирлан Ураимов кыргыз жери эли үчүн күйгөн инсан» деген транспаранттарды көтөрүп чыгышып, «Мирлан Ураимовго боштондук» деген ураанды кыйкырып турушту.

Мирлан Ураимовдун тарапташтарынын бири Ураимовдун кармалышын «негизсиз» деп атап, бийликти сынга алды.

«Мирлан эл үчүн, жер үчүн күйгөн жигит. Ал биздин жерибизди, суубузду сактап калды. Ураимов Кемпир-Абадды Өзбекстанга өтүп кетип аткан жерден токтотуп калган [...]. Эми ушул жигитибизди болбогон шылтоо менен камап коюшту. Ал бала өзүнүн кесиби боюнча юрист, билимдүү бала. Мыйзамдарды так түшүнөт», — деди ал.

Мырза-Арык айылынын дагы бир тургуну Азиза Аккозува президент Садыр Жапаровдон жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевден Ураимовду бошотууну талап кылды.

«Биз бул баланы бир гана жакшы жагынан эле билебиз жана жакшы тааныйбыз. Ал буга чейин мектепке көптөгөн жардамдарды берип жүргөн. Жакыр жашаган үй-бүлөлөргө жардам берип жүргөн. Мындан башка дагы көп иштерди жасаган. Мен айыл элинин атынан аны бошотууну суранам», — деди Аккозува.

Ураимовдун дагы бир айылдашы активисттин кармалышын «пастык» деп атады.

«Кыргыздын чыгаан жигити Ураимовду кечинде колдорун кайрып, балдарын коркутуп үйүн тинтигени бул өзү мыйзамсыз. Мындай жоруктары менен УКМК кайда баратат? Аны антип кармагандай ал террорист болбосо, бандит болбосо же миллиондорду жегендей коррупционер болбосо эмнеге мынча коркутуп кармайт? Мыйзам түрүндө кагаз менен чакырсаңар барат болчу [...]», — деди ал.

Ошондой эле, ал элдин чыдамы түгөнүп баратканын эскертип, Ураимовдой эл үчүн күйүп-бышкан жигиттер аз экенин кошумчалады.

«Силер мындай жигиттерди колдогондун ордуна камап атасыңар. Бийликке келсеңер эле көзүнөрдү май басып калды [...]. Силерден башка эч ким сүйлөбөшү керекпи? Же элди көп нерсени түшүнбөгөн сабатсыз деп ойлоп атасыңарбы? Анда жаңылышасыңар», — деди ал.

Мирлан Ураимовдун кармалышы

УКМКнын кызматкерлери Ураимовду 8-февралдын кечинде кармап, анын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Активисттин жубайы тинтүү жүргүзгөндөрдүн протоколунда «Орозайым Нарматованын диплому боюнча» кылмыш иштин алкагында деп жазылганын кабарлаган.

Күч органдары Ураимовдун жубайынын жана кызынын телефондорун, ошондой эле процессор жана кагаздарды алып кетишкен.

9-февралда атайын кызмат Ураимовго «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо» беренеси менен айып тагылганын кабарлаган. Тергөөнү версиясы боюнча, Ураимов социалдык тармактарда «чагымчыл материалдарды тараткан».

Ал эми Ураимовдун жактоочусу Юлия Богданова күч органдары анын кардарын «соцтармактарда калтырган комментарий үчүн кармаганын» билдирген. Бирок адвокат Ураимов эч кандай чакырыктарды жасабаганын жана комментарийлер «анын стилинде жазылбаганын» белгилеген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралдагы маалымат жыйында Ураимов соцтармактарда «бүгүнкү бийликти алмаштырыш керек» деп, президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге «ар кандай аттарды коюп, чакырыктарды жасаган» деп билдирген.

Зулушев кимдир бирөөнү «жамандаган үчүн кылмыш ишин козгоо туура эмес экенин», бирок ошол эле учурда «жамандагандын оюнда чакырык же мамлекеттин коопсуздугуна шек келтире турган аракеттер болсо» ал киши жоопко тартылышы керектигин белгилеген.

Ал эми «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери жана Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Ураимовдун кармалышы партияга карата кысым деп баалаган. Ошондой эле саясатчы УКМКга жана ИИМге кайрылып «түндө барып баса калган практиканы токтотууну» талап кылган.

Кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту Мирлан Ураимовду Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына 26-мартка чейин камакка алган.

Ураимовдун жактоочулары мындай чечим менен макул болбой, беш күндүн ичинде аппеляциялык тартипте даттана турган болгон.