«Аймак ижарага берилген». Оштун Навои паркындагы учак алынды

Сүрөт: T-Media

Ош шаарындагы Алишер Навои атындагы эс алуу багында болжол менен 34 жылдан бери турган Як-40 учагы 16-февралда алына баштады. Бул соцтармак колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жаратып, калаанын айрым тургундары учактын алынганына нааразы болушту.

Шаардыктар бул учак «парктын символу» болуп калганын, көпчүлүк тургундардын балалык чагы менен байланышканын айтышууда.

«Бардак, мэрияда шаарды түшүнбөгөн "түшүнүксүз" адамдар жүрөт. Сулайман-Тоону жакында көп кабаттуу имараттар ороп калат, аны да карашпайт. Мейли социалдык, экономикалык маселелерди караш кыйын, жок дегенде шаардын символдорун көзөмөлдөп турса болот», — деп жазды Фейсбук колдонуучулардын бири Медербек Мадаминов.

«Учактын алынышына мэриянын тиешеси жок»

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Жээнбеков «Клоопко» учактын алынышына «мэриянын тиешеси жок экенин» билдирди. Ал учак турган аймак 2021-жылы жеке тарапка беш жылга ижарага берилгенин айтат.

«Ижарага алган жаран мэрияга жылына бир миллион сом төлөйт. Парк азыркы убакта жеке адамдын карамагында болгонго байланыштуу учакты алдырып жатат», — деди ал.

Ошондой эле Жээнбеков учакты буга чейин деле ижарага алган киши алып келгенин, ага мэриянын тиешеси болбогонун кошумчалады.

53 жылдык тарыхы бар учак

Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, аталган учак 1969-жылы Орусиянын Саратов авиациялык заводунда жасалган. Ошол эле жылы Як-40 Кыргызстандын Жарандык авиация башкармалыгына, ал жактан Ош облустук авиа отрядына которулган.

Учак 1969-1987-жылдары иштеген. Ал эми 1979-жылы «Казахфильм» киностудиясы тарткан «Ыргытуу же бардыгы ишембиде башталды» атту киносунда колдонулган. Як-40 үлгүсүндөгүлөр арасынан жалгыз гана ушул учак сакталып калган.

Учак алынып келгенден кийин алгач ичи кинотеатр, андан соң видео көргөзмө залы болгон. Кийинчерээк ал фотостудияга айланган.

Редактору: Айбике Адилет кызы