Вера Андрианованын Kloop.kg үчүн иллюстрациясы

Эгер биз эмдөө жүргүзсөк, адамдар оорубайт. Эгер ооруп калышса, анда дарылайбыз.

Бир гана уу коргошун менен дарыланып жатам. Үч күндөн бери уу коргошун ичип жатам, аралыктан иштөөгө өттүм.

Ысык-Көл тамырын ичип ооруканага түшкөн адамдар мурда деле уу коргошунду онкологиялык оорулардан дарылануу үчүн колдонушкан. Биз ар бир учурду текшерип жатабыз.

Мен үчүн аконит артта калды. Азыр бейтаптарды дарылоодо ал пайдаланылган жок. Протоколдун негизинде дарылап жатышат.

Жакында аконит тууралуу мурдагыдан да көп айта баштайм. Аны бардык өлкөлөр миңдеген жылдар бою колдонуп келишет. Биринчи жолкусунда байкабай сүйлөп алып, журналисттердин сынына калдым. Эми философиялык, илимий тилде гана айта баштайм.

Көзүмдүн асты көгөргөнүн көрүп турасыздар. Мен анда толук жагдайды айткан эмес элем. Ал учурда үстүмө арча кулап түшкөн. Бирок депутат Балбак Түлөбаев чуркап келип, кармап калган. Жогорку Кеңеште ага рахматымды айткам. Ал бул окуяны журналисттерге айтышыма каршы болгон эле.

Жөн эле иштеп отура албайм — менде андай жок. Реформа кылып, элге кереги тие турган иштерди жасашым керек. Мени сындашат, мага каршы митингге чыгышат…

Пётр I дагы, Орусияда реформа жасап атканда баары жек көргөн, кийин тарых ал баарын туура кылганын көрсөттү. Бир жыл ичинде кылганымдын баары эл үчүн.

Мен эч качан өзөмдү Пётр I менен салыштырган эмесмин. Мен Пётр Iдин тушунда реформаларын көпчүлүк колдобой, каршы болгонун айткам. Бирок кийин аныкы туура чыккан. Азыр эл дагы президенттин, Саламаттык сактоо министрлигинин реформасын сынга алып жатат. Мейли, тарых көрсөтөт. Мен Пётр Iди тааныбайм. Кинодо айткан сөздөрүнөн билем. Ал хандар каршы болгон реформаларды жасаган.

Мени дебатка да чакырышат. Өздөрүн жарнамалоону каалашат. Мен учурда таанымал адамдардын биримин. Эгер белгисиз журналист кыз арыз жазса, анда дароо таанымал болот. Белгилүү эле кадам да.

Мага Садыр Жапаров кайрылып тааныштарына операция кылып берүүнү суранды. Анан операцияны баштадым, биздин көз караштарыбыз, дүйнөгө көз карашыбыз бирдей болуп чыкты.

Мен ага эки-үч ирет түрмөгө баргам, анткени мен медикмин — мага уруксат берилет.

Түрмөдө деле отура берем, ал жерде деле жакшы. Президентке жолукканы барганда ал жердин шартын көргөм. Отуруп калсам, эс алып, мемуарларды жазмакмын.

Мен ичпейм. Аны медиктин баары билет. Айрым учурда, балким, корпоративдерде ичип жаткандай түр көрсөтүшүм мүмкүн. Эмне үчүн дейсиздер? Коллективди колдоо үчүн. Эгер министр ичпесе, анан албетте, коллектив да эс албайт.

Мен арак ичпейм, бирок дайыма масмын. Бакытка, жашоого масмын, ошондуктан дайыма күлүп жүрөм.

Уулум табарман болгондуктан баймын. Канча акчасы бар экенин билбейм, бирок «миллионер» экенин айтат.

Колунда бар бай досторум көп. Көбү Садыр Нургожоевичтен дагы бай.

Унаам жок болсо министр болбой калмак белем? Алар муну атайын кылып жатышат. Мен бул жердеги бардык коррупционерлерди жумуштан алдым, алар болсо менин ишиме тоскоолдук кылгысы келип жатат. Мейли унааны алып коюшсун, жөө жүрүп депутат Бекешев менен жолугушууга кечигип барам. Анткени унаам жок да.

Отставкага кетейин деген жокмун, кабинеттен чай ичейин деп чыктым. Эми мен кабинеттен чыккан сайын отставкам жөнүндө туш келди жаза беришеби?