«Мектеп окуучусун өлүмгө жеткирүү»: Шектүүлөр үй камагына чыгарылды

Свердлов райондук соту өспүрүмдү өз жанын кыюуга жеткирген деп айыпталган «Алма» супермаркетинин коопсуздук кызматкерлерин үй камагына чыгарды. Бул тууралуу «Клоопко» айыпталуучулардын адвокаты Бакыт Жумашев билдирди.

Коопсуздук кызматкерлери 2019-жылы көп кабаттуу имараттан боюн таштаган 14-жаштагы өспүрүмдү өз жанын кыюуга жеткирген деп айыпталышууда. Ага чейин өсүпүрүм достору менен супермаркеттен шоколад уурдап, аларды дүкөндүн кароол кызматкерлери кармап алганы айтылган.

Жумашевдин айтымында, тергөө алгач соттук-медициналык экспертиза өткөрбөй туруп ишти биринчи инстанциядагы сотко өткөрүп берген, өз кезегинде биринчи инстанция айыптоо өкүмүн чыгарган. Жактоочунун айтымында, көптөгөн мыйзам бузуулардан улам коргоп жаткан адамдары эки жылдан ашык тергөө изоляторунда камакта болушкан.

«Балдардын атасы кароол кызматкерлерин курулай эле айыптап туруп алган. Мектеп окуучулары болсо кармалган учурда кароол кызматкерлери аларга эч кандай басым кылбаганын билдиришкен», — дейт адвокат.

Ал арыздангандан кийин экспертиза жүргүзүлүп, экспертиза «Коопсуздук кызматкерлеринин аракети баланын өз жанын кыйышына түрткү болгон эмес деген так аныктама» бергенин кошумчалады.

Уурулук жана суицид

Өспүрүм өз жанын 2019-жылы кыйган.

Окуучуну уурулук кылганы үчүн кармаган супермаркеттин кароолчулары өспүрүмдү өз жанын кыюуга жеткирүү жана ыйгарым укуктарынан аша чаабууга айыпталышкан: алардын бири алты, экинчиси беш жылга соттолгон. Аларга 30 миң сом айып да салынган.

Баланын өлүмүнөн кийин «Дело №» гезити дүкөндүн кароолчулары өспүрүмдөрдү жертөлөөгө камап, «аларды суракка алышкан» деп жазган. Маркумдун атасы Нурбек Казаков сот уулун эч нерсе уурдабаганы боюнча толугу менен актады деп билдирген.

«Балдар кармалгандан кийин күзөт кызматкерлери милицияга телефон чалып, жашы жете электер менен иштөөчү инспекторду чакырып, ГУМдун администрациясы менен ата-энелерге кабар бериши керек эле. Мунун баары, ушул сыяктуу кесепеттер болбошу үчүн алардын кызматтык милдеттеринде так жазылган», — деп белгилеген ошол убакта маркумдун атасы.

2020-жылдын 25-декабрында «Алма» супермаркетинин күзөт кызматкерлеринин туугандары Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдында митингге чыгышкан. Алар сот өкүмдү коомдук басым менен чыгарылганын, күзөтчүлөр дүкөндөн товар алып чыгып бараткан балдарды токтотуп, болгону өз милдетин аткарышкан деп айтышкан.

Эмгек министрлигинде күнү-түнү байланыш линиясы бар, ал акысыз иштейт. Кыргызстандын каалаган жараны 111 номерине телефон чалып, психологиялык жардам ала алат. Психологдор чоң кишилерге да, балдарга да консультация бере алышат.

Ошондой эле Бишкек шаарында балдар жана өспүрүмдөр үчүн Балдарга жардам берүү борбору иштейт. Борборго төмөнкү номерлер аркылуу байланышса болот: 0-773-192-099 жана 0-707-079-597.