Садыр Жапаров депутаттардан министрлерди парламентке көп эле чакыра бербөөнү суранды

Президент Садыр Жапаров Фейсбук барагы аркылуу депутаттарга кайрылуу жасап, министрлер кабинетинин төрагасы же башка министрлерди Жогорку Кеңешке «кандайдыр бир орчундуу маселе каралып жаткан болсо» гана чакырууну суранды.

Өлкө башчысы айрым учурда министрлерди зарыл иштер менен чакырып, бирок депутаттар министрлерди парламенттин жыйынына жеке катышуусун талап кылгандыктан алар келе албай калып жатканын айтты.

«Бир күнү кечке [парламентте] жүрүп же жарытылуу маселе чечилбейт, же жетекчисин күтүп олтурган министрликтин бир күндүк иши үзгүлтүккө учурап жаткан учурлары болуп жатат. Учурда бир күн эмес, бир мүнөтүбүздү текке кетирбешибиз керек. Убакыт бизди күтпөйт. Министрлер министрликтин иштерин координациялап, тез алдыга жылдыруусу керек. Азыр талап күчтүү. Коюлган тапшырмалар боюнча алдын ала даярдыктарды көрүп, өз убагында аткарылбаса керт баштары менен жооп беришет», — деп жазды Жапаров.

Садыр Жапаров парламенттин 13-октябрындагы отурумунда. Анда Минкабдын жаңы курамы менен түзүмү талкууланган. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

Президент эл өкүлдөрүнүн алдында министрлердин орун басарлары эле отчёт бергени жетиштүү деп эсептейт.

«Министрге караганда каралып жаткан маселени орун басары жакшы билерин билесиздер. Анткени тиешелүү болгон маселелер менен тиешелүү орун басарлары түздөн-түз иш алпарышат. Ар бир орун басардын адистигине, багытына жараша иштер бөлүштүрүлүп берилет», — деп белгиледи президент.

Бирок Жапаров муну менен министрлер таптакыр эле парламентке чакырылбашы керек деген ойду айткысы келбегенин кошумчалады. Президент депутаттарга «эгер кандайдыр бир көйгөйдү же Министрлер кабинети чече турган маселени көтөргүңүздөр келсе, анда ар бир аптанын жума күндөрү кечки саат 18-00дө өтө турган Министрлер кабинетинин жыйынына катышсаңыздар болот» деп сунуштады.

«Ушул жыйындарга келип катышканга ар бириңиздердин толук укугуңуздар бар. Эшик ачык. Бул жыйындарга катышып, каалаган талаптарыңыздарды койсоңуздар болот. Бардык министрлерди, айрым күндөрдө облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүмдү дагы ушул жерден таба аласыздар», — деп сунуштады Жапаров.

Сөзүнүн аягында президент депутаттар кайрылуусун «туура» кабыл алат деп үмүттөнөрүн жазды.

«"Ынтымак бар жерде - ырыс бар” деп айтылат элибизде, бири-бириңерди туура түшүнүү менен ынтымакташып иш алып барарыңыздарга толук ишенем», — деди ал.

«Минкаб эмне, парламентти тоготпой калды беле?»

Акыркы убактарда депутаттар минкабдын мүчөлөрүн парламенттин отурумдарына келбегени үчүн бир нече жолу сынга алышкан.

10-февралда эл өкүлдөрү минкабдын жазгы сугат иштерине даярдыгы боюнча отчётун угушмак. Бул отурумга министрлердин ордуна алардын орун басарлары катышкан. Бул айрым депутаттардын кыжырын келтирген эле.

«Бүгүн келип отурган курамда баары орун басарлар экен. Керек болсо минкабдын ошол тармакты тейлеген орун басары да жок. Эмне Жогорку Кеңешти минкаб тоготпойбу? Мындай болбойт да. Министрлердин, минкабдын орун басарлары кайсы маселеге жооп берет? Эл бизден сурап жатат. Эл өкүлү катары, минкаб менен элдин ортосундагы көпүрө катары биз конкреттүү иш жасашыбыз керек. Калп эле иштеп аткандай болуп министрлер кабинетин угуп отурбашыбыз керек», — деп депутат Надира Нарматова Жогорку Кеңешке минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровду чакырууну сунуштаган.

Минкабдын төрагасы парламенттин 16-февралдагы отурумуна катышып, өзү жана калган өкмөт мүчөлөрү депутаттардын биринчи эле чакыруусу менен келе албасын түшүндүргөн.

«Консолидациялык бюджеттин көлөмү 400 млрд сом. Эгер бул сумманы 365 күнгө бөлсөк, күнүнө 1 млрд 100 млн сом иштеп табыш керек. Эгер күнүнө 10 сааттан иштесек, саатына 110 миң сомду түзөт. Ошондуктан биз кандайдыр бир себептерден улам парламент чакырганда чуркап келе албасак, капа болбойсуздар», — деген Жапаров.