Соцфонд мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгүнө тыюу салууну көздөйт

Социалдык фонд мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарууну көздөп жатат. Бул тууралуу 17-февралда парламент жыйынында фонддун төрага орун басары Гүлнура Жуматаева маалымадады.

Анын айтымында, учурда ар бир экинчи кыргызстандык жеңилдетилген негизде, башкача айтканда, мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууда.

«Бүгүнкү пенсионерлердин 40%ы — жеңилдик алуучулар. 13 жыл, 8 жыл эрте пенсияга чыгып алгандар бар. Иштеп да, пенсия да алып жаткандар бар. Ошентип чындап үйдө отурган карыларга алгылыктуу пенсияга акча жетпей калып жатат», — деп келтирет «Азаттык» Жуматаеванын айткандарын.

Жуматаеванын кесиптеши Теңизбек Абжапаровдун маалыматына ылайык, 2022-жылдын 1-январына карата өлкөдө пенсионерлердин саны 714 миң деп эсептелген.

Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, айрым кыргызстандыктар мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыга алат, алардын катарында УКМК, Коргоо министрлиги сыяктуу күч органдарынын кызматкерлери бар. Ошондой эле бийик тоолуу аймактарда жашап иштеген, зыяндуу заттар бөлүнүп чыккан жана оор шарттарда иштеген өндүрүш кызматкерлери да пенсияга эрте чыга алышат.