Арт: James O’Brien

Касым-Жомарт Токаев Казакстанда көптөгөн адамдар ири социалдык теңсиздик үчүн жооптуу деп эсептешкен мурдагы президенттен оолак болууга умтулууда. Ошол эле учурда Токаевдин үй-бүлөсүнүн чет өлкөдө катылган сырлары бар: Женевада көл жээктеген таунхаустардагы жана Москвадагы батирлер, Швейцария банкындагы эсеп жана офшорго алып барган акчанын издери.

Иликтөөнүн урунттуу учурлары:

  • Президент Токаевдин жубайы менен уулу бери эле дегенде 1998-жылдан тартып Швейцария банкында эсепке ээлик кылып келишкен — ал арада казакстандыктардын көбү жакырчылыкта жашап, ал эми Токаев тышкы иштер министри болуп турган. Банктык эсебиндеги эң көп каражат 1 миллион АКШ долларын түзгөн.
  • Токаевдер Британиянын Виргин аралдарындагы офшордук фирмалар аркылуу активи 5 миллион долларды түзгөн англииялык компанияны дагы көзөмөлдөп турушкан.
  • Аны менен катар Токаевдер Женева жана Москвадан жалпы баасы кеминде 7,7 миллион долларлык батирлерди сатып алышкан.

Акыркы жумаларда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев социалдык теңсиздикке каршы чыга баштады.

Полиция тарабынан ырайымсыз басылган толкундоолордон бир нече күн өткөндөн кийин Токаев элге кайрылып, узак жылдар бою авторитардык башкаруучу болгон мурдагы президент Нурсултан Назарбаевге карата элдик кыжырдануу колдогон.

«Биринчи президент — Эл башынын аркасы менен өлкөдө абдан кирешелүү компаниялардын тобу, ал тургай эл аралык денгээлдеги бай адамдардын катмары пайда болду. Казак элине тиешелүүнү кайтарып берүүгө мезгил келип жетти деп ойлойм».

Президент Касым-Жомарт Токаев 28-январда «Нур Отан» саясий партиясынын съездинде. Бул съездде Токаев башкаруучу партиянын лидери болуп бекиген, мурда партиянын лидери Нурсултан Назарбаев болчу. Казакстандын президентинин басма сөз кызматы/TA

Январдын башында Казакстанды дүң кылган нааразылык акциялар менен зомбулуктун толкунуна чейин Назарбаевге карата мындай алсыз сын айтуу ойго келбеген нерсе болчу. Бирок Токаев кен байлыктарга бай өлкөдө отуз жыл өкүм сүргөн олигархиялык бийликтен тажап, өзгөрүүнү эңсеген казак элинин мүдөөсүн кабыл алган өндүү. Ал элдин каалоосун аткарууга убада берди.

«Мен мамлекет башчысы катары коомубуздун саясий трансформациясын жана кайра куруу саясатын улантам», — деген ал.

Белгилүү болгондой, Токаевдин үй-бүлөсүнүн жашыруун байлыгы болгон, ал 1998-жылдан бери Европада бекем сакталган — ошол убакта Казакстандын калкынын дээрлик жарымы жакырчылыкта жашаган. Швейцариянын Credit Suisse банкынан ачыкка чыгып кеткен маалыматтар 1998-жылы бул банкта Токаевдин ошол кездеги жубайы Надежда жана ошол учурда Женевада кымбат меткеп-интернатында окуп жүргөн 14 жаштагы уулу Тимурдун атына эсеп ачылганын көрсөттү.


«Credit Suisse’тин сырлары» долбоору жөнүндө

«Credit Suisse’тин сырлары» — Швейцариянын эң ири банкы деп эсептелген Credit Suisse банкынан ачыкка чыгып кеткен банктык эсептерге негизделген трансчек аралык журналисттик иликтөөчүлүк долбоору.

Бул маалыматты анонимдүү булак Süddeutsche Zeitung немис гезитине берген, аталган гезит маалыматты OCCRP жана башка 46 өнөктөш медиа менен бөлүшкөн. Беш континенттин журналисттери банктык файлдарды изилдеп, инсайдерлер, тескөөчүлөр жана тергөө органдарынын өкүлдөрү менен баарлашып, колго тийген маалыматтарды сот материалдарынын жана каржылык отчёттордун жардамы менен текшерип чыгышты. Ачыкка чыгып кеткен документтерде 1940-жылдан тартып, болжолдуу 2010-жылдын ортосуна чейин ачылган 18 минден ашык банктык эсеп тууралуу маалыматтар бар. Жалпылап айтканда, бул эсептерде жүз миллиард доллардан ашык акча айланган.

«Швейцариянын банктык сыр боюнча мыйзамдары көңүл иренжитерине ишенем, — деп айтылат ачыкка чыгып кеткен маалыматты коштогон билдирүүдө. — Купуялуулукту сактоо милдети — бул Швейцариянын банктары үчүн салык төлөөдөн качкандарга абийирсиз жардамдашуунун көшөгөсү болуп эсептелет. Түзүлүп калган система коррупцияны жаратып, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү зарыл салыктардан ажыратат», — деп айтылат билдирүүдө.

Журналисттердин колуна тийген Credit Suisse банкынын маалыматтары толук эмес болгондуктан, аларды бир нече маанилүү жагдайларды эске алуу менен чечмелөө керек. Долбоор, маалымат булагы жана негизги жыйынтыктар тууралуу кененирээк бул жерден окуңуз.


Бул эсеп ачылгандан бери ал аркылуу канча акча өткөнү белгисиз. Ачыкка чыгып кеткен маалыматтарга ылайык, максималдуу көрсөткүч 2005-жылы катталган — 1,5 миллион швейцариялык франк (болжолдуу 1 миллион АКШ доллары).

Оффшордук кызмат көрсөтүүчүнүн документтери, корпоративдик файлдар жана кыймылсыз мүлк реестриндеги маалыматтар андан аркы жылдары Токаевдин үй-бүлөсү Казакстандын сыртынан ири байлык топтоону улантканын көрсөтүп турат. 2012-жылы банктагы эсеп жабылган соң Токаевдер Британиянын Виргин аралдарында офшордук компанияларды ачышкан — компаниялардын Швейцарияда банктык эсептери болгон. Бул фирмалар Улуу Британиядагы компанияны көзөмөлдөө үчүн колдонулган, компаниянын активдерди 2014-жылы бир учурда 5 миллион долларга жеткен. Ар башка жылдары Токаевдер Москва жана Женевадан наркы эң аз дегенде 7,7 миллион долларга чамалаган мүлктөрдү дагы сатып алышкан.

Казакстандын президентинин уулу Тимур Токаевдин сүрөтү. Ал премьер-министрдин кеңешчиси да болуп иштеп кеткен белгилүү комментатордун Telegram-каналында жарыяланган.

Ошол эле жылдары Токаев мамлекеттик эң жогорку кызматтарды, анын ичинде тышкы иштер министри, премьер-министр жана сенаттын спикери кызматын аркалап турган. Өзүнүн дагы, аялынын дагы бизнеси же коомчулук билген башка байлыгы болгон эмес. Уулу Тимурдун гана бизнеске тиешеси болгон, бирок бул да дыкат көңүл бурууга татыктуу. Казакстандын басылмаларынын маалыматына ылайык, Тимур мунай кенин иштеткен компаниянын кожоюндарынын бири катары көрсөтүлгөн, ишкана нефтти өндүрүү үчүн ыңгайлуу укук алып, кийин андан миллиондогон кирешелерди көргөн. Токаевдин уулу ал кезде 18 жашта гана болчу.

Тимур башынан эле Токаевдин үй-бүлөсүн Швейцария менен байланыштыра алмак. Жакында эле белгилүү болгондой, ал College du Leman’да окуган — Женевадагы эң кымбат мектеп-интернаттардын бири. Аталган окуу жайды аяктоо менен Тимур АКШнын аккредитациясынан өткөн Женевадагы Webster University’нин дипломун алган.

Токаевдер Женевада жана анын чеке белинен Тимурдун наамына үч батир сатып алышкан: шаардын тынч районунан бирди, Версуа муниципалитетине жакын жердеги көл жээгин караган таунхаустан бирди жана Сен-Прекс айылындагы таунхаустан бирди.

Тимур Токаевдин Женевадагы кыймылсыз мүлкү.

Тимур окуусун аяктаган соң Швейцарияда канча убакыт жүргөнү белгисиз, бирок атасы 2011-2013-жылдар аралыгында БУУнун Женевадагы бөлүмүнүн башкы директору болуп турганда ушул жерде жашаган.

Ал арада Тимур Москвада жашаганы, дипломатиялык номурлуу «Лексус» жана «БМВ» унааларында Москваны түрө кыдырып, Орусиянын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияда илимий даражага ээ болгону кабарланган.

Тимур апасы экөө Москвада кымбат баалуу бир нече батирдин да кожоюну болушкан. Кызыгы, орус оппозиция лидери, учурда абактагы Алексей Навальныйдын иликтөөсү көрсөткөндөй, орус өкмөтү кыймылсыз мүлк реестринен алар тууралуу бардык маалыматтарды өчүрүп салган. (Навальныйдын командасы Токаевдин мүлктөрүн реестрден өчүрүлгөнгө чейин көчүрүлүп алынган маалыматтардан табышкан).

Алардын айрым кыймылсыз мүлктөрү ал убактан бери сатылып кеткен. Алардын сатылгандан калган Москвадагы кыймылсыз мүлктөрүнүн арасында Fusion Park элиталуу турак жай комплексиндеги чоң батир жана Кремлден эки чакырым алыстыкта ​​жайгашкан дагы эки кабаттуу батир бар. Токаевдин аялы шаардын түштүк-чыгышындагы дагы бир батирге катталганы да анык.

Москвадагы Fusion Park турак жай комплекси, бул жерде Тимур Токаевдин батири бар.

Токаевдин сырлары Европанын дагы сыртына чыккан. Пандора Архивиндеги документтер аркылуу кабарчылар байманаптар мүлктөрүн жашыруу үчүн колдонгон юрисдикциянын изине түшүшкөн, ал илинчек Британиянын Виргин аралдарына дейре алып барган. Бул издерге алып чыккан офшордук кызмат көрсөтүүчүлөрдүн файлдар жыйнагын Иликтөөчү Журналисттердин Эл аралык Консорциуму OCCRP менен бөлүшкөн.

2012-жылы, Токаевдердин Credit Suisse’тагы эсеби жабылгандан бир жыл өткөн соң үй-бүлө Британиянын Виргин аралдарында эки офшордук компания түзгөн: Токаевдин мурдагы жубайына таандык Wishing Well Group Inc жана Тимурга таандык Wisdom Invest & Finance Inc. Бул фирмаларга байланыштуу эң эле белгилүү кыймыл деп Улуу Британиянын Edelweiss Resources LLP компаниясына ээлик кылууну атаса болот. (Маалыматтар бул оффшордук компаниялардын ар биринин Швейцариянын банкында эсеби болгонун көрсөтүп турат).

Edelweiss кыскартылган гана каржылык отчётун берип жүргөндүктөн, компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу чакан эле маалымат бар. Бирок 2014-жылдын март айына карата акыркы отчётунан ал убакта компаниянын банкта 4 миллион АКШ доллар накталай акчасы жана инвестицияларда 1 миллион АКШ долларга жакын акчасы болгонун көрүүгө болот.

Ошол эле 2014-жылдын жай айларында Токаевдер инвестициясын тереңирээк катуу үчүн дагы бир кадамга барышкан. Үй-бүлөнүн ишин алып барган Кипрдеги каттоо агенти Британиянын Виргин Аралдарындагы кеңсесине кайрылып, фирмалардын ээси кылып номиналдуу акционерлерди же ортомчуларды дайындоону жана ээликтен Токаевдердин эскерилүүсүн алып салууну сураган. Бул Токаевдерге жеке менчигин эффективдүү жашырууга жардам бермек. Сурам электронук кат менен келген, ал Пандора Архивинде сакталып калган. Андан бери Токаевдин үч компаниясы тең жабылган.

Казакстандын мамлекеттик кызматкерлери мыйзам боюнча декларациясын ачык жарыялоого милдеттүү эмес, андыктан Токаевдердин миллиондорунун булагы табышмак бойдон калууда. Токаевдин үй-бүлөсү комментарий берүү өтүнүчүнө жооп берген жок.

Ал эми Credit Suisse банкы OCCRP жана Süddeutsche Zeitung гезитинин катына жооп берип, кардарларынын ортосундагы мамилеге комментарий бере албасын билдирип, «[банктын] болушу мүмкүн делген иш тажрыйбасы менен айыптарды» четке какты. (Банктын «Credit Suisse’тин сырлары» долбооруна берген толук жообун бул жерден окуңуз).