Орусия өзүн-өзү эгемендүү деп жарыялаган «Донецк» жана «Луганск» «элдик республикаларынын» көз карандысыздыгын тааныды. Алар Украинанын чыгышындагы орусиячыл сепаратисттик түзүмдөр болуп эсептелет. Ошондой эле Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путин аталган аймакка орус аскерлерин киргизүүнү тапшырды. Дүйнөлүк коомчулук Орусиянын мындай кадамын кескин айыптап, согуштук аракеттердин курчуп кетүү коркунучу жаралды деп билдирди.
«Клооп» болгон окуялардын эң маанилүүлөрүн чогултуп чыкты.
Сөз эмне жөнүндө болуп жатат?
21-февралдан 22-февралга караган түнү Орусиянын президенти Владимир Путин «Донецк эл республикасы» жана «Луганск эл республикасынын» көз карандысыздыгын таануу боюнча буйрукка кол койгон.
Бул 2014-жылдан бери созулуп келе жаткан Орусия менен Украинанын ортосундагы согушка тиешелүү маанилүү окуя. Бул өлкөлөрдүн ортосундагы тирешүү 2021-жылдын аягында кайра күчөп кеткен. Орусия Украина менен болгон чек арасындагы аскерлерин бекемдей баштаган.
2022-жылдын январынан бери АКШ бийлиги — Украинанын негизги союздашынын бири — Орусия Украинага, анын ичинде борбор калаа Киевге ачык эле кол салууну пландап жатканын кулак кагыш кылууда.
2014-2015-жылдары согуштук аракеттерде орусиянын аскерлери бар экени байкалганына карабастан, Орусия ушул күнгө чейин Украинага каршы согушта түздөн-түз катышып жатканын четке кагып келет.
Эми, Путин Орусиянын коргоо министрлигине «ДЭР» жана «ЛЭР» аймагына көзөмөл астында аскерлерди киргизүү буйругун бергенден кийин, орус аскерлери дээрлик 8 жылдан бери созулуп келаткан согуштун ачык оюнчуларына айлынды.
Эмне болгон «ДЭР» жана «ЛЭР»?
Украинанын Донецк жана Луганск облустарынын аймагы 2014-жылдын апрелинде Украинадагы төңкөрүштөн эки ай өткөндөн соң «элдик республикалар» деп жарыяланган. Анда орусиячыл президент Виктор Янукович бийликтен кулатылган.
Алардын «республика» деп жарыяланышы Украинадан Крымды басып алган жана азыр да көзөмөл жүргүзүп келген Орусиянын колдоосу менен ишке ашкан.
Ага карабастан, расмий Москва ал убакта «ДЭР» менен «ЛЭРдин» көз карандысыздыгын тааныган эмес, бирок ар түрдүү колдоолорду, биринчи кезекте аскердик колдоо көрсөтүп келген. Бул нерсе сепаратисттик күчтөр Орусиянын колдоосунун астында Украинанын айрым шаарларын басып ала баштаганда согуштун башталышына алып келген.
2014-жылы сентябрда Орусиянын дайымкы аскерлери биринчи жолу согушка тартылган — бул Украинанын армиясы бир нече жолу катары менен жеңишке жеткенден кийин болгон. Анда, 2014-жылы жайында, Украина Донбастын буга чейин басып алынган шаарларынын баарында көзөмөлүн калыбына келтирген эле.
Көп жагынан күчтүү болгон Орусиянын басымы Украинаны өзүнө анчалык пайдалуу болбогон «Минск келишимине» кол коюуга мажбур кылган. Анда тараптардын жарашуусу жана аймактарды бөлүүчү так чек ара сызыгын орнотуу камтылган.
Ошондон бери сепаратисттер Украинанын Донецк жана Луганск облустарынын белгилүү бир бөлүгүн гана көзөмөлдөп келишкен. Көпчүлүк өлкөлөр жана эл аралык уюмдар сепаратисттер көзөмөлдөгөн аймакты Украинанын аймагы деп таанышат.
Путиндин «ДЭР» жана «ЛЭРдин» көз карандысыздыгын таануусу — бул минск келишимин бузуу болуп эсептелет.
Украинанын реакциясы
Путиндин чыгарган жарлыктарынан көп өтпөй, Украинанын президенти Владимир Зеленский элге кайрылуу жасады. Анда «Орусиянын билдирүүлөрүнө карабастан» Украинанын чек аралары эл аралык коомчулук тааныгандай кала берерин белгилеген.
«Биз өз жерибиздебиз. Биз эч кимден, эч нерседен коркпойбуз. Эч кимге карыз да эмеспиз. Биз эч кимге эч нерсе бербейбиз. Муну ишенимдүү айта алабыз. Анткени азыр 2014-жылдын февралы эмес, 2022-жылдын февралы. Башка өлкө, башка армия. Бир гана максат бар — Украинанын тынчтыгы», — деди ал.
Зеленский Орусиянын кадамы «тынчтык үчүн аракеттерди жана сүйлөшүү форматын» бузуп жатат деп белгиледи.
Муну дүйнөлүк коомчулук кандай кабыл алды?
АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгү Орусиянын өзүн-өзү эгемендүү деп жарыялаган «ДЭР» жана «ЛЭРдин» көз карандысыздыгын таануусун айыптады.
Еврокомиссия жана Еврокеңештин төрагалары Шарль Мишель менен Урсула фон дер Ляйен Орусиянын аракетин Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана «эл аралык укукту одоно бузуу» деп аташты.
Германиянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын бул кадамдарына экономикалык чаралар менен жооп берерин белгиледи. Ал эми Франциянын президенти Эммануэль Макрон БУУнун алдында Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чогулушун жана Орусияга карата санкция киргизүүнү талап кылды.
АКШ да санкция киргизүүнү пландап жатат — АКШнын президенти Джозеф Байден бул тууралуу бир нече жолу айтып, Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө да кайталады.
БУУда сепаратисттик «республикалардын» таанылышын сындады. Уюмдун расмий өкүлү Орусиянын кадамы — «Украинанын аймактык бүтүндүгү менен суверендүүлүгүн бузуу жана БУУнун уставынын принциптерине дал келбейт» деп белгиледи.
«БУУ Украинанын суверенитеттүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн толук колдойт», — деп кошумчалашты БУУдан.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында эмнелер айтылды?
БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйыны 22-февраль түнү өттү.
БУУнун башкы катчысынын орун басары Розмари Дикарло «алдыдагы сааттар жана күндөр өтө оор болорун, чоң чыр-чатак чыгып кетүү коркунучу реалдуу жана кандай гана болбосун алдын алуу керек» деп билдирген.
«БУУнун эң таасирдүү органы түн экенине карабастан чогулуш өткөргөнү Москванын кадамы канчалык олуттуу экенин айгинелейт. [...] Бул конфликтке тартылган бардык тараптар согуштук аракеттерди токтотууга көңүл бурушу керек», — деп келтирет Дикардонун айтканын Deutsche Welle басылмасы.
Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя бул кризисти дипломаттык түрдө чечүүгө Орусия дагы деле даяр экенин айтып, Орусия Донбаскта «кандуу жаңы согушка жол берүүгө ниети жок» деп ишендирди.
Бирок АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас-Гринфилд Путин «Минск келишимин ыдыратып салганын» жана Орусиянын азыркы аракеттери «Украинага басып кирүүгө шылтоо жаратууга ачык негиз» экенин айтты.