Орусиянын Украинага кол салышынын шартында рублдун куну кескин түшүп кетти

Сүрөт: «Клооп»

Кыргызстанда рублдун куну 24-февралда 70-90 тыйынга чейин түшүп кетти. Бүгүн таң эрте Орусия Украинага кол салууну баштаган. Мунун шартында орус валютасы кескин арзандады.

Учурда Кыргызстандын Улуттук банкынын сайтында бир рублдун курсу 1,05 сомго барабар экенин көрсөтүүдө.

Анткен менен айрым банктар — Demir Bank, «Бакай Банк», «Кыргызкоммерцбанк», «АКБ Кыргызстан», «Айыл Банк», Capital Bank жана «Халык Банк» рублду 70 тыйындан сатып алышууда. Башкалары орус валютасын 90-95 тыйынга баалашууда.

Ал эми акча алмаштыруу бюролорунда бир рубль 85 тыйындан сатылып алынып жатканы кабарланууда. Буга чейин рублдун орточо курсу 1,1 сомду түзгөн.

Ал арада Орусияда доллар кескин кымбаттай баштады. Маалыматка ылайык, орусиялык банктарда бир доллар 87-88 рублга чейин өтскөн. Буга чейин доллардын курсу 77-78 рублга барабар болчу.

Ал эми Орусиянын Улуттук банкы доллардын курсун 80 рубль деп маалымат берүүдө.

Орусиянын Украинага кол салуусу

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралга караган түнү Украинага карата аскердик операцияларды баштаганын жарыялаган. Анын айтымында, операциянын максаты — «8 жылдан бери геноцидке кабылган адамдарды коргоо».

Путин украиналык аскерлерден куралдарын таштоону талап кылып, Орусия Украинанын чек арасын «демилитаризация жана денацификациялоого умтулат» деп билдирген.

Украиналык басылмалар Харьков, Мариуполь, Краматорск ал тургай Киев шаарында дагы жардыруулар болуп жатканын жазып башташкан. Украинанын ички иштер министрлиги Киевди канаттуу жана баллистикалык ракеталар менен аткылап жатканын тастыктаган.

Путин кайрылуу жасаганга чейин, бир нече саат мурда жикчилдердин «Донецк жана Луганск эл республикаларынын» башчылары ага кайрылып, Украинанын «агрессиясынан коргонуу үчүн» жардам сурашкан. Анда достук жана өз ара көмөктөшүү тууралуу Орусия менен түзүгөн келишимдерди эске салышкан.

21-февралда Орусия өзүн-өзү эгемендүү деп жарыялаган «Донецк» жана «Луганск» «элдик республикаларынын» көз карандысыздыгын таанып, эртеси күнү орус парламентинин эки палатасы тең алар менен кызматташуу жана достук жөнүндө келишимдерди ратификациялаган. Федерациянын Кеңеши (парламенттин жогорку палатасы) ал жакка «тынчтык орнотуучу миссия» деген жүйөө менен орус аскерлерин киргизүүгө уруксат берген.