Алдын ала жыйынтык: Свердлов округу боюнча Абдурахманхаджи Муртазалиев алдыда

Абдурахманхаджи Муртазалиев.

Бишкек шаарынын Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунда кайра шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча спортчу Абдурахманхаджи Муртазалиев алдыга чыкты.

БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, автоматтык эсептөөчү урналардын 100%ы саналып бүттү. Аталган округда 106 549 шайлоочу бар, алардын ичинен 33 047 киши же жалпы шайлоочулардын 31,02%ы кайра шайлоого катышты.

Муртазалиев үчүн 5597 адам же шайлоочулардын 17,28%ы добуш берген. Ал Джиу-джитсу улуттук федерациясынын президенти. Муртазалиев 2017-жылы грэпплинг боюнча Азия чемпиону, 2019-жылы джиу-джитсу боюнча Дүйнө чемпиону болгон.

Кайра шайлоонун алдын ала жыйынтыгы. БШКнын сайтынын скриншоту.

Экс-депутат Шайлообек Атазов талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиевден 0,72%га аз добуш алды. Атазов үчүн шайлоочулардын 16,56%ы же 5367 киши добуш берди.

Атазов 2021-жылдын 7-мартында «Ата Мекен» фракциясынын Жогорку Кеңешке депутат болгон. Ошол эле жылы өткөн парламенттик шайлоого ал №8 Төлөйкөн шайлоо округунан катышып, бирок Нурбек Алимбековго жеңилип калган.

Атазов кикбоксинг боюнча дүйнө чемпиону. Ал 2010-2015-жылдары Ош шаардык кеңешинин депутаты болгон. Ошол эле учурда Атазов Ош шаарындагы «Унаа токтотуучу жайлар, унаа гараждары» дирекциясын, «Ош-Тазалык» ишканасын жана «Жүргүнчү транспорту» агенттигин жетектеген.

Спортчу таасирлүү Матраимовдор үй-бүлөсүнүн жакын адамы болуп эсептелет. Атазов 2018-жылдан тарта Руслан Матраимов жетектеген EREM спорттук клубунда башкы машыктыруучу болуп иштеп келет.

Кыргызстанда 2021-жылдын 28-ноябрында парламенттик шайлоо аралаш система менен өткөн. Анын ичинен 54 депутат партиялык тизме менен, 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан шайланган.

Кыргызстанда 2021-жылдын 28-ноябрында парламенттик шайлоо аралаш система менен өткөн. Анын ичинен 54 депутат партиялык тизме менен, 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан шайланган.

Бирок шайлоодо Свердлов жана Биринчи май округунда «Баарына каршы» добуш бергендер алдыга чыгып, кайра шайлоо жарыяланган.

Бүгүн, 27-февралда, аталган эки округда кайрадан парламенттик шайлоо өттү. Жогорку Кеңешке кайра шайлоодо №27 Биринчи май округунан 25, №29 Свердлов округунан 25 талапкер депутаттыкка ат салышты.

«Клооптун» байкоочулары кайра шайлоого байкоо салышууда. Үч шайлоо тилкесинде — №1337, №1313 и №1213 — алар адамдар шайлоочулардын идентификациялык номурун жазып жатышканына күбө болушкан. Башка участоктордо добуш берүүнүн купуялуулугу жана үгүт материалдарын таратуу боюнча бузуулар катталган.