«Манас» эпосу жөнүндө немис тилинде комикс чыкты

Германия элчилиги «Манас» эпосу боюнча немис тилиндеги комикс чыгарды. Бул тууралуу маалымат элчилик Фейсбук барагында билдирди. Элчиликтин маалыматына ылайык, китеп кыргыз-немис дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына арналган.

«“Манас”» эпосу классикалык кыргыз адабиятынын эң маанилүү эпосу, ошондой эле түрк элдеринин эң көрүнүктүү чыгармаларынын бири. Биз жаңы эле басмадан чыккан алгачкы барактарыбызды колубузга кармагандан ырахат алдык!» — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

2017-жылы Кыргызстандын Германиядагы элчилиги «Манас» эпосун немис тилине которулган версиясын презентация кылган. Эпос белгилүү окумуштуу, түрколог жана тилчи Вильгельм Радлов тарабынан которулган.

«Манас» — ири кыргыз эпосу. Ал адамзатынын маданий мурастарынын тизмесине жана «дүйнөдө эң ири эпос» катары Гиннес китебине кирген. Ал үч бөлүктөн турат: «Манас», «Семетей» жана «Сейтек».