Адамдардын эс тутумунда окуялар убакыттын өтүшү менен өчүп, бара-бара унутулат. Ал эми сүрөттөр эскиргени менен эч качан карыбайт. Кылымдар алмашса дагы сары алкакка салынган сүрөттөгү кыз, бала же чоң үй-бүлө кадрда ошол эле бойдон, ошол кездеги кубанычы, кайгысы менен сакталып кала берет. Келгиле бул эски сүрөттөгү жылмайган сулуу кыздын окуясын кайрадан жашап көрөбүз.
Материалдын оргиналы Esimde изилдөө тобунун сайтында жарыяланган.
Esimde долбоору Орусиянын Улуттук музыка музейинин фондунан ооз комузда ойногон кыздын сүрөтүн тапты. Сүрөт «Кыргыз кызы» деп аталып, Орусиядагы бардык музейлердин электрондук каталогуна жарыяланган.
Сүрөт 1939-жылы Кыргыз искусствосунун декадасынын алкагында Москвада өткөн Бүткүл союздук айыл чарба көргөзмөсүндө тартылган.
Esimde долбоору кыздын сүрөтүн соцтармакка жарыялагандан кийин катталуучулардын бири таанып, чоң апасы экенин билдирген. Ошентип музыкалык аспап кармаган кыргыз кызынын сүрөтү кайрадан жанданды.
«Бул сүрөттө менин апам Ажар, быйыл жүзгө чыкмак эле. Сүрөттү биринчи жолу көрүп жатабыз. Апам жаш кезинде Москвага барып, темир комуз черткенин айтып калчу», — деп жазган уулу Кубанычбек.
Ал апасы жөнүндө Esimde долбооруна айтып берди. Биринчиден, музейдеги сүрөттөгү кыздын аты — Ажар Карачинова. Сүрөттө ал 18 жашта болчу.
Ал 1921-жылы Самансур кыргыз айылында (азыркы Чүй облусунун Кемин району) жылкы, төө, бодо мал жана кой-эчки кармаган бардар үй-бүлөдө туулган.
Атасы Карачин менен апасы Шайырбүбү кызы Ажарга ал кезде прогрессивдүү деп саналган, өзгөчө кыздар үчүн жакшы сегиз жылдык билим берүүгө жетишкен. Ата-энеси да улуттук аспапта темир-комуз (ооз комуз) чертип, музыкага, ырга болгон сүйүүсүн арттырышкан.
Мектепти аяктагандан кийин Ажар башталгыч мектепте мугалим болуп, кыргыз тилин латын алфавитинде, кийин кириллицада окутат. Ошол эле учурда Ажар өзүнүн музыкалык жөндөмүн темир-комузда ийгиликтүү өрчүтүп, окуучуларына бул аспапта ойногонду үйрөткөн.
Ажар темир ооз комузду жакшы ойногондуктан 1939-жылы кыргыздын белгилүү жана таанымал артистери, музыканттары, маданият жана искусство ишмерлери менен бирге Москванын кыргыз искусствосу декадасына катышкан.
Андан кийин согуш жылдарында Ажар мектептеги мугалимдик кесибин таштап, тылда иштеген. Согуштан кийинки жылдарда турмушка чыгып, эки кыз, эки уулду болгон.
Арадан 30 жыл өткөн соң,1969-жылы 1939-жылдагы декаданын баардык катышуучулары майрамдык салтанатка катышып, алардын аткаруусундагы чыгармалар Москвадагы «Мелодия» фабрикасында грампластинка түрүндө басылып чыккан.
Ажар 1984-жылы узакка созулган оорудан кийин каза болуп, сөөгү Бишкек шаарынын Түштүк-Батыш көрүстөнүнө коюлган.