«Клооптун» онлайн журналистика мектебинин катышуучулары практика учурунда.

«Клооп» басылмасы аймактардагы журналист жана активисттер менен кызматташууну каалайт. Анткени, ал жактагы социалдык маселелерди, мамлекеттик кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттерин, бюджеттик каражаттардын кандайча сарпталып жатканын, элге үлгү болчу, кызыктуу каармандарды сиздер гана жакшы билесиздер жана жеткиликтүү чагылдыра аласыздар.

Биз болсо маалыматты чагылдыруу үчүн керектүү болгон бардык билимибиз жана тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз. Ошондуктан азырынча Жалал-Абад менен Баткен шаарларында мультимедиалык журналистика боюнча бир жумалык тренингдерди өткөрөбүз.

Алгачкы тренинг Жалал-Абад шаарында 28-мартта башталып, 2-апрелге чейин уланат. Окутуу «Сорос Кыргызстан» фондунун колдоосу менен ишке ашууда.

Эмне үчүн «Клооптун» тренинггине катышуу керек?

Биз Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМКлардын бирибиз. «Клооп» негизделгенден тартып онлайн журналистика мектептерин өткөрүп, кесипкөй журналисттерди даярдап келет.

Тренинг маалында сиздерге мультимедиалык журналистиканы үйрөтөбүз. Анда жаңылык жана макала жазуудан тышкары мобилдик телефондон фотосүрөт тартууну жана видео репортаждарды даярдоону өздөштүрө аласыз.

Андан сырткары, маалыматты кантип текшерүүнү, Мамлекеттик сатып алуулар порталы кандай иштерин, медиа мыйзамдарды түшүндүрүп беребиз.

Алган билимиңиз сизге жашаган аймагыңыздын көйгөйлөрүн чагылдырууга жардам берет. Тренингден кийин биздин журналисттер сиздер менен иштешип, даярдалган материалдар «Клооптун» сайтына жарык көрөт.

Окутуу Жалал-Абад шаарында акысыз өтөт. Эгер сиз облустун башка аймактарынан келсеңиз жол кире жана жатакана маселесин өзүңүз чечишиңиз керек болот.

Кошумча суроолоруңуз болсо 0772 300 336 номуруна чалсаңыз болот.

Билдирменин негизинде 15 катышуучу тандалып алынат.

Тренингге катышуу үчүн төмөнкү онлайн билдирмени 23-мартка чейин толтуруп жөнөтүү керек.