Кыргызстан — Орусия багытында кайсы авиакомпаниялар учуп жатат?

Орусиялык авиакомпаниялар санкциялардан улам эл аралык каттамдарын токтотту, анын ичинде Кыргызстанга да учактар учпай калды.

Биринчилерден болуп S7 Airlines компаниясы каттамдарды токтотуу чечимин кабыл алган. Алар 5-марттан тартып бир нече багыттагы Новосибирск, Москва, Владивосток жана Красноярск каттамдарын токтоткон.

Орусиялык «Аэрофлот» авиакомпаниясы 8-марттан тарта бардык эл аралык рейстер токтотуларын кабарлады. Компания мындай чечимин, «учууларды аткарууга тоскоол болгон кошумча жагдайлардын келип чыгышы менен» түшүндүргөн.

Ошондой эле орусиялык «Азур эйр» компаниясы да эл аралык рейстер токтогонун кабарлады.

«Уральские авиалинии» компаниясы азырынча Кыргызстан багытындагы каттамдар токтотулганы тууралуу расмий билдире элек, бирок авиакомпаниянын онлайн таблосунда 7-мартта Бишкек — Екатеринбург рейсти токтотулганын көрүүгө болот. Бул жаңылык жарыяланып жаткан учурда компаниядан «Клооптун» телефон чалуусуна жооп беришкен жок.

Бирок, бул Кыргызстандан Орусияга же тескерисинче Орусиядан Кыргызстанга каттаган авиакомпаниялардун толук тизмеси эмес. Кыргызстандын «Авиатрафик» жана «Эйр Манас» компаниялары Бишкек жана Ош шаарларынан учуусун токтоткон жок. Учуулардын графигин «Манас» аэропортунун сайтынан көрүүгө болот.

Украинага бастырып киргенден кийин Орусиянын авиакомпаниялары дагы бүткүл өлкө сыяктуу эле эл аралык санкцияларга туш болду. Орусиялык жарандык учактардын дээрлик жарымы лизинге(батыш компанияларынан ижарага алынган) алынган.

Санкциялардан улам ижарага берүүчүлөр учактарын Орусиядан чакыртып алууга милдеттендирилди. Эми орусиялык авиакомпаниялар ижарага алган учактар чет өлкөгө учса ошол жерде камакка алынышы ыктымал.