Кыргызстандын Юстиция министрлиги аткаруу бийлигинин жетекчилерин жана алардын орун басарларын чечим кабыл алууда кетирген каталары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартпоону сунуштады. Министрликтин мындай мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты.
Ведомство кетирилген каталарды кылмыш деп эсептелбей турган жоруктарга теңөөнү сунуштап жатат (КР КЖК 53-беренеси).
Бирок Юстиция министрлигинен бул Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинен 347-беренесине чейинки каралган «пайда көрүү же жеке кызыкчылыктан улам жасалган» кылмыштарга тиешеси жок экенин белгилешти. Бул беренелерге «Коррупция», «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Мыйзамсыз баюу» жана башка оор кылмыштар кирет.
Бул эмне үчүн керек?
Мыйзам долбоордун маалымкат-негиздемесинде мыйзам долбоорунун максаты жана милдети «аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин жана орун басарларын коргоо механизмин түзүү» экени айтылат.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери акыркы жылдары мамлекеттик кызматкерлердин активдүүлүгү төмөндөп баратканын жүйө келтиришкен. Алардын баамында, буга укук коргоо органын көптөгөн текшерүүлөрү себеп болууда.
«Укук коргоо органдарынын иш-аракеттери коркуу жана ашыкча этияттык атмосферасын түзүп, мамлекеттик кызматкерлердин аракетсиздигине алып келүүдө. Аткаруу бийлигинин жетекчилеринин чечкиндүү кадам жасоого мүмкүнчүлүгү болууша тийиш», — деп эсептейт Юстиция министрлиги.
Маалымкат-негиздемеде «коюлган тапшырмаларды натыйжалуу аткаруу, аткаруу бийлигиндеги органдардын жетекчилеринин демилгелерин колдоо жана стандартуу эмес чечимдерди кабыл алууга стимул берүү үчүн» коргоо механизмин иштеп чыгуу керек деп белгиленет.